Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Мээнин жашы жүрөктөн чыккан кан болот


Исмаил Исаковго боштондук талап кылган каршылык акциялары, Президент чакырган Ынтымак курултайы гезиттердин башкы темасы болуп чыгып жатат.

“Ынтымак Курултайы биримдикти арттырат” деген аталышты коштоп, президент Курманбек Бакиевдин сүрөтүн 1-бетине баскан “Кыргыз туусу” гезити Бакиевдин Курултайды чакыруу жөнүндө телекайрылуусун жана Курултай боюнча чыгарган жарлыгын, жобосун, Ынтымак Курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 15 кишиден турган курамынын тизмесин жарыя кылды.

Гезитте айтылуу нейрохирург Миталип Мамытовдун маеги окурмандарга сунушталган. Кырк жыл ичинде миңдеген адамдардын мээсине операция жасап, далайларды ажал оозунан алып калган атактуу академик Мамытов керек болсо мээ да ыйлап, кадимкидей көз жаш төгөрүн, көздүн жашы каректен чыккан суу болсо, мээнин жашы жүрөктөн чыккан кан болорун, мээ өтө кыйналганда же киши мас болуп катуу жыгылганда өзүн өзү жазалап да жиберерин... ошондо мээ жарыктык көпкөн камыр сындуу чанагынан ашып-ташып, жаракага, жикке бөлунүп... алтургай чачылып кетиши мүмкүндүгүн, ар бир мээ өзүнчө керемет, көйкөлгөн токой, чалкыган көл, тоо боорунан шылдарып аккан булакка окшош экендигин баяндап берген.

Ушул эле сандан таланттуу жазуучу Касым Кушубеков менен, Кокон хандыгынын тарыхын 34 жыл изилдеген казак окумуштуусу Тимур Бейсембиев менен кабарчылардын маегин, “Бата” деп аталган борбордун гезит бетиндеги талкуусун ж.б. окуй аласыздар.

“Кыргыз руху” гезити Айзада Авазованын “Эң таза мамлекеттик ишмер кылмышкер болдубу?” атуу макаласына орун берди. Журналист генерал И. Исаковдун Үзөңгү-Куушту балапанын коруган чымычыктай чырылдап коргоодогу жана Аксы окуясындагы жасаган опол тоодой иштерин элдин эсине салып: “ Бакиевдин айланасындагы башка чиновниктер эл байлыгын үйүнө ташыса Исаков өзүнө тиешелүү ырыскыдан элге ташыгандыгы үчүн шаардагы баласынын үйү жок, айылдагы ата-энесинин үйү жаңырбай турат. Кана кайсы министр ушундай социалдык абалда жашайт? Исаков жөн эле кургак чиновник эмес, улут үчүн жанын сабаган улуттук генерал. Эми ушундай мекенчил, чыныгы мамлекеттик ишмерди, элдик генералды кылмышкер катары камоо барып турган карөзгөйлүк эмей эмине? Биздин бийлик мыктынын мыктысын түрмөгө отургузду” деди.

Гезитте мындан тышкары журналист Азизбек Келдибековдун “Кыргыз саясатынын “кара магиясы” аттуу макаласын, ЖК депутаты Улугбек Ормоновдун “Сот саясый шоу үчүн чечим чыгарган жок” деген аталыштагы интервьюсу жана башка макалалар бар. “Акжолчу” У. Ормонов генерал Исаковду жакшы билерин, сот чечимин урматтоо керектигин, жөн эле ар кай жерден чыккан кишилерге жетеленип алып, ой жоромолдоп, элдин башын айланта берүү жарабай турганын, чыныгы укуктук мамлекет кургубуз келсе бардыгыбыз мыйзам чегинде жашап, мыйзам алдында бирдей жоопкер болушубуз керектигин айткан.

“Агым” гезити Адахан Мадумаров бүгүн-эртеңдерден күчүн бизнестен сынаганы калганын, ал жакында Бишкектин “Вета-Сторес” соода түйүнүнүн баш деректиринин тууруна конору, Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажыратылганы, анын “Хундай”, “Ауди – 100”, “Ниссан- Максима” үлгүсүндөгү автоунаалары конфискацияланып, мамлекет казынасына 1 млн.113 миң сом төлөмөй болгону жөнүндө кабар таратты.

Журналист Олжобай Токтосуновдун “Кайра иштетүү тармагы качан мол болот?” деп аталган макаласында бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда айрым бир чакан ишканаларды эсепке албаганда мамлекеттик деңгээлдеги кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу талдоого алынган.

Автор агрардык университетте окуган таанышынын баласынын: “Казактар бизден банкадагы помидорду сатып алып, аны кетчуп кылып кайра өзүбүзгө 5 эсе кымбат кылып сатат экен” дегенин, канча жылдан бери карай Таластагы төө буурчакты түрктөр мекенине ташы кетип, аны кайра иштетип, Европага экспорттоп келатканын, тилекке каршы эмдигиче бизде буга карата программа жоктугун кейиш менен кеп кылган.

“Форум” гезитинин 3-саны жарыкка чыкты. Гезит Алмаз Темирбек уулунун “Башмыйзам кимге бак ачат?” аттуу макалага окурман көңүлүн буруп, анда Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жаңы долбоордун маани-маңызын чечмелеген.
Жаңы эле спикер болгон Зайнидин Курмановдун: “Пакистанды карап көрсөк, ал жерде деле үйбүлөлүк традициялар бар. Бхутто премьер-министр болгон, андан кийин эки жолу кызы болгон, кызы өлтүрүлгөндөн кийин анын күйөөсү президент болду. Польшада ага-инилер, бири президент, экинчиси премьер-министр болуп турду. Бизде ушундай болбош үчүн Конституцияга норма киргизилип жатат” деп айткан сөзүн мисал кылат автор макаласында.

Ушул эле гезитте “Биз Исмаил Исаков үчүн сизди колдоп бергенбиз” деген ат менен президент К. Бакиевге Чаткал элинин кайрылуу каты басылды. Катта чаткалдыктар Бакиевди депутат болорунда да, президент болорунда да генерал Исаков келип колдоп бергиле дегенининен улам колдоп бергенин ажонун эсине салып, Исаковду түрмөдөн бошотууну суранышкан. Катка Чаткал айыл өкмөтүнун 150 кишшиси кол койгон.

Парапсихолог, көзү ачык Мелис Карыбеков Асан Тегинин сандан санга жарыяланып келаткан баянынын аты бул жолу “Жыландын мүйүзү” деген ат менен жарык көрдү.

“Пресс kg” гезити баш макаласын “Каргаша” деген рубрика алдында “Гаити- Кыргызстан окшоштугу же ата-бала башкаруусу” деп атап: “Үйбүлөлүк башкаруу системасынын айынан Гаити өлкөсү экономикалык кризистен башы чыкпай, дүйнөдөгү эң бечара өлкөгө айланган. Мындай чабал өлкөдө курулуштар да жүрнарыга салынып эптеп-септеп, сапатсыз курулары белгилүү. Ошондон улам зилзалага туруштук бералбай жүз миңдеген адамдар кырылып калды” деп жазып, журналист Асылкан Шайназарова Гаити президенти менен Кыргыз президентинин жүргүзгөн саясатынынын окшоштугун баяндаган.

Гаити өлкөсүндө да репрессия жолу менен жасалма стабилдүүлүк түзүлүп, сөз эркиндиги, атуулдук эркиндик түп-тамырынан буулуп, профсоюз уюмдары жоюлуп, алардын лидерлери түрмөгө олтургузулганын, кийин атасынын ордуна 19 жаштагы баласы президенттикке келип, ал да саясый репрессияны күчөтүп, чет өлкөгө качкан качкындарынын саын 4 миңге жеткенин мисалдап, жакшы жашоо издеп Орусияга жана башка өлкөлөргө оогон кыргыздарды, оппозицияга жана мээсинде башканын эмес өзүнүн ою бар адамдарды кыргыз бийлигинин куугунтукка алып жатканын кеп кылган.

“Эмнеси болсо да, Жараткан бөөдө кырсыктан алыс кылса экен!” деп жыйынтыкка келет аягында автор.

Ушул эле басылма “Пиррдин жеңиши” деген макаланы сунуш кылды. Анда минтип жазылат: “Журналист Г. Павлюктун өлүмүнүн айланасындагы окуялар президенттин “үйбүлөлүк” кланындагы ичара тирешкен эки топтун таймашына да өзгөртүү киргизиши мүмкүн. Учурдагы саясый кырдаалга баам салып, Максим Бакиев башында турган “космополиттер” тобу Жаныш Бакиев жетекчилик кылган “традиционалисттер” тобунун үстүнөн жеңишке жетишип, өлкөдөгү бүт бийликти колго алды деген бүтүм чыгарган элек” деп белгилеп, Максим Бакиев Кытай сапарында өзүнүн мыйзамсыз ээлеген кызмат даражасынын статусуна карабай өзүнөн даражасы чоң мыйзамдуу жетекчилерди “мурдунан жетелеп” жүргөнүн, “ханзаада” Бакиев президент Бакиев кол койгон мыйзамдарды да, эларалык протоколдорду да уруп ойнобогондугун, албетте Максим Бакиев башында турган “космополиттердин” бул жеңиши тарыхта айтылуу “Пиррдин жеңишин” эске салып, Жаныш Бакиевдин командасына кошумча упай топтоп жатканын кыйытты.
XS
SM
MD
LG