Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Гезит баяндамабыз учурдагы маселелер туурасында болмокчу.

“Түндүкэлектро” менен “Телекомдун” сатылганын бүгүн жарык көргөн “Назар” гезити да жазды.

“Акыркы бурулуш” деп аталган баш теманын алдындагы ой-пикирлер бийлик менен оппозиция туурасында болду. Саясатчы Азимбек Бекназаров өлкөнү биртоптон бери Курманбек Бакиев башкарбай эле анын кичүү уулу Максим Бакиев менен иниси Жаныш Бакиев башкарып калганын айтса, Алмазбек Атамбаев бийликтин Масаулов баштаган саясый технологдору Бириккен Элдик Кыймылын саясый аренадан сүрүп чыгаруу максатында жасалма оппозиция түзүү менен алек болуп атканын айтты. Кыргызстандын патриоттук кыймылынын төрагасы Назарбек Нышанов болсо азыркы бийликке таптакыр таза адамадар келбесе, орногон системаны бүгүн оппозияда жүргөндөр да өзгөртө албастыгын белгиледи. Мындан башка да ойлор айтылган. Мисал келтирели.

Саясат таануучу Марс Сариев: - Азыр байкап атасыңар, Темир Сариев да сүйлөй баштады. Позициясын күчөтүп жатат. Менин оюмча бул Акүйдүн стратегиялык маневру болушу ыктымал. Себеби Курултай жакындап келатат. Ушундай күчтөр, Мадумаров, Сариев оппозицияга, конструктивдүү оппозицияга өтүп, ошондойлор көбөйсө, мүмкүн курултайдан кийин чоң оппозициялык топ түзүлүп калат да, Тургуналиев, Исаков, Бекназаров сыяктуу радикалдуу оппозиция оппозиция талаасынан чыгып калат. Ушул багыттагы атайын кадамдар жасалып жатат деп ойлоймун.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев: - Башкаруу реформасынын багытына нааразы болгондор элдин эле эмес, бийлик чөйрөсүндө да көп болуп атат, жактырбагандар, мындан көрө башкаларды тандасак болмок экен деген кеп бар. Булардын минтип ачыкка чыга баштаганынын себеби бар, жанагы Конституцияга өзгөртүү киргизип, Президенттик кеңеш эле президентти дайындап коет дегени Конституцияны одоно түрдө бузуу. Илгери кийин адилет шайлоо болсо мен ушул жакка баралам го дегендердин үмүтү таш каап, каршы чыкканга аргасыз болуп жатат. Бул каршылашуунун башы гана.

“Ачык саясат” гезити Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын бири Абдыганы Эркебаевдин “Чакан ГЭСтин” артында Ширшовдун карааны тургандыгы ачык айтыла баштады” деген интервьюсун сунуш кылды. Эркебаев “Түндүкэлектрону” сатуу маселеси керек болсо Акаев учурунда да козголуп, бирок сатууга батынбаганына, анткени агездеги ЖК жол бербегенине, 90-жылы казактар ушул өңдүү объектисин сатып жиберип, карайлап калгандан кийин оңбогондой акчага кайра сатып алганына, Грузияда да ушундай болгонуна токтолгон. Академик мырза өлкөдө көшөгө артында энергобарондор пайда болгонун, ошол эле “Чакан ГЭС” дегендин артында Айдар Акаевдин досу Ширшов тургандыгы азыр ачык айтыла баштаганын белгилеп, дүйнөнүн мен деген капиталисттик өлкөлөрүндө деле бул сыяктуу маанилүү ишканалар мамлекеттин гана көзөмөлүндө болорун мисалдар менен көрсөткөн.

Эркин гезиттердин дээрлик баары Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаровдун “Азаттыктын” кабарчысына берген маегин көчүрүп басышты.

Ушул эле санга азыр чет өлкөдө жүргөн саясатчы Бакыт Бешимовдун “Кыргызстанда өлкөнүн коопсуздук системасынын ордуна башкаруучу кландын коопсуздук системасы бекемделүүдө” деген аталыштагы макаласы жарык көрдү. Бешимов: “Кыргыз мамлекетинин өзөгүн бийликти кылмыштуу жол менен басып алган криминалдык топтор түзүүдө” деп белгилеп, кезинде депутаттык иликтөө жүргүзүп, мамлекеттик органдардын ичинде кылмыштуу пландары бар жашыруун уюм уюушуп, бекемделип жатканын билгенине, анын максаты – учурдагы режимди кандай гана болбосун сактап калуу экендигине көңүлдөрдү бурган.

“Форум”
гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Ата-бабалардын арбагын да сатабызбы?!” деген макаласы менен жаңы санын ачып, “Түндүкэлектро” менен “Кыргызтелеком” сатылганын, эмики кезек калк эс алчу Ала-Арча мамлекеттик коругуна жеткенин, имиштерге караганда мындан ары бул жакка ири аткаминерлер гана эс алып, карапайым калктын кирүүсүнө тыйуу салынарын, мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаевге шаардын Ысык-Көл мейманканасынын жанынан гектарлаган жер берилип, фундаментин курган боюнча үлгүрбөй калганын, революция болуп, жер мамлекетке өттү делген менен, бүгүн бул аймакта курулуш жанданганын, тактала элек маалыматтарга караганда өлкө башчысы баш болгон 2-3 кишиге резиденция курулуп жатыптыр деген кеп тараганын, эгер мындай болсо мурдагы резиденциянын ээси ким болор экен деген кабарларды маалымдады.

Ушул эле гезит Кыргызстандын калкы жыл өткөн сайын азайып баратканын, маселен Орусиянын миграция кызматынын басма сөз катчысы Е. Панкратованын айтымында, мурдагы жылы 43 миң кыргызстандык орус жарандыгын алса, өткөн жылы 41 миң кыргызстандык ушундай укукка ээ болгонун айтты деп кабар кылды. Кыргыздар Орусияга эле эмес дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө кетип жатканы да маалым. Бул “көч” улана берсе Кыргызстан 50 жылдан кийин эки жарым млн. калкынан ажырарын, ансыз өлкөнүн түштүк аймагындагы айылдар жалаң чал-кемпирлерден турган айылдарга айланып баратканын жазды.

“Түндүкэлектро” менен “Кыргызтелекомдун” сатылышына пикирин билдирген экономист Айылчы Сарыбаев: “Эгер мамлекеттик мыйзам жакшы иштесе, Монополияга каршы күрөш агенттиги баалардын асмандап кетишине жол бербесе, эч кандай деле зыян тартпайт. Бирок бизде коррупция абдан күчтүү” десе, Темир Сариев: “ Кыргызстанды ачыктан ачык эле тоноого өтүштү. Жылына 50 млн. доллардан ашуун киреше киргизген “Түндүкэлектронун” 3 млн. долларга сатылышы элибиздин үч уктаса түшүнө кирбеген окуя. Муну менен бийлик “Биз Кыргызстанды каалагандай талап-тонойбуз. Билгениңерди кылып алгыла, колуңардан эч нерсе келбейт” деп элдин алдына ачык чыкканы" деп мүнөздөдү.

“Кыргыз туусу” гезити, энергетика министри Ильяс Давыдовдун “Энергетика тармагы реформаланбаса, эл жарыксыз калмак” деген макаласына окурмандарынын назарын бурган. Министр: “Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын энергетиткасында кризис жагдай түзүлдү. Анын келип чыгуу себептеринин бири электр энергиясына тарифтердин төмөн деңгээли болуп эсептелет. Электр энергиясына тарифтерди жасалма кармап турууга багытталган саясатты андан ары жүргүзүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна коркунуч жаратары бүгүнкү күндө ачык болду” деп айтып, андан ары төлөмдөрдүн эмне үчүн көтөрүлгөндүгүнүн себептерин кенен кеп кылып, далилдерди келтирген.

Гезит аркылуу Бишкектеги тарых музей кызматкерлеринин президент Бакиев баштаган аткаминерлерге даттануусу жарыяланды. Даттанууда музейде эмгектенген илимий кызматкерлердин айлыгы 1800-2500 сомду түзсө, чарба кызматкерлериники 1193 сомдон 1400 сомго чейин экендигин, ошондуктан мүмкүн болсо эмгек акыларын көтөрүү жөнүндөгү маселени карап коюусун суранган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG