Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Жума күнкү гезиттер эмнелер жөнүндө жазышты?

“Пресс kg” гезити журналист Абдувахаб Мониевдин гезиттин өткөн санынан баштап жарыяланып келаткан “Чын. ХХI кылымдын суусун ичкен Кыргызстан “Орто кылымдык” Кокон хандыгынын кейпин кийгени калды” деп аталган макаласынын корутунду бөлүгүн жарыялады.

Автор президент К. Бакиевдин өзүнө кайрылып: “Урматтуу президент! Сиз башкарган 5 жыл ичинде өнүккөн Европа, Азиянын бир да өлкөсү Кыргызстан менен олуттуу мамиле түзүп, кызматташууну көздөп, мамлекет башчылары бизге басып келбеди. Сизди да чакырышкан жок. Алтургай кечээ эле бирдей акыбалда турган Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан да кыргыз мамлекети менен тең ата сүйлөшпөй калды. Коңшулар четинен кертип, басып алууга өттү. Өлкө экономикасы да чет элдиктердин көзөмөлүндө. ХIХ кылымдын 60-70-жылдарындагы Кокон хандыгы да так ушундай кейиштүү абалга кептелген. Башкаларды кой, жанындагы Бухара эмирлиги да Коконду теңсинбей, ички-тышкы ишине кийлигишип турган. Ошентип олтуруп Кокон мамлекети өзүнөн өзү жоюлуп, саясый картадан чийилип калган. Кыргыз мамлекети 20 жыл да өмүр сүрө элек. Ошого карабастан “Кыргызстан жакынкы жылдарда жок болуп кетиши мүмкүн” деген божомолдор көбүрөөк айтылчу болду. Эмне үчүн? Бул суроого мамлекет башчысы катары 1-кезекте сиз жооп берүүгө милдеттүүсүз” деп жазган.

“Форум” гезити жаңы санын белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин “Бул бийликтин көрөр күнү аз калды” деген сөзү менен ачып, гезит кабарчысы Айбек Шамшыкеевдин Алайдын Гүлчөсүндө генерал И. Исаковдун боштондугун талап кылган митингден жазып келген макаласын сунуш кылган. Миңден ашуун адам катышкан митингде 40 жыл мугалим болуп иштеген 80 жаштагы Сурма Исраилова сөз алып: “Мен Алайдын чыгаан уулдары Исмаилди, Акматбекти, Маратты окуткам. Бакиев Исмаилдин ак эмгегин актаган жок. Бакиевди бийликке алып келгенге Исмаил чоң салым кошкон. Жакшылыкты ушинтип жамандык менен кайтарып жатат. Исмаилге өкүм чыгарган сотторго, аны күнөөлөгөн бардык адамдарга энелердин атынан чексиз наалат айтам” десе, 80 жаштагы Ороз аксакал: “Алай эли Келдибеков Акматбекке, Султанов Маратка, акжолчу депутаттар А. Калмаматовго, Н. Айдаровго абдан нааразы. Себеби алар чындыктан коркушат.. Исмаилди ак жеринен 8 жылга кесип жибергени элге эле эмес, Кудайга да жакпайт. Ал министр боло электе армиядагы жоокерлер курсагы тойбой, дубана болуп тентип калышкан эле” деп айтканын басып чыкты.

“Назар”
гезити да Калмат Молдокулов аттуу автордун “Алайдагы айбат” аттуу макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Гезитте ошондой эле ЖК депутаты Роза Отунбаеванын Орусиянын “Эхо Москвы” радиосуна берген маегинин кыскартылган котормосу сунушталган.

Гезит “Раев “обещалкин” болчу, “Жунусовдун чечкиндүүлүгүнө үмүт артам...” деген аталыш алдындагы Маданият агенттигинин эски жана жаңы деректири тууралуу айрым маданият ишмерлеринин ой-пикирлерин да ортого салды.

“Кыргыз туусу” гезити “Сүйүүдөн адам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк...” деген ат менен Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун драматург Султан Раевге улуу калемгер Европага аттанып баратканда берген маегин тартуу кылды.

Гезит баяндамачысы Папан Дүйшөнбаевдин академик Абдыганы Эркебаев менен маеги “Ооруну жашыргандан көрө алдын алалы” деп аталат. Абдыганы мырза Курултай тууралуу суроого берген жообунда “Азыр ынтымакка келе албай жүргөндөр кимдер? Бийликтегилер менен айрым саясый партиядагылар, өкмөттүк эмес уюмдагылар. Буларды оңдоп-түзөөгө убакыт бар. Курултайга өкүлдөрдү шайлоолордун дээрлик бардыгынын бийлик органдарынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүсү туура эмес, анын үстүнө квоталдар калктын санына эмес, юридикалык жактардын санына карата бөлүнүп калган” деп айтты.

Эркебаев сөзүнүнүн дагы бир жеринде “Ноокаттагы, Искрадагы, Петровкадагы, Көк-Жаңгактагы окуялар, президенттик шайлоодон кийинки жаңжалдар, резонанстуу сот иштери, тарифтердин кескин көтөрүлүшү, айрым стратегиялык объектилердин сатылышы эл арасында негативдүү пикирлерди жаратып жатканы белгилүү. Коомдогу маселелерди баары бир билип ала турган элден жашырып, бир жактуу көрсөтүүгө умтулбай, кемчиликтерди ачык айтып, элден кеңеш сураш керек. Улуу депрессия учурунда бийликке келген Франклин Рузвельт жума сайын чыгып, элге болгонун болгондой айтып, кеңешип турган” деди.

“Агым”
гезити “Кыргызга биринчи энциклопедия түзүп берген, залкар адабиятчы, акын, илимпоз Салижан Жигитовдун ысмын бир көчөгө же илимий жайга коюну ойлогондор барбы?” деп, “ карт бөрү” Үсөн Сыдыковдун уулу кечээ “Жаңырык апта” гезити аркылуу үн катып, ал тууралуу жазылгандар жалгандыгын, президент К. Бакиев менен мамилеси жакшы экенин айтты, эми анын ордун самагандар үмүтүңөрдү үзгүлө” деп, “Ибрагим Жунусовго жаңы кызматы менен куттуктап телефон чалсак, “шеф кайда жиберсе “аткез” кылбайбыз, Нарындагы айылдык клубдун бирин башкар десе деле макул болмокмун” дейт, кубанычы койнуна батпай, ка-ап, ажо Жунусовду Маданият агенттигинин деректирлигине эмес, Ак-Талаадагы чатыры жок маданият үйлөрүнүн бирине башчы кылып дайындаса болмок экен, эмнегедир анын бул кызматка дайындалышына терс пикирдеги адамдардын көп экендиги байкалды” деп, “акжолчу” депутат Б. Абдрасаков борбордогу Киев көчөсүнө Апсамат Масалиевдин ысмын ыйгаруу маселесин көтөрүп чыкты. А. Масалиевдин таза болгонун баарыбыз жакшы билебиз, бирок кандай жетекчи экендигин соңку тарых жазып жаткан чыгар, а эмне үчүн Б. Абдрасаков Киев же Москва көчөлөрүнө Чыңгыз Айтматовдун атын сунуш кылбайт?” деп, “буга чейин Евразия жазуучулар уюмуна Ч. Айтматов менен С. Раев гана мүчө болсо, бул абройлуу уюмга эми сегиз тилде түш жоруган кыргыз жазуучусу Турусбек Мадылбаев кабыл алынды” деп, “Казакстандын Тараз шаарындагы кыргыздарды масссалык түрдө өз Мекенине айдап чыгуу башталды, мигранттардын көйгөйүнө Кудай эле жардам бербесе, эч ким жардам бербей калды окшойт” деген маалыматтарды таратты.

“Ачык саясат” гезити Алайга барып келген гезит кабарчысы Машакбай Рахманкуловдун “Алай – Балыкчы эмес” аттуу макаласын, баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Куу, Курултай, Курултай” аттуу макалаларын окурмандардын элегине салды. Эркин журналист Үсөн Касыбеков “Жалданма “пиарщиктердин” кызматына бийликтин муктаждыгы түгөндү. Кызыл камчы жетишет” аттуу баяндамасында кыргыз бийлигинин азыркы учурдагы саясатын сынга алган. “Ошентип өлкөдө саясый оппоненттеринин баш көтөргөнүн жыга чабуунун көнүмүшү бийликтин диктатордук режимди орнотууну көздөп калганына күбө. Бийлик мыкчыгерлеринин элди кызыл камчыга алып башкаруу ниети ар дайым эле каалаган найтыйжа бере бербейт, тескерисинче бийлик үчүн опурталдуу кырдаалды түзүп коюшу этимал” деп жыйынтыктайт макаласын автор.

Гезитте мындан сырткары ЖК депутаты И. Карамушкинанын маеги, генерал И. Исаковдун кесилишине карта кыргыз жазуучуларынын ойлору, маданият агенттигине жаңы деректир болгон И.Жунусовдун маданият тууралуу айткандары жарык көрдү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG