Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Жер эмес, Эл силкинеби?


И. Исаковду бошотууну талап кылып каршылык акциясына чыгып аткан алайлыктар кыргыз армиясына кайрылуу жолдоп, бийлик башчылары армияга эмгегин өмүрүн арнаган адамды камап, армиянын кадырын кетирип жатканын билдиришкен.
И. Исаковду бошотууну талап кылып каршылык акциясына чыгып аткан алайлыктар кыргыз армиясына кайрылуу жолдоп, бийлик башчылары армияга эмгегин өмүрүн арнаган адамды камап, армиянын кадырын кетирип жатканын билдиришкен.

“Пресс kg” гезити Алайлыктардын Кыргыз армиясына кайрылуусуyн басты. “Назар” гезити көрүнүктүү жазуучу Казат Акматов менен Акаев кантип бийликке келгенин, Баекова Конституциялык сотко кантип төрайымдыкка дайындалганын, Айтматов, Жумагулов, Акрамов жана башкалар жөнүндө айтып берген маегине орун берди. “Кыргыз руху” гезити Гүлмайрам Турусбекованын “Дүйнөлүк афера – кечээ жана бүгүн” деген макаласын сунуш кылды.

“Пресс kg” гезити Алайлыктардын Кыргыз армиясына кайрылуусу менен жаңы санын ачты. Анда минтип жазылат: “ Катардагы жана отставкадагы жоокерлерге, сержанттарга жана офицер генералдарга кайрылабыз. Армияга эмгегин, өмүрүн арнаган, аны оңдоп-түзөгөн кишинин камалганы баарыңардын абийриңерге шек келтирүү. Армиянын кадырын кетирүү, кордоо экенин билип койгула!”

Гезит андан ары “Чаушескинин тагдыры кимди күтүп турат?” деген ат менен Калысбек Боронбаев аттуу авторго сөз берген. Өз сөзүндө ал: “Сотторду мыйзам эмес, Жогорку сот төрайымы Ж. Алиеванын каты көбүрөөк кызыктырат экен. Исаковду Тажикстанга чейин ээрчитип барып жакшылыгын көрүп, тазалыгын мактап жүргөн “Эркин тоонун” редактору Сакы Садыков алайлык акаси тууралуу оюн билдирип кое албады” деп жазып, андан ары Акаевдин сотторду кантип чүлүктөгөнүн, кимдерди кантип түрмөгө тыкканын, кантип качып жоголгонун баяндап келип, азыр Бакиев да Акаевдин ишин улантып, соттордун съезддерин өткөргөнүн, Акаевдин тушунда сотторго парламент аздыр-көптүр таасир этсе, Бакиевдин тушунда соттор анын гана көзүн карап калганын, Бакиев 2000-жылдагы шайлоодо Текебаевдан акча сурап кагуу жеп, агездеги парламенттен жыдып түшкөн Закир Абдасовду ошол эле Текебаевге өчөшүп, Баткен облсотунун төрага орунбасары кылып дайындаганын кеп кылды.

Гезит “Оружионсец” чекист А. Исманкуловду Акүй кантип коргоп, өстүрдү?” деген аталыштагы эки беттен турган макала жарыялады. Аны Швецияда баш калкалап жүргөн “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, мурдагы чекист Сыргак Абдылдаев жазып жөнөткөн.

“Назар” гезити көрүнүктүү жазуучу Казат Акматов менен Акаев кантип бийликке келгенин, Баекова Конституциялык сотко кантип төрайымдыкка дайындалганын, Айтматов, Жумагулов, Акрамов жана башкалар жөнүндө айтып берген маегине орун берди.

Жазуучу Казат Акматов: “Президент өз уулун мамлекеттик бийликке алып келүү менен өз жоопкерчилигин көбөйтүп алды. Болгондо да мыйзамсыз жол менен бир топ органдарды түздү. Реформа жасайм деп отуруп бир катар маанилүү структураларды жоюп салды. Болгондо да элге багыт берип, кыргызга жол көрсөтө турган, калктын намысын коргой турган структуралар жоюлду. Мисалга алсак Тил комиссиясы, ЮНЕСКО боюнча улуттук комиссия, Мамлекеттик катчылык, Маданият министрлиги жоюлуп кетти. Менимче ушул балакеттин баарын баштаган Малеванная болуш керек. Жөөттөрдүн “комитет 300” деген структурасынын бизге окшогон бечара калктарды жоюп, дүйнөнү ирилештирүү боюнча планын аткарып жатат булар. Акыркы күндөрү кыргыз аттуунун баарын басынткандар, улуттук намысыбызды көрүнөө тебелегендер көбөйдү. Мына жакында кыргыз десе так секирген Акрамовго “баатырлыкты” беришти. Ага каяша кылып чыкканга бирөө дагы дааган жок” деп айтты.

“Ачык саясат” гезити “Жаз алды менен бийликке каршы элдин көтөрүлүшү мүмкүнбү?” деген суроо менен окурмандарга кайрылды.

БЭКтин саясый бюросунун башчысы Топчубек Тургуналиев: - Көтөрүлө баштабадыбы. Нарындагы эл... Алай эли бир айдан бери кыштын суугуна карабай чыгып жатат. Жаз алды менен кырдаал дагы толук курчушу мүмкүн.

Экс-спикер Абдыганы Эркебаев: - Кыйынчылыктар болсо эл көтөрүлгөнгө акысы бар. Кымбатчылыкты калк көтөрө албашы толук мүмкүн. Ал эми көтөрүлгөн элди уюштуруу өзүнчө маселе. Бирок булар азыр көтөрүлгөн элге аеосуз чара көргөндөн да кайра тартпай калышты.

ЖК депутаты Гүлжамал Султаналиева: - Мына Нарында эл көтөрүлө баштады. Албетте эми мындай нааразылыктар чыга башташы мүмкүн. Өлкө бийлиги нааразылык акциясын өткөргөндөрдүн пикирин уга билип, ага карата чара көрүшү керек деп ойлойм.

Коомдук ишмер Тойгонбай Калматов: - Эл көтөрүлүшү толук мүмкүн. Электр энергияга, жылуулукка, ал аз келгенсип уюлдук байланыш кызматынын кымбаттаганына калк кантип чыдасын?

“Агым” гезити Султан Раев Германиянын Мильтенберг шаарында өткөн чыгармачыл форумга катышып келгенин, айтылуу улукман Сабыр Жумабеков АКШнын Чикаго университетинде бир жума дарс окуп, уникалдуу операцияларды жасап, америкалык дарыгерлердин оозун ачырып кайтканын, бу жолу да Жумабековго ири клиникалардын бири кызмат сунуштаганын, бирок 100 миңдеген доллардан өз Мекенин артык көргөн профессор ал сунуштан сылык гана баш тартып койгонун, Кыргызстандын баш муфтийи Мураталы Жумановдун ишине нааразы болгон 163 адамдын колу коюлган кат редакциянын куржунуна келип түшкөнүн, өлкө башчысы башкаруу системасына реформа жасоодо кадр саясатына өзгөчө басым коюп жатканын, маселен ИИМ министри М. Коңгантиев Петровка окуясында ээрден шыпырылган Жеңишбек Жоробековду Тогуз-Торо раймилийсасына начальник кылса, министрликтин бакыйган бир башкармалыгында Аксы окуясындагы башкы күнөөкөрдүн бири Абдумуталип Көлбаев деген полковник иштеп жатканын шардана кылды.

“Форум” гезити “Бороон болор алдында...” деген рубрикада “Тоолуктар толкуду” деген ат менен макала басты. Анда: “... ханды кудай урарда өз элине кас болот” деп айткандай учурда Бакиев башында турган кыргыз бийлиги да өз элинин убал-сообун ойлобой, каратаман калкыбыздын жонунан кайыш тиле баштады. Бирок биз мындай жашоого макул эмеспиз” деп, табияты катаал Нарын эли мурдаа күнү чоң митинг өткөргөнүн, 2000ге чукул нарындыктар облус Акүйүнүн алдына чогулуп, кымбатчылыкты айыптап, генерал И. Исаковду тез аранын ичинде бошотуу талабын коюп, эгер бул талаптар аткарылбаса жөө жүрүштөн баштап, ар кандай акцияларды уюштурарын эскертти деп маалымдады.

Ушул эле гезит Бишкектин чок ортосунда эки машина жол талашып, уруша кеткенин, көрсө экөөндө тең өздөрүнө ишенген эки үлкөн топ олтурганын, бири ИИМдин опер тобу болсо, бири Жаныш Бакиевдин “Арстанынын” балдары болгонун, оперлер тапанча көтөрүп түшсө, “арстандар” автомат менен түшүп, аз жерден кырылышып кала жаздаганын, ары-бери өткөн элди көзүнө илбей сөгүнгөнүн редакцияга билдиришти деп кабарлады.

“Кыргыз руху” гезити Гүлмайрам Турусбекованын “Дүйнөлүк афера – кечээ жана бүгүн” деген макаласын сунуш кылды. Анда пайда табуу амалдары, мобилдик байланыштардын Кыргызстандагы кымбатташы тууралдуу баяндалат. Журналист Айзада Абазованын “күйдүм чогу” тариф саясатын, элдин энчиси болгон түпкү байлыктардын сатылып жатышын, “Түндүкэлектрону” керек болсо 1 долларга сатып жибермекчи болгон Данияр Үсөновду, кыргыз мамлекетн жаман кожоюндар башкарып жатканын, кожоюну жаман болсо өз үйүндөгү оокат кылалбай, үйдө болгон мүлктүн баарын бир бөтөлкө аракка сатып жиберип, көчөдө бөтөлкө чогултуп, таштанды аңтарып ка нгып каларын белгилеген.

“Кыргыз туусу” гезити кечээ Кара-Кыргыз автоном облусунун РСФСРдын курамында болгондугунун 85 жылдыгына карата өткөн салтанаттуу чогулушту, анда сүйлөгөн президент К. Бакиевдин сөзүн басып чыкты.

“Курултайларда элдин, Мекендин келечеги аныкталган” деген ат менен коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун гезит кабарчысынын суроолоруна берген жообу да бар.

Нарынгүл Назаралиеванын макаласы “Баанын өсүшүн өкмөт башчысы өзү түшүндүрдү” деп аталат.


XS
SM
MD
LG