Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

Эки Курултай эмнеге алып келер экен?...


Гезиттер алдыдагы окуяларды талдоого ала баштады.

“Март курултайлары бийликтин түндүгүн түшүрөбү?” деген баштема менен жарык көргөн “Ачык саясат” гезити мурдагы КГБ кызматкери, журналист, азыр чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Сыргак Абдылдаевдин: “Бакиев башаламандыктарынын кыскача таржымалы” атуу макаласы менен жаңы санын окурмандарга тартууланды.

Мүлк бөлүштүрүүдөгү “үй-бүлөнүн” кадамдарын автор: “Кудайберген автобазарынын ээси, депутат Ж. Сурабалдиев, Кара-Суу базарынын ээси, экс-үйбүлөнүн партиялык кассири Б. Эркинбаев, анын Кара-Суу базарындагы ордун ээлеген бизнесмен А. Жунусов атылгандан кийин ири бизнеске иргебей чабуул коюлду. Көпчүлүк ишкерлер үй-бүлөлүк киллер менен түрмө коркунучунан кутулуу аргасын кылып, бардыгын Бакиевдердин үй-бүлөлүк кассасына өткөрүп бере башташты. Натыйжада 2006-жылдын орто ченине чейин мурда Акаевдин үй-бүлөсүн багып келген Кыргызстандагы бардык ири бизнес Бакиевдер кланынын көзөмөлүнө толук өттү. Негизги финансы агымдарын бөлүштүрүү соңуна чыкты” деп баяндаган.

Андан ары Абдылдаев атып өлтүрүлгөндөрдүн эсебин алгачкылардан болуп ачкан Р. Акматбаев кандай себеп менен өлтүрүлгөнүнө, Шаботоев өлөр алдында Бакиевдин кабыл алуусунда болгонуна, оппозиция арасындагы сатылма, өз абийрлерин аткаминерлик арзан үстөлдөргө айырбаштаган саясатчыларды сатып алууга жетишкенине карабастан оппозицияны биротоло тыптыйпыл кылуу Бакиевдин колунан келбегенине токтолгон. Сыргак Абдылдаев макаласында Текебаевге байланыштуу “матрешка” амалынын кантип ишке ашпай калганын, өкмөт башчыларынын бири болгон Алмазбек Атамбаев өз кабинетинде, үстөл кучактаган абалда тиги дүйнөгө аттанып кетерге аз калганы туурасынынын “сырларын” айтып берген.

Журналист макаласын өзү жашап турган Швециядан 1-мартта салып жиберген.

Ушул эле санга мурдагы губернаторлордун бири Эсенгул Өмүралиевдин “Калктын жонунан кайыш тилгендей болуп калды” деген аталыштагы маеги басылды.

Гезит Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешине адвокат А. Бекназаровдун Кайрылуусун жар салды. Буга улай “Ачык саясат” гезити гезиттин башкы редактору Б. Жээнбековдун “Алешем чечимдин азабы же Конституцияны “буйлалалаганды” токтотпойлубу?” деген макаласы тартуу кылды.

“Байкап аткандырсыздар. Кыргызстандагы акыбал курчуган сайын Максим Бакиевдин карааны коомчулуктан жашырынып баратат. Акыркы жумада, дегеле аны мамлекеттик жыйналыштардан көрө алганыбыз жок. Бул Максим Бакиевди коомчулук кабыл албагандыктын белгиси” деген макаласын “Назар” гезити “Максим Үсөнов” деген ат менен жарыялады.

“Назар” ошондой эле кымбатчылык жөнүндө сөз кылып: “Түндүкэлектрдин” кылмыштуулук, талап-тоноочулук менен менчиктештирилгенине, тарифтердин адамкерчликсиз, көп эсе көтөрүлгөнүнө каршылык көрсөтүү иретинде каарман нарындыктардын жолун жолдоп, жаңы тарифтер боюнча төлөөдөн баш тарталы! Башыбызга мүшкүл түшүп турганда тилектеш болуп биригели! Үй-үйүбүз менен, айыл-дубандарыбыз менен бүт өлкөбүз биригели!” деп чакырык таштаган Элдик Курултайды уюштуруу комитетинин катын шардана кылды.

Буга улай эле Элдик Курултай өткөргөнгө Кожомкул атындагы спорт сарайы да, Токтогул атындагы филармония да берилбегей аткандыгын, маселен Маданият агенттигинин жаңы деректири Ибрагим Жунусов оппозициянын филармонияны сураганына ал күнү бийлик өткөрө турган Ынтымак Курултайына байланышкан концерт болорун, ошон үчүн аны бере албастыгын айтканын маалымдады.

Оппозиця эми А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын имаратын сурап кат менен кайрылып, жооп күтүп турган чагы.

“Форум” гезити Жылдыз Мусабекованын “Кербен” деп аталган макаласын жарыялады. Анда ханзааданын Кытай “жүрүшүнөн” кийин “Дастан” заводу Бээжинге бериле тургандыгы жөнүндө сөз болуп атканы маалымдалса, журналист Эртабылды Аттокуровдун макаласы жакырчылык жагдайына басым жасаган.

Гезит Кыргызстанда, тагыраак айтканда Баткен жергесинде Американын террорчулукка каршы машыгуу борбору ачылганы калганын, аны АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да, КР Коргоо министрлиги да тастыктаганын кабарлады. Буга улай эле Кыргызстандын аксакалдарынын АКШнын аскер базасын жабууну талап кылган каты жарык көрдү. Катка 250дөн ашуун адам кол койгон.

“Форумга” булар менен бирге эле белгилүү парапсихолог Мелис Карыбек уулу Асан тегинин “Курултай эмес, кара дуба” атуу баянына орун берилген. Мелис: “Исламдын Манаска эч кандай каршылыгы жоктугун, Манассыз мусулман кыргыз баласы эч качан мекенчил болалбастыгын, орусча түшүндүргөндө “Ислам деген душа, Манас – дух” экендигин, биздин элде бүгүн дух жоктугун, жандүйнөнү коркунуч ээлеп алганын, ал Стамбулда жүрүп түрк элине баа бергенин, бул эл исламга да ишенерин, ошол эле убакта мекенчилдиги да өтө күчтүүлүгүн, алар биздин Манасты бийик урматташарын, коркуу бул күнөө экенин айтып келип: “Мен Алладан коркпойм. Коркуу бул күнөө. Мен Аллага ишенем. Мен Манастан корком. Себеби элибизде: “Кудай урган оңолор, арбак урган оңолбойт” деген сөз бар. Алла кечирет, Алланын мээрими чексиз, а бирок арбак кечирбейт” дейт.

Параписихолог андан ары курултайлар тууралуу сөз кылып: “Элдик Курултай жана Ынтымак Курултайы деп аталган эки жыйындын биоталаасын карайм, бир улуттун ичиндеги эле эки энергетикалык тараза, бири – Бакиевди эптеп бийликтен кетирүү деп чечилет. Экинчи тарабы – Ынтымак Курултайы, тагыраагы – Тынчымак Курултайы, тынч болуп, айтканыбызга көнөсүңөр деген мааниде. БЭКтин энергиясы караргансып турат, ал адашуудан, жек көрүүдөн, жадагандыктан, келечек тумандагандан пайда болуп чыңалган энергия. Ынтымак тарабында чыңалган энергия жок, боштук, жеңилдик бар” деп, андан ары ушул экөөнүн ортосунда энергетикалык кармаш болорун же жер титирерин же эл титирерин... ж.б. жөнүндө сөз кылган.
XS
SM
MD
LG