Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

“Дело №...” гезити Коргоо министринин мурдагы 1-орунбасары, генерал-майор Борис Югай 52 жаш курагында жүрөгү токтоп калып каза болгонун кабарлады. “Московский комсмолец Кыргызстан” гезити А. Жекшенкуловдун соту акыры аягына чыкканын, экс-министр 5 жыл шарттуу кесилип, 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынганын жазды.

“Дело №....” гезитинин жарыялаган маалыматтарына караганда, Кыргызстандын борбору - Бишкек шаарынын ар бр үчүнчү тургуну электр энергиясына, ысык сууга, чөнтөк телефонуна, тамак-аштын кымбатчылыгына каршы бүгүн өтө турган нааразылык акциясына чыгууга даяр. Коомдук пикирди иликтөөгө алган “Эл пикир” борборунун сурамжылоосу ушундай жыйынтыкка алып келген. Баалардын кымбатташынын таасирин сурамжылагандардын 7 пайызы гана сезбесе, калган 82,4 пайызы кымбатчылыктын азабын тартып атканын, баарын үнөмдөп, эптеп-септеп жашап калганын айткан.

“Дело №....” ушул эле санына “Борбор Азия. Ру” маалымат булагына англисче чыккан Филипп Вилендин Гуревич тууралуу макаласын орус тилине которуп басты. Макалада 33 жаштагы Гуревич Вена шаарына кантип банк ачканын, арам акчага чеңгелин кантип матырганын кең-кесири баяндаган. Айрымдар Гуревичти Кыргызстанда туулуп-өскөн деп жаңылышууда. Ал Маскөөдө туулуп, АКШга көчө качкан эмигранттардын бири.

Гуревичтин Кыргызстанга болгон кызыгуусу бийликке Курманбек Бакиев келери менен пайда болуп, бул жакка келген жана 2006-жылы “Азия Универсалбанктын” кеңешчисине айланган. 2007-жылы "MGN Group" деп аталган инвестициялык банкты түзгөн. Түзүлөрү менен эле банктын топ-менеджерлери Кыргызстандын бир катар стратегиялык объектилеринин – Бишкек машина куруу заводунун, эл аралык “Манас” аэропортунун, “Кыргызгаздын”, “Кыргызтелеком” акционердик коомунун, “Электростанциялардын” жана дароо эле үч ири энергия бөлүштүрүүчү компаниялардын деректирлер кеңешине кирген.

Гезит андан ары Гуревич түзгөн компанияда иштеген чиновниктерди тизмелеп, Гуревич ушу тапта эч жакка “чыгып” кетпей эле, баарынан коопсуз жай деп эсептеген Бишкекте жашап атканын, аны камакка алуу тууралуу жарлыгы бар эл аралык ордер деген оюнчук эместигин, эгер ал кача турган болсо, балким Израилге барып баш калкаларын айткан.

Ал арада “Кыргызстандан качып барган олигархтар үчүн Израилде коркунуч жокпу?” деген макала Израилдеги орус-тилдүү интернет-порталдарда жарыкка чыгып, ага Гуревичтин чуулгандуу окуясы жарыяланган. Израиль парламентинин депутаты Кнессетанын айтымында, эми Кыргыз республикасынын бизнес-коомчулугунун айрымдары Израиль жарандыгын алууга, бирдеме болсо өздөрүнүн түпкү Мекенин көздөй уча качууга аракет кыла баштайт. Бирок аларды Израиль кабыл алабы? Бул башка маселе. Анткени бул өлкөнүн жарандыгына ээ болгусу келген капчыктуулар ага дейре өздөрү үчүн негиздүү база түзүп, атап айтканда өлкөнүн улуттук маанидеги ар кандай долбоорлорун каржылап турууга тийиш.

“Дело №....” жумалыгы андан ары карай Кыргызстандан Израилге түз уча турган учак жоктугун, Бишкек-Тел-Авив авиакаттамындагы рейстердин баары адегенде Стамбул-Алмата же Москва-Ташкент аркылуу учаарын, ал эми эл аралык камакка алууга ордер берилген Гуревичтин бул өлкөлөр аркылуу учуусу опурталдуу чоң маселе экендигин жазды.

Гезитте чөнтөк телефонун 60 тыйынга кымбаттаткан "заговорщиктер" тууралуу да атайын макала бар.

Гезит ошондой эле жакында Ош шаарындагы президент К. Бакиевдин, бири аэропорттун, бири жаңы автовокзалдын жанындагы өтө чоң сүрөттөрү белгисиз бирөөлөр тарабынан тилинип салынганын, жергиликтүү бийлик муну элге катуу шамалдын кылганы деп түшүндүрүүгө жандалбас урганын, бирок президенттин сүрөттөрүн эч кандай шамалы жок эле бирөөлөр тарабынан тилинип салынганын айтып жүрүшөт деп маалымдады.

Ислам Каримов өзбек олигархтарын жоготкону калдыбы? Конституция Күнүнө байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө өзбек президенти жарандардын жашоосун социалдык чыңалууга алып келип аткан мүлк теңсиздигине каршы катуу чара көрүлөрүн айтары менен өлкөдөн эң эле бай деген адамдардын бири болгон Дмитрий Лим АКШга качкандыгы айтылууда. Көчө качкан көпөстүн үйүн тинткен тергөөчүлөр анын короосунан коллекциялап жүргөн 82 жеңил автомашинаны көрүп ооздору ачылган.

Ушул жылдын башында кондиционер чыгарып келген биргелешкен ишкананын деректирлери менен менеджерлер жамааты толугу менен камакка алынды. Камалгандар кондиционерлерди Кытайдан ташып келип, “Өзбекстанда жасалган” деген марка чаптай салып сатып келишкен.

Жакындан бери орус-өзбек биргелешкен сүт азыктарын чыгаруучу ишкананын ишмердүүлүгү токтотулду.

Февралдын ортосунда Наманган май чыгарчу комбинат менен Жизак дубанындагы вольфрам кенинин ээси Батыр Рахимов камакка алынды.

Өткөн жумада “Кызылкумцемент” бирикмесинин деректири Раджаббай Жуманазаров качып жоголду. Бул “цемент королунун” уулу өзү Ташкендеги юридикалык институттун студенти болуп туруп, өзү менен чогуу окуган үч досунун ар бирине бирден автомобиль белекке берген.

Бекабад цемент комбинатынын деректири Алик Нурутдинов да камалды.

И. Каримов деген ой-келди сүйлөй бербеген, айтканын ак кылбаган адам экендиги баарына белгилүү. Ошентип калктын жон терисинен кайыш тилип байыган өзбек байлары бүгүн кирерге тешик таппай, качканы качып, качалбай калгандары жүрөгүн мыкчып, айласы алты кетип алактап турган чактары.

Бүгүн жарык көргөн “Московский комсомолец - Кыргызстан” гезити А. Жекшенкуловдун соту акыры аягына чыкканын, экс-министр 5 жыл шарттуу кесилип, 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынганын кабарлады. Андан ары гезит акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттык” аркылуу президентти кантип “мыш” кылганына токтолгон. Көрсө ал жакында президент К. Бакиев менен жолугушканда президент ага: “Исмаил Исаковго айткамын, эгер ал кечирим сураса, мен колумдан келген аракеттин баарын кылмакмын, кечирмекмин” деп айткан экен.

”Карагылачы, кандай!? Эгер Жекшенкулов да өлкө башчысынын бутуна жыгылып: “Кагылайын атакебай, мени да кечире көр!?” дегенде таптаза акталып чыкмак экен да! Кудай урган Жекшенкулов да тигил принципиалдуу И. Исаковго окшоп кечирим сурап койгонго жарабай, кесилип кетип атканын карабайсыңбы?” деп кеп кылды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG