Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Башаламан өлкөдө аш-аламандык күчөйт


Гезиттер негизинен Бишкекте болуп өткөн курултай ж.б. жөнүндө жазышты.

“Учур” гезити кечээ Нарында дагы 4 миңге жакын адам кайрадан митингге чогулуп, ага чейинки митингдердин катышуучуларын куугунтуктоону токтотууну талап кылды, мурдагы коюлган талаптар аткарылбаса 28-март күнү кайрадан митингке чыга тургандыктарын айтты деп, 2005-жылы К. Бакиев биийликти күч менен басып алган, “Тайфун” операциясына кол койгон, аксылыктардын өлүмүнө катыштыгы бар, Конституцияны өз бийлигин күчөтүү үчүн өзгөрткөн, коррупция, үйбүлөлүк башкаруу, саясый куугунтук, киши өлтүрүүлөр күчөгөн, алтургай мамлекеттик кызматчынын моралдык-этикалык нормаларын бузуп, бир убакта үч аял менен жашап жатат деп айткандыгы үчүн “Алиби” жана “Назар” гезиттери сотко берилет, бул тууралуу ушул басылмалардын ээси Бабырбек Жээнбеков билдирди деп, оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев бүгүн Маскөөгө эки күндүк иш сапары менен учуп кетти, аны орус бийлигинин адамдары атайын чакырткан, айрым божомолдорго караганда анын ушул жүрүшүнөн кийин кырдаал кескин түрдө өзгөрүшү мүмкүн деп кабар таратты.

Гезит бул санына “Бакиевдин балдары жана бир туугандары кызматтарынан бошотулсун!” деген аталыш алдында ХI курултайдын чечимин жана 7 беренеден турган талаптарын жарыя кылды.

“Аалам” гезитине Кыргызстандык медиа-уюмдардын өлкөдөгү маалыматка жетүүгө коюлган чектөөлөр боюнча билдирүүсү жарыяланып, ага 12 маалымат уюмдары кол койгон. Билдирүүдө өлкөдө акыркы күндөрү айрым интернет-сайттарга кирүүгө чектөөлөр болуп атканын, көп аймактарга “Азаттык” радиосунун берүүлөрү токтотулуп жаткандыгы мисалдар менен бекемделип, бул багыттагы бардык чектөөлөрдү алып салуу талабы коюлган.

“Ааламдын”
бул санына ошондой эле өткөн жылы ток бөлүштүрүүчү трансформатордон жабыр тартып, эки колунан чыканагынан өйдө ажыраган 15 жаштагы Асылбек уулу Самат ушу күндө жардамга аябай муктаж болуп турганын, учурунда аткаминерлердин шалаакылыгынын, кайдыгерлигинин айынан бечара бала ушул абалга келгенин, Кыргызстанды бийлиги президенти баш болуп бийик трибуналардан “адам укугун сактаган өлкөбүз” деп сүйлөгөндү жакшы көргөнү менен адам укугу тепселген биздей өлкө бир болсо тээ Африка континентиндеги өзүбүздөй жакыр өлкөлөрдө гана болорун кейиш менен кеп кылды журналист Бахтияр Шаматов.

“Жаңырык апта” гезити Гуревич, “АзияУниверсал Банкын” бар болгону 150 миң долларга сатып алган Маскөөлүк белгисиз бизнесмен Надель, 2007-жылы Кыргызстандын “Инсан” аттуу Банкынын кожоюнуна айланып чыга келген латвиялык бизнесмен В. Белоконь жана анын үзөнгүлөштөрү, санаалаш достору Кыргызстандын бирден бир стратегиялык ишканалары болгон эң эле маанилүү объектилерине жүн чеңгелдерин кантип матырып келишкенин, ушул азыр да мен деген ишканалар ушулардын “торунда” турганын иликтөөгө алган Руспресс агенттигине жарыяланган орус тилиндеги макаланы журналист Алым Токтомушев окурмандарга кыргызча которуп тартуулады.

Басылма ошондой эле Данияр Үсөнов “Гуревич деген ким, аны тааныбайм” деди. Минте берсе Данияр мырза жакында Макисм Бакиевди да тааныбайм деп жүрбөсүн. Акыркы кездери бүт кыргыз элине көрсөтчү жагын көрсөтүүнү адат кылып алды же жандосу Адахан Мадумаров экөө президент Бакиевден билгизбей өч алуу аракетиндеби?” деп, “ТИМ министри Кадырбек Садырбаевдин өткөн жумада үйүнө кирип баратып катуу токмок жегени мамлекеттик жашыруун сыр, аны ким сабаганы белгисиз, бирок ал Кыргызстандан кетем деп, АКШ элчилигин сурап аткан имиш, ал каңшаар Замира Сыдыковага жетип, эгер андай болсо Кыргызстанга келип, “Республика” гезитин кайрадан ачып, Бакиев бийлигин кулатам деп атканын жакындан билгендер айтууда” деп маалымдады.

Ушул эле санга Кыргызстандагы кант кызылчасынын кейиштүү абалын, кант өндүрүүгө өкмөт көңүл бурбай калганын баяндаган айыл чарба адиси, академик Жамин Акималиевдин маеги басылды. Анын айтымында, кызылча өстүрүүчү дыйкандарга кысым жасалууда. Мунун баарына өкмөт өзү себепчи болууда.

Кабарчы: - Өнүктүрүү фонду Россиядан 0,7 пайыз менен алган кредитти кыргыз дыйкандарына 23 пайыз насыя берүүнү чечти. Бул дыйкандарга оорчулук алып келбейби?

Жамин Акималиев: - Албетте оор. Мындай насыяны эч ким алалбайт. Бул куру сөз. Кайсыл дыйкан 23 пайыз менен насыя алат? Россиянын өзүндө агрардык насыя 12-15 пайызды гана түзөт.

Аталган гезит андан ары Транспорт министри Нурлан Сулайманов парламенттин бир комитетине отчет берип жатып, депутаттардын: “Жарандык авиация департаментинин деректирлигине 15 жылдан бери Кыргызстанда жашабаган, 1 күн да жетекчилик кызматтарда иштебеген Александр Настаевди кайсыл эмгеги үчүн Араб Эмираттарынан алып келип бул чоң кызматка дайындадыңыз?” деген суроосуна бети кызарбай туруп, "Александр Настаев баатыр, бир кезде дөңгөлөгү чыкпай калган самолетту жерге курсагы менен кондурган” дегенин, бирок ал самолетту сактап калган учкуч самолеттун командири Андрей Коннов деген болгонун, тескерисинче, Настаев дөңгөлөктөрдүн чыкпай калганына себепчи болгонун авиаторлор өздөрү редакцияга билдиргенин жазып чыкты.

Гезитте булар менен бирге эле “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев 24-март күнү Бишкектеги Токтогул атындагы филармониянын алдына митинг өткөрөм деп жатканы да кабарланды
XS
SM
MD
LG