Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Мамлекетти башкаруу Курултай аркылуу жүргүзүлөбү?


Ынтымак курултайы, 24-март 2010-жыл
Ынтымак курултайы, 24-март 2010-жыл

Жарык көргөн гезиттердин баары Ынтымак Курултайы тууралуу жазып чыгышты.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын президент К. Бакиевдин Ынтымак Курултайына кайрылуусу менен ачты. Бакиевдин сөзү гезиттин төрт бетинен орун алган. Сөзүн жыйынтыктап жатып ал: “...акылмандардын ой-пикирлерине, кеңештерине ширелген Курултайдан мен кеңешме демократиясынын үлгүсүн көрүп турам. Ынтымак Курултайы бул эки күндүк же жылына бир жолу өтүүчү иш-чара эмес, ал такай иштеген, бийликке акыл кошо турган кеңешме демократиянын ордосу болууга тийиш. Мен бул улуттук жыйын аркылуу өлкөнү жана мамлекетти башкарууга элди катыштырууга чечкиндүү кадам таштайбыз деп бекем ишенем” деп айтты.

Гезит андан ары “Курултай – кеңеш, акыл ордосу болду” деген макалага орун берген. Ошону менен бирге эле айрым делегаттардын сүйлөгөн сөздөрү жарыяланды.

Жогорку Кеңштин бөлүм башчысы Абдыкадыр Султанбаевдин маеги “Кыйчалыш кырдаалда чыгаандар апааттан сактайт” деп аталат.

Курултайга арнаган макаланы “Агым” гезити да басты. Журналист Келдибек Назировдун макаласы коңшу Казакстан менен Өзбекстандын мамилесине багышталды. “Иши кылып Орто Азиядагы геосаясый кырдаал күн өткөн сайын татаалдап барат. Бул кырдаал сууга байланыштуу болгондуктан келечекте суу мунайдан, газдан, керек болсо алтындан да кымбат болот деген жоромолдор чындыкка жакындап келет. Назарбаев менен Каримовдун Ташкендеги билдирүүсүнө жооп кылып, тажик президенти Эмомали Рахмон Тажикстан өз позициясында бекем турарын билдирди. Кыргызстан азырынча үн ката элек” деп белгиледи.

“Кыргыз бийлиги Гуревичти президенттик резиденцияда бекитип жатабы?”. Мына ушундай суроолуу аталыш менен жарыкка чыккан “Кыргыз руху” гезити: “Эгер анын аферисттиги анык болсо кыргыз бийлиги өзү камап же эл аралык кылмышкер катары издеп жүргөн Италия сотуна кармап бериш керек эле. Бирок кыргыз бийлиги аны резиденцияда кармап, эмне кылар айласын таппай аткан имиш. Ачыкка чыгарып кармап берели десе, президенттин баласы экөө табакташ катары суралып калышы мүмкүн, андыктан Гуревичти жа камакка бералбай, же жоготкон активдерин кайтара албай бийликтин төрт амалы түгөнүп турган кези экен” деп кабар таратты.

“Кыргыз руху” муну менен бирге эле “Ынтымак Курултайынын кемчиликтери менен артыкчылыктарына токтолду. “Артыкчылыгы- калп айткан менен болобу, Курултай Акаев доорундагы Курултайлардан бир сөөм болсо да өйдө турду, бир кылка дежурулуктан бир аз болсо да арылгансыдык” деп, ал эми “Кемчилиги- Муктар Өмүракунов деген фамилиядан жыландан качкандай качып, төркеңештин төрагасы С. Аблесов Өмүракунов шайланбасын деген жогор жактан катуу буйрук алганбы, карасанатайлык менен аны шайлаткан жок. Ошондой эле Курултайда “өңдү көрсө жүз таят болдубу?”, “Курманбек Салиевич өз уулуңузду, инилериңизди эмне мынча көз көрүнөө элди кантип бийлетип койдуңуз?” деген башкы суроо кабыргасынан коюлбады. Айтор кемчилигин санай берсек кагаз бети түтпөйт” деп сөз кылды.

“Форум” гезити журналист Жылдыз Мусабекованын “Элдин эки буту сыздабы? А мейли... А менин эки колум ашта!” деген макаласы менен баштады бул санын. Макалада азыркы бийликтин жүргүзүп келаткан саясаты сынга алынган. Автор аны “Демаралдан- тезекаралга” жана “Кулчулуктун 5 жылдыгы” аттуу аталыштарга бөлүп алып талдоого лаган.

Гезит БЭКтин билдирүүсүн орус тилинде шардана кылды. Билдирүүдө: “Курултайдын жыйынтыгында бул өңдүү шоунун чыныгы максаты – Бакиевдердин үйбүлөлүк бийлигин мыйзамдаштыруу үчүн жасалганын көрсөттү. Курултайда Кыргызстанды бүгүн эл аралык мафиялык топ менен аралыштыгы бар Гуревич, Белоконь, Надель, Елисеев, Ширшов, Никитин, Каганер жана башка шектүү адамдар башкарып жаткандыгы, булар президенттин уулу Максим Бакиевдин жакын достору экендиги жөнүндө бир ооз сөз болбоду. Бириккен Элдик Кыймылы Бакиевдин бүгүн өлкөнү башкарууга моралдык укугу жок деп эсептейт. Узурпацияланган үйбүлөлүк кландык бийлик элге берилиши керек” деп айтылган.

“Ынтымак Курултайында эмне кеп болду?” деген суроонун алдында айрым делегаттардын ой-пикирлерине да орун берилген. “Учур” гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаевдин маеги “Эшимканов мен сенин кабыргаларыңды сындырып, 5-6 ай ооруканага жаткырам деди” деген ат менен жарык көрдү.

“Ачык саясат” гезитинин жабылганына 7 күн болгонун кабарлаган “Алиби” гезитинин баяндамачы Сабыр Муканбетовдун Ынтымак Курултайын жиликтеген баяндамасы менен таанышсаңыздар болот. “Бул “эркин сүйлөө спектаклинде” президенттин жакындарынын өзүм билемдиги, талап-тоноолору, мураскерлик маселеси, баласынын италиялык мафия менен жуурулушуп кеткендиги тууралуу бир ооз кеп айтылган жок. Кеп чынында, эл ичиндеги нааразылыктардын эң негизги себептери ушул маселелерден улам көтөрүлүп жатканы жашыруун эмес эле. Андыктан бул жыйын негизги көйгөйдү кыйгап өткөн, жеке адамдын кызыкчылыгын канааттандырууга багытталган, баш айландырма, көз боемочулук десек болот” деп белгиледи.

“Алиби”
гезити “Ачык саясат” гезитинин жабылышы тууралуу анын башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун “Бакиевдер менен Башкы прокуратурага жообун” жана “Король өлдү. Жашасын король!” деген макаласын сунуштады. “Ачык саясат” жана “Назар” гезитеринин жабылыш тууралуу макалалардын топтому “Доо арыз президенттин ар-намысын коргоо үчүн эмес, гезитти жазалоого багытталган”, “Кыргыз соттору тарабынан тыюу салынган гезитер башка ат менен чыгууга аракеттенишет” деп аталат.

Гезитке “Элдин үнү президент К. Бакиев менен Башкы прокуратура үчүн далил боло алабы?” аттуу рубрика алдында көлөмдүү кат жарыяланды. Катты Ысык-Көлдүн 260 жаштары кол коюп жөнөтүшкөн. Катта Кыргызстандагы бүгүнкү саясый-экономикалык абал, бийликтин бир үйбүлөлүк башкаруудан экинчи үйбүлөлүк башкарууга өткөнү, акыйкатсыздык, коррупция, жумушсуздук, Балыкчы окуясы ж.б. туралуу каңырык түтөткөн ойлор айтылып, сунуштар берилип, талаптар коюлган.

Нарындыктардын “Көл элине кайрылуусу” да “Алибинин” ушу санында.
XS
SM
MD
LG