Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

"Московский комсомолец Кыргызстан" гезити “Жуманын окуясы” деп аталган рубрика алдында “Таластагы революция” макаланы басты.

“Дело №...” гезити президент Курманбек Бакиевдин көлдүн фонундагы сүрөтүн жарыялады. Сүрөт буга чейин чуу болуп, китеп альбомуна кирген сүрөттөрүнүн Бишкектеги көргөзмөсүнө тыюу салынган С. Мельниковго таандык экени, кыргыз президентинин туулган күнүнө карата өткөн жылдын август айында белекке берилген сүрөттүн баасы 300 миң доллар турары, Кыргызстанда сүрөт көргөзмөсүнө тыюу салынган С. Мельниковдун бул сүрөтү бүгүн Бакиевдин кабинетин кооздоп тургандыгы маалымдалган.

Журналист Вадим Ночевкиндин макаласы “Ушактардын да учуру келет ...” деген макаласын басты. Автор маалымат булагынын мааниси тууралуу макаласында: “Аскар Акаевдин доору бүтөргө жакын анын уулу Айдар аялын өлтүрүп салыптыр...” деген ушак аралап кеткен. Анын карандай калп экенин эч ким териштирген да эмес, бирок президенттин үй-бүлөсүнүн кадыры бир баскыч төмөндөй түшкөн” деп эскерүү менен азыркы президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу да көптөгөн ушактар айтылып келатканын, ЦАРИИ жетекчиси Максим Бакиевдин эч кандай тиешеси жоктугуна карабастан аны баягы шумдуктуу автокырсык менен байланышы бар экен дегенге дейре барышканын, эми мындан ары карай мындай ушак-айыңдар улам күчөй берерин, калкты калптан коргоого бийлик алсыздык кыларын белгилеген.

-Кыргызстанды кимдер башкарбасын,-деп кебин андан ары улаган автор,- тырмагынан чачына чейин бюрократташып бүткөн аткаминерлер баягычылап эле “баарын бир катарга тизип алып, карыштыра кармап тургандан” бөлөк эч нерсе ойлоп таба алышкан жок. Ушинтсек өлкө да, бийлик да тынч болот деп ойлошот.

Кыргыз бийлигинин маалыматтын кылымы болгон 21 кылымда маалыматты чүмбөттөп, угузбай койгонго жасап аткан аракети өтө эле бечаралык менен барабар. Азыркы бийлик да өзүнө жакпаган гезиттерди жапты. Радиостанциялар менен телеканалдарды, анын ичинен чет өлкөлүктөрдүкүн да өчүрттү. Ошону менен эле баары ойдогудай болуп кеттиби? Таш балакеттинби? Тескерисинче бийлик эл ишенген маалымат булактарынын оозун жабам деп атып ушакка жолду кенен чаап берди. Ушак деген желдей тарап, таракандай тукумдаган, чегараны да билбеген, акча-тыйынга да карабаган эме экен, калктын азыр ушактан башка эч нерсеге ишенбей калган чагы. Ал эми ар бир кишинин кулагы менен оозун жабуу мүмкүн эмес. Акылдуу адамдар оппозициялык маалымат булактарын бекеринен кыжынганды таратып туруучу нерсеге салыштырбайт.

Бийликти жек көргөн адам дал ошол бийликти сындаган макаланы окуганда же радиону угуп, телеберүүнү көргөндө буусу чыгып, кадимкидей эс ала түшөрү айныксыз далил. Капкагы кадалган казандын капкагын алып турбаса кайнап жатып жарылып кетери турган иш. Көз карандысыз маалымат булагынын дагы бир жакшы жагы тигил же бул окуя тууралуу бийлик башындагы адамга жанындагылар айталбаган маалыматты билдирип тургандыгы менен да маанилүү. Эми мына ушундай маанилүү маалымат булагынан ажыраган бийлик көзү менен кулагынан ажыраган, бир байкуш денеге айланат. Мындай дене акыры бир күн жашоосун токтотот, Аскар Акаевдин күнүнүн бүтүшү дал ошол көз карандысыз маалымат булактары менен күрөшүп, алардын оозун жаба баштаган күндөн башталган,- деп жазды.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити “Жуманын окуясы” деп аталган рубрика алдында “Таластагы революция” деген ат менен Наталья Нестерованын сүрөттөр менен коштолгон макаласын жарыя кылган. Макалада кечээ болуп өткөн Талас окуясы кыскача баяндалган.

Мындан тышкары Рустам Кадыровдун “Баа маселеси”, “Баарына унчукпа” деген буйрук берилдиби?”, Нурлан Исмаиловдун “Валюта рыногу: начарлар утушка ээ болот”, Роман Гладкийдин Мария Данияровага жарым ачык кат”, юрист Нурбек Токтакуновдун “Нааразылык акциясында кармалагандар үчүн жетекчилик” деген макалалары да жарык көрдү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG