Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:51

Гезиттердин баары болуп өткөн окуяларды кеңири жазып чыгышты.

Бакиев бийлигинин кандуу колунан чырактай өмүрлөрүнөн ажырап, Ата Журттун тагдыры, жаркын келечек үчүн жан кыйган Баатыр үй-бүлөсүнө, жакындарына “Азаттыктын” миңдеген угармандарынын атынан, өзүбүздүн эмгек жамаатынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, арбагына башыбызды ийебиз. Эсил кайрандадардын жанын жаннаттан берсин!

Өлкөнүн башкы гезити болгон “Кыргыз туусу” “Улутту кордогон бийлик ойрон болду” деген баш тема менен жарык көрүп, 1-бетине Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаеванын “Азаттыктын” кабарчысы Аманбек Жапаровго берген интервьюсу менен жаңы санын ачты. Буга жанаша эле “Бийликтин өтүшү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын аткаруу декрети” жарыяланды.

Андан ары адаттагыдай эле айыл окурмандарынын каттары, Бакиев бийлиги кымбаттаткан тарифтер арзандап, Башмыйзам жаңыланары, Россиянын президенти Дмитрий Медведов менен Россия өкмөтүнүн башчысы Владимир Путиндин Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиргени, жакынкы аралыкта орус бийлиги менен сүйлөшүү үчүн Алмаз Атамбаев Москвага учуп барары маалымдалган.

“Улуттук гезит өз багытынан жанбайт”. Мына ушундай ат менен жарык көргөн макаласында гезиттин башкы редактору Кыяс Молдокасымов: “Азыр улутубуз, эгемендигибиз өтө оор, коркунучтуу кырдаалга кабылган учуру. Ошондой кыйын учурда жаңы бийлик өзүнө зор жоопкерчиликти алышынын өзү чоң эрдик. Жакындан жардам берип, жапа тырмак турбасак, ынтымагыбызды арттырбасак оорчулукту жеңе албайбыз. Сырттан сынай караган душмандар арбын. Андыктан жаңыдан жарык дүйнөгө келген өкмөттү колдойлу, бир бололу!” деп айткан.

“Эл сөзү” гезити “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” деген элдик накыл сөз менен бүгүнкү санын ачып, өз элине ок аттырып, жүзгө жакын адамдардын өмүрүн жалмаган Курманбек Бакиев эгер жеке керт башынын жана жакын туугандарынын, инилеринин, балдарынын коопсуздугун камсыз кылып, өлкөдө калууга уруксат кылынса, президенттик укугунан баш тартып, арыз жазып берүүгө даяр экенин “Лента ру” сайты жазып чыкканын, убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева Курманбек Бакиевдин жеке керт башынын коопсуздугуна гана кепилдик берилерин билдиргени кабарланган.

Гезит ошону менен бирге эле 7-апрель күнү Данияр Үсөновдун отставкасын кабыл алып жатып Роза Отунбаева менен Темир Сариев Үсөновдон: “Элди атууга буйрукту ким берди?” деп сураганда ал: “Жаныш Бакиев” деп жооп бергенин жана “Жаныш Бакиевди азыр таап келем” деген бойдон белгисиз тарапка “жылт” коюп, изин жашырып кеткенин, бирок анын Казакстан тарапка өтө качыптыр дегени калп экен деп, Максим Бакиевдин АКШга барганы тастыкталды, бирок акыркы окуяларга байланыштуу аны менен сүйлөшүүлөр болбой калганын АКШ Акүйүнүн өкүлү Филипп Кроули билдирди деп маалымат таратты.

“Элдин канына боелгон канкордун жүзү”. “Кыргыз руху” бүгүнкү санын ушинтип атап, Бакиевдин кан чачылган сүрөтүн 1-бетине басуу менен өлкөдөгү акыркы окуялардын хроникасын тизмектеген. Гезиттин башкы редактору Айзада Абазованын макаласы “Эми жаңылбасак экен” деп аталат.

“Эгер Роза Отунбаева кыргызга татыктуу президент шайлоого мүмкүндүк түзүп берүүчү убактылуу өкмөттү 3 ай эле татыктуу башкарып бере алса, анда ал үч эмес, 30 жыл даңкталган англиялык королевадан артык баасын алып, тарыхта калмак. Кеп көп жыл башкарууда эмес, татыктуу башкарууда” деген оюн ортого салды. Гезит андан кийин өткөн окуяларды чагылдырган фото сүрөттөргө, макалаларга орун берген.

“Алиби” гезити Бакиев бийлигинин адилетсиздигинен чет жерге баш калкалоого аргасыз болгон кыргыздын мекенчил уулдары Равшан Жээнбеков, Кубатбек Байболов жана Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстанга кайтып келишти деп, “Кабар” агенттигинин финансы деректири Олег Рябов 5-6 бала менен келип, күч менен “Сиз эс алыңыз, ден соолугуңузга коркунуч келип жатат” деп агенттиктин деректирлигине буга чейин Игорь Чудинов жетектеген Өнүктүрүү фонддун басма сөз катчысы Айбек Султангазиевди дайындап кетиптир, буга “Кабардын” жамааты түшүнбөй жатат деп маалымдады.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков акыркы окуяларды “Ороңгу келет ороңдоп...” аттуу макаласында талдоого алат. Мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун акыркы күндөрдөгү жосунсуз жоруктары баяндалат.

Мындан кийинки фото репортаж “Дем, күч-кубат – Манастан, так кулатуу – Таластан!!!” деп аталат. “Алиби” гезитинин дагы бир макаласында миң жылдыктын соту деген программа кабыл алып, Бакиевдердин гана эмес, алардын канкор бийлигинин чыңдалышына салым кошкондордун баарын жазалоо керектигин, бул элдик сот кыргыз тарыхында миң жылдарга сабак болуп, укумдан-тукумга унутулгус болуп калышын, Чолпон Баекова, Айтибай Тагаев, Рашид Тагаев Максим Бакиевдин президенттигине жол ачып берүүгө жандалбас кылышканын, аны периштедей макташканын белгилеген.

“Агым” гезити “Кандуу шаршембинин каармандары” деген ат менен жарык көрүп, анда: “Кандай болгон күндө да мамлекеттин келечеги, эртеңки жарык күн үчүн ажалга төш тоскон азаматтарыбыздын ар бир тамчы каны кыргыз журту үчүн ыйык. Эрдик деген ушинтип күтүүсүз жаралат. Мүмкүн Ала Тоо аянтына эстеликтерин тургузарбыз. Бул дагы эл менен кеңеше турган маселе. Ал эми боордошторубузду боо түшүрүп кырып жиберген снайперлерди таап жазалоо, өз элине ок аткандардын жүзүн ачуу жаңы бийликтин эң башкы максаты болууга тийиш” деп жазылган.

Бийликтин жер-жерлерде кантип алмашканы андан аркы беттерде сүрөттөрдүн коштоосунда чагылдырылган.

7-апрелдеги кандуу окуяга оюн айткан саясат таануучу Марат Казакпаев: - Бакиевдин кызматтан кетүүдөн бөлөк аргасы жок. А киши президент катары республикадагы кайгылуу окуяга жооп бериши керек. Аны сот жообуна тартуу зарыл,-деп, коомдук ишмер Карыпбек Алымкулов: - Отунбаева башында турган аткаруу комитети менимче ишти жакшы баштады. Маселен күч органдарынын башчыларын өз учурунда бекитти. Улуттук коопсуздук кызматы катуу аракеттенсе саясый абал турукташат. Ал эми кан төгүлгөнүн тарых эч качан кечирбейт жана кечирбеши керек,-деп жооп берди.

Алакандай кабарларында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө өлкөлөр Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалга кийлигишпестигин аталган уюмдун өкүлү “Интерфакс” интернет баракчасында билдиргенин жазат. Аталган уюм 92-жылы жамаатташ өлкөлөрдүн аймагын аскердик чабуулдардан, экстремчил, эларалык террорчулар менен уюшкан кылмыштуулуктан коргоо максатында уюшулган жана курамына Беларусь, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

“Агым” кыргыз-өзбек чегарасы белгисиз мөөнөткө чейин толугу менен жабылганын, чегаранын бекитилиши коңшу өлкөнүн демилгеси менен ишке ашырылганын, ошону менен бирге эле казак-кыргыз чегарасы аркылуу өтүүгө да чектөө киргизилгенин кабарлады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG