Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Кыргыз кырылбасын деп жан кыйышты!


Бүгүнкү гезиттер өлкөдөгү соңку окуяларга арналган макалаларды жазышты.

“Азаматтардан айрылып, Ала-Тоо батты санаага”. Мына ушундай аталыштагы макала менен бүгүнкү санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити Бакиевдин огунан курман болгон жигиттердин "Ата-Бейиттеги" жерге берүү зыйнатын чагылдырган макалаларга орун берген.

Убактылуу элдик өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын учурдагы кырдаал боюнча журналисттердин суроосуна берген жообу “Биз жарандык согуштун тутануусуна жол бербейбиз” деп аталат.

Атасынын бийлигинен пайдаланып, өкмөт башчысынын бир топ функциясын өзүнө кошуп алып, экономиканын майлуу жерлерин башкарууга өткөн Максим Бакиев Вашингтонго барган бойдон Араб Эмираттарына жер которуп кеткени кабарланган.

Мындан кийин Убактылуу элдик өкмөттүн башчысынын 1-орунбасары Алмазбек Атамбаевдин Россияга жасап келген иш сапары журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласында баяндалган.

Ушул эл санда өкмөттүн 1-Декрети, бир жолку материалдык жардам жөнүндө токтому, дайындоолор жана элчиликтен четтетилгендер жөнүндө буйруктар, Коргоо министри, генерал Исмаил Исаковдун “Бакиев бийлик үчүн баарына даяр экен” деген, Өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсаловдун “К. Бакиев менен сүйлөшүүгө барбайбыз” деген ат менен жарык көргөн маектери “Азаттык” үналгысынан алынып жарыяланган.

“Азаттыктын”
кабарчысы Шайырбек Эркин уулу менен курган маегинде ушу кезде Жалал-Абадда жүргөн Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Бектур Асанов Курманбек Бакиев эмес, анын иниси менен жолукканын, ал 500дөй киши менен жетелешип жүрбөгөнүн, анын билишинче мамлекеттик күзөт кызматындагылар, снайперлер менен жүрүшү ыктымалдыгын, бирок Бакиевдер Жалал-Абаддын ар кай жерине жылып, шаардын ичиндеги, четиндеги айылдарда бөгүп жатат деген маалыматтар барын айтып берген. Бектур Асанов ошону менен бирге эле 7-апрелдеги окуяны жалалабаддыктардын 99 пайызы колдоп жатканын кошумчалаган.

Жалындуу акын Тургунбек Бекболотовдун “Боздотконго өз элин, каргыш тийип, буюрбасын кыргыздын топурагы” деген ыры менен жаңы санын ачкан “Алиби” гезити Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу начальниги, полковник Турат Мадылбековдун маегин сунуштаган. Ал: “Элди атууга буйрукту Жаныш Бакиев менен Мурат Суталинов берген” деп аталат. Мадылбеков мырза азыр Бишкек толугу менен көзөмөлдө турганын, тополоңдо колго өтүп кеткен курал-жарактарды өз ыктыяры менен кайтарып бергенге 20 күн убакыт берилерин, 20 күн ичинде кайтарылып берилбесе иликтөө иштери жүргүзүлүп, курал каткандар жоопкерчиликке тартыларын да эскерткен. Ал эми 7-апрелде элге каршылык көрсөткөндөр ИИМдин борбордук аппараты, УКК кызматынын атайын жоокерлери болуп, аларга буйрукту Жаныш Бакиев менен Мурат Суталинов берип турганы да белгиленген.

Равшан Жээнбековдун интервьюсу: “Президенттик эмес, парламенттик бийликке өтүшүбүз керек” деп аталып, азыркы абал, шейит кеткен эр азаматтар, жаштардын орду ж.б. тууралуу маселелердин тегерегинде ойлорун билдирген.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков өткөн окуяга сереп салган макаласын “Диктатор К. Бакиев жана шордуу кыргыз” деп атап, Бакиев жаңыдан бийликке келгенде тоодой убадаларды берип, бирок бирин да аткарбаганы, үй-бүлөлүк диктатурасын орноткондон кийин катуу эсиргени, эсирип отуруп акырында ойду-тоону оттогон кептерди сүйлөй баштаганы, чындык, калыстык деп какшагандарды каматып, сабатып, куугунга алып, өлкөнүн мыдыр эткен байлыгынын баарын үй-бүлөсүнүн энчисине өткөрүп алуу саясаты менен гана алек болгону баяндалат.

Бакиев 5 жыл ичинде мамлекетти башкарууга татыксыздыгын, тайыздыгын далилдегени, анда адамдык сапат да өтө эле начарлыгы, мунусун ал акыркы берген интервьюларында тастыктагандыгы, Бакиев бүгүн жакын туугандарынан башкага кереги жоктугу, ага коңшулардын да, Россия менен Америка дагы, алтургай кечээ эле аны жандап жүргөндөр дагы далысын салып кеткендиги анын ким экендигин айкындап турарын жазды.

“Эл сөзү”
гезити кечээ күнү С. Т. Аттуу бир адам ири суммадагы же 509 миң 900 сомду, 210 миң доллар жана 18 миң 885 еврону Кыргызстандын белгилүү бир банкынын мөөрү басылган полиэтилен баштыкка ороп алып “жылт” коердо опер топ тарабынан кармалганын, суракта анын бакиевдердин айланасында жүргөн чоң аткаминерлердин бири болуп чыкканын кабарлады.

Журналист Эртабылды Аттокуровдун “Жаңы бийлик өткөндөн жыйынтык чыгарабы?” аттуу макаласы Акаев менен Бакиев бийлигинин таржымалын иликтөөгө алган.

Журналист Баратбай Аракеев эки беттен турган көлөмдүү макаласын “Эл бийлиги” деп атаган. Кутурган жагынан Жаныш менен Максим кыргызды эл деп санабай, чалмакейди чалганы, кыргыздын эр-азаматтарын тебелеп-тепсеп, бийликке тили бурууларды тартып, кыргыздын ырыскысын эларалык аферисттерге тартып бергени, сөздүн кыскасы Бакиевдердин көзүн 5 эле жыл ичинде кантип май басканы баяндалган.

Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Качкындарга элибиз ишенеби?” деп аталып, үй-бүлөлүк бийликти кулатуу эл үчүн жеңилге турбаганын, жеңишке жетүү үчүн 84 күлгүндөй жигит төшүн окко тосконун, Роза Отунбаева аял башын эркек кылып, калк таламын талашканын, генерал Исмаил Исаковдун майышпаган кайратын, туруктуулугун кепке алган. Оппозиция өкүлдөрү соттолуп, түрмөгө камалып, отту-сууну кечип келсе, кечээ чет өлкөгө баса бергендер эми түштөн кийин “келгин куш” окшоп кайтып келип жатышканын баяндап, К. Байболов, Э. Байсалов, Р. Жээнбеков, Б. Бешимов, Ө. Абдракманов, К. Булатов өндүүлөрдү мисалга тарткан.
XS
SM
MD
LG