Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:48

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити журналист Улугбек Бабакуловдун Бакиевдер тууралуу макаласын басты. Элдик ыңкылапты басып салуу үчүн Жаныш менен Максим көзгө атар “шыпшайдарларды” күн мурунтан эле Латвиядан алдыртып келгенин, анткени чечен жоочуларын финансылоодо чоң адистиги бар Борис Березовскийдин шакирти, латвиялык Валерий Белеконь Максимдин досу жана өнөктөшү экендигин жазды. "Дело №" 8-апрелде АКШнын ырасмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө аракет кылган Максим Бакиев менен мурдагы бийликтин Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин аракеттеринен майнап чыкпаганын билдирди.

“Дело №....” гезити АКШнын Кыргызстандагы элчилиги: “Бизде Курманбек Бакиевге баш калканч берүү жана анын Кыргызстандан чыгып кетишине жардам берүү жөнүндө эч кандай план жок, ал эми “Америка жардам берген жатыптыр” деген сөздөрдүн баары болбогон ушак-айыңдар” деп билдирди” деп кабарлады.

Болуп өткөн окуяларды толук чагылдырууга аркет кылган “Дело №....” гезити Убактылуу Элдик өкмөт мүчөлөрүнүн сүрөттөрүн өмүр баяны менен жарыялады. Мисалы өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетин кызыл диплом менен бүткөнүн, кыргыз, орус, англис жана француз тилдеринде эркин сүйлөөрүн, генерал лейтенант Исмаил Исаков Москвадагы М.В. Фрунзе атындагы аскер Академиясын, Россиянын Башкы штабынын Академиясын, Италиядагы эларалык укук Институтун окуп чыкканын басты.

Ушул эле гезит парламент төрагасы Зайнидин Курманов депутаттардын делегациясы менен Санкт-Петербургка кеткен боюнча Бишкекке кайтып келгенден коркуп жатканын АКИ преss агенттиги кабарлоо менен ЖК төрагасынын орунбасары Кубанычбек Исабеков болгон окуяга парламенттин да күнөөсү бар деп айтканын белгиледи.

Гезит андан ары 8-апрелде АКШнын ырасмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө аракет кылган Максим Бакиев менен мурдагы бийликтин Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин аракеттеринен майнап чыкпаганын, АКШ мамдепартаментинин атайын өкүлү Филип Кроули Сарбаевди кабыл алганын, бирок ал жолугушууда мурда каралган кыргыз-америкалык эки тараптуу сүйлөшүү болбой калгандыгы жөнүндө билдирип, Максим Бакиевди кабыл алуудан баш тарткандыгы тууралуу маалымат таратты.

АКШ мамлекеттик департаментинин Мамлекеттик катчысы К.Клинтон айым жана анын орунбасары Ф. Дж. Кроули менен Убактылуу Элдик өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, АКШнын Мамлекеттик катчысы Кыргызстанга бардык тарабынан жардам көрсөтө тургандыгын, ошондой эле аймактык коопсуздук маселесинде Кыргызстандын ролу чоң экендигин белгилеп, Американын аскер базасынын мындан аркы тагдыры кандай болорун сураганын, буга Роза Отунбаева кыргыз бийлиги эки тараптуу келишимдер боюнча иш алып барарын айтканын билдиргенин кеп кылды.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити журналист Улугбек Бабакуловдун Бакиевдер тууралуу макаласын басты. Маселен Жаныш Бакиев өлкөнүн бүтүндөй менчик ишканалары менен курулуштарына жана козинолоруна кожоюндук кылып, бирөөлөрдүн байлыгын тартып алууга адистешкенин, мисалы Карачай диаспорасынын башчысы Исмаил Кочкаровдун “Кыргыз долбоор” коомдук бирикмесин тартып алып, өзүн түрмөгө камап, акырында түрмөдө өлтүрүлгөнүн, өлгөндөн кийин маркумдун өлүмүн бандиттерге шылтап койгонун, ал эми уулу Максим Бакиев атасы бийликке келгенге чейин майда-чүйдөлөр менен бизнес кылып жүрүп, атасы президент болору менен дароо чоң-чоң фирмалардын ээсине айланганын, ал алгач Ысык-Көлдүн көптөгөн пансионаттарын тартып алганын, маселен Андрей Проскурин менен Наталья Сиротинага тиешелүү “Утес” деп аталган пансионатка адегенде кишилерин жөнөтүп, эгер жакшылык менен бербесе иши жаман болорун айттырганын, пансионат ээлери өз менчигин берүүдөн баш тартканда Андрей менен Татьянаны түрмөгө тыктырганын, Максим андан кийин дагы далай объекттерди басып алганын, чөнтөк телефондорго 60 тыйынды көбөйттүргөн да ал болгонун, анткени жубайы Айжан Кененбаева андан түшүп туруучу 300 миң долларга кайрымдуулук фондун ачкысы келгенин, мындай сумма Максим үчүн чыйт түкүрүм экенин баяндады.

Гезит муну менен бирге эле элдик ыңкылапты басып салуу үчүн Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев өтө ийгиликтүү даярданганын, айрым бир сөздөргө караганда Жаныш менен Максим көзгө атар “шыпшайдарларды” күн мурунтан эле Латвиядан алдыртып келгенин, анткени чечен жоочуларын финансылоодо чоң адистиги бар Борис Березовскийдин шакирти, латвиялык Валерий Белеконь Максимдин досу жана өнөктөшү экендигин жазды.

Үй-бүлө башчылары адегенде оппозиция лидерлерин камап, анан аянтка чыккандарды массалык түрдө ата баштасак эле эл өзү качат деп пландаштырышкан. Бул сценарийди Бакиевдер 2005-жылдагы Анжиян окуясынан алышкан. Бакиевдер аянтка чыккан элди массалык түрдө кыруу менен элди экинчи митингке чыккыс кылып салууну жана кыргыздын жүрөк үшүн алып коюуну көздөшкөн. Аянттагы сценарий так ушул план менен башталган. Чындыгында эле Акаевден кутулуп, турмушубуз эми оңолот деп ойлогон кыргызстандыктар андан жаман эзүүгө туш болгон. Эл өзү көтөрүлдү. Эгер бул ирет алдырса эртеңки күнү мындан да азаптуу жана кандуу болдорун, өлкө туташ диктатуранын кишенинде каларын жон териси менен туйду.

Ушу күндөрү Бакиевдин агенттери көзгө атар “шыпшайдарларды” Тажикстан менен Өзбекстан алып келиптир деген ушактарды атайылап таратып жатышат. Мындай жол менен Бакиевдердин үйбүлөсү кыргыздарды бир тууган өзбек менен тажик элине каршы тукуралбай жандалбас кылышууда. Бирок УККдагы булактардын биринин айтымында мурда коопсуздук кеңешинде иштеген Марат Бакиев өзү элдик көтөрүлүштү басуу үчүн суранганда өзбек аткычтары макул болбой койгонун айтканын да кабарлап чыкты.

Белгилүү саясат иликтөөчү, КМШ өлкөлөрүнүн орус Институтунун аймактык бөлүмүнүн деректири Александр Князев: “Курманбек Бакиев менен анын уулдары жана бир туугандары эми кыргызстандыктар үчүн түрмөдө олтурчу кылмышкерлер же жөн эле өлүк денелер катары элестеп калды. Мунун дагы бир өтө эле жумшак жана ишенимсиз үчүнчү варианты да бар. Бакиевдер эч ким билбеген Африка өлкөлөрүнүн бирине барып, ысымдарын өзгөртүп алып жашаш керек” деп айтты.

Максим булардан тышкары өлкөдөгү “Алтын” дүкөндөрүнө да көзөмөлдүк кылып келген. А. Акаевдин китепканасын жана үйүн өзүнө менчиктеп алган. Өтө эле дардактап кеткен Максим Бакиевдин “Алтын-Золото” холдингинин “бутун” “Россия” басары менен Россиядан өч алгысы келген Максим Бакиев Кыргызстандын түштүгүнө Американын дагы бир базасын ачууну суранган. Буга атасы Курманбек Бакиев макул болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG