Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Өлө турган чак өттү... Бөлө турган чак эмес


Бүгүнкү гезиттер эмнелерди жазды?

“Пресс kg” гезити “Жалал-Абад эли тынчыды, губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асанов маалымат жыйынын өткөрүп, мындан аркы кырдаал бийликтин көзөмөлүндө боло турганын айтты деп, Улуттук электр тармактары ишканасы кымбат баада автотрансформаторлорду сатып алып, мамлекетке 30 млн. 717 миң сом зыян алып келгендиги жана башка иштери үчүн мурдагы Энергетика министри Ильяз Давыдовго кылмыш иши козголду деп, Финансы министри Темир Сариев Ички иштер органдарынын ишинде көптөгөн маселелер барын, өкмөт милийсалардын айлыгын эки эсе көтөрүү зарылдыгын белгилеп, АКШдан акча сурап кайрылды деп кабарлады.

Гезит дагы бир макаласынын атын “Бакиев Африкада деле Бакиев” деп атап, аны КМШнын башка өлкөлөрү батырбай Беларуска барып баш калкалаганын, Лукашенконун Орусияга да ою түз эмес экенин кечээги сөзүндө билдирип, анысын Бакиев аркылуу жалпы орус элине сокку урдум деген оюн кыйытканын маалымдады.

“Экс-ажонун мыйзамдуу жана мыйзамсыз аялдары”, “Бакиев өзүн-өзү президентмин деп тааныды” деген макалалар да ушул санда.

“Асман преss”
гезити Убактылуу өкмөттү сынга алган макаласынын атын “Бийлик талаш же Убактылуу өкмөттүн өзүм билемдиги” деп атады.

Азимбек Бекназаровдун маеги “Революциянын экинчи этабы болот деп ар дайым айтчумун” деп аталат.

Бекназаров марадерлук боюнча 200гө жакын кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп атканын, жакындан бери Элмурза Сатыбалдиев өз ыктыяры менен сурак бере баштаганын, Бакиевдер өздөрү менен кошо "Азия Универсал" банкы аркылуу 157 млн. АКШ долларын чыгарып кеткендигин, ал акча Американын бир банкына барып түшкөндүгү аныкталып, аны Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча иштер жүрүп атканын айткан.

“Кекчил болбой эпчил бол” аттуу рубриканын алдында жарык көргөн макала Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Нариман Түлеевдин шаар үчүн жасаган жакшы иштерине токтолгон. Анда эл тарабынан Түлеевге берилген баа тегин жерден чыкпаганын кепке алып: “Убактылуу өкмөттүн учурда өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууда зор тажырыйбалуу уулдар Аликбек Жекшенкулов, Абдыганы Эркебаев, Мирослав Ниязовду четтетип койгону кадыр-барк алып келбестиги белгилүү. Ошондуктан “кекчил болбой, эпчил болсок” ишибиздин жемиши арбын болор эле” деген ойго окурман көңүлүн бурган.

Көптөн бери жарык көрбөй калган “Айгай” гезити кайрадан жарыкка чыкты. Гезиттин башкы редактору Кенжебек Арыкбаевдин апрель окуясын талдоого алган макаласы “Көптөн үмүттөндүргөн көтөрүлүш же алдыда эмне күтүп жатат?” деген ат менен тартууланды.

УКК төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаевдин “Бакиевдердин кланын бир жумада кыркып салуу мүмкүн эмес” аттуу маегин аталган гезит “Азаттык” радиосунан алып баскан.

Ушул эле гезит “Урмат Барктабасов деген ким?” деген макаласында Урмат Барктабасовдун ишкердигин, өлкөдөн чыгып кеткенге дейре кандай жакшы иштерди жасагандыгын баяндаган. Барктабасов акыркы кезде компьютердик технология жаатында АКШ, Араб, Индия компаниялары менен бирдикте иш алып барып жатканын, азыр ал Кыргызстанды өнүктүрүү маселелри туурасында дүйнөлүк бедели бар адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганын окурман журтуна кулак кагыш кылган.

“Жаңырык апта”
гезитине экс-депутат Мурат Жураев маек куруп, эми мындан ары жакынкы коңшулар менен, айрыкча Россия, Кытай, Түркия менен алаканы чыңдоо зарылдыгын, бара-бара борборду Түштүккө көчүрүү керектигин, бүлүнгөн чарбаны жыйнап алган соң Кыргызстан бай өлкөлөрдүн катарына бат эле кошуларын, анткени электрэнергиядан, алтындан, бажыдан, салыктан түшкөн кирешелерди эч ким тонобосо, калган каражат элге кенен жетерин кеп кылды.

Баяндамачы Алым Токтомушевдин макаласы “Бунт” деп аталат. Автор чү дегенде эле: “Тарыхты карайлы: бир дагы революция элге жакшылык алып келген эмес. Тескерисинче, революциянын эртеси эле адамдык, социалдык, маданий, экологиялык трагедияларды тартуулаган” деп, буга дүйнөлүк ыңкылаптарды далилге тарткан. Гегель менен Маркска шилтеме кылган.

“Ошентип Бакиев 2005-жылы эмне эксе ошону орду. Тилекке каршы Бакиев Акаев эмес экен, мансап үчүн адам канын суудай агызып кетти. Азыр да агызып, уруу-уруу, жер-жер, улут-улут кылып кырылыштыруу аракетинде. Ака-үкалары кыргыз казынасын калпып, уурдап кеткен акчаларынын жардамы менен” деп жазат Алым Токтомушев. Баяндамачы макаласынын аягында Өмүрбек Текебаев жылуу кабинетте олтуруп Конституция жазып атат, андан көрө өлкөнү талап-тонооо, жер-жердеги бийликти күч менен тартып алуу жана башка каракчылыктарды токтотуп алып, анан Башмыйзамга баш оорутпайлыбы деген бирөө да жок” деп кабыргасы кайышты.

Ушул эле автор “Форум” интернет сайттарына 2007-жылдын 3-апрелинде жарык көргөн “Вторая жизнь Сали ава (или о фобиях второго президента”) деген орус тилиндеги баянды окурмандарга которуп тартуу кылды.

“Учур” гезитине “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов: “Портфелди эмес, элдин келечегин ойлойлу” деген ат менен маек курду.

Жекшенкулов маегинде цивилизациялуу мамлекеттерде саясатчылар алмашкан менен мамлекеттик кызматкерлер иштей берерине, азыркы убактылуу өкмөттүн келип эле портфел бөлүштүргөнү туура эместигине, кокус бүгүн профессионалдарды жоготсок, мурункудай эле көрүнүшкө барып кептелерибизге, өлкө тагдырын мыкты билгендерди “бул аныкы, бул тигиники” деп бөлбөө керектигине токтолгон.

Жекшенкуловдун интервьюсун гезит “Азаттык” радиосунан көчүрүп сунуштаган. Буга удаа эле “Бийлик адилеттүү жана таза болсун же Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө Аликбек Жекшенкуловдон кайрылуусу” деген ат менен кайрылуу басылды. Анысында Жекшенкулов ушу кезде Убактылуу өкмөттүн жасап жаткан иши тууралуу кандай сөздөр жүрүп жатканын белгилөө менен жаңы бийлик азыр кандай чараларды көрүү керектигине 7 беренеден турган сунушун берген.

Ушул эле гезиттеги дагы бир маек “Мен өз жолумду тандадым” деп аталат. Гезит кабарчысы менен “Замандаш” партиясынын төрагасы Мухтар Өмүракунов маек курган. Гезит андан ары алакандай кабарларында сасый технолог Эмил Каптагаевдин маанайы жакшы болбой атканын, анткени өкмөттөгү ич ара ынтымактын жогуна нааразы болгондой түрү бар экен деп, баягы “бригада” атка конгон Ахматбек Келдибеков, Камчы Ташиев, Марат Султанов, Садыр Жапаров сыяктуу жигиттер “Ата Журт” аттуу партия түзүп, шайлоого камдана баштаптыр деп, Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсаловдун оңду-солду карабай сүйлөй бергенине ичи чыкпагандар көбөйдү деп маалымат таратты..

Гезит “Келечек” аттуу патриот жаштар кыймылы түзүлгөнүн да кабарлап, алардын айрым мүчөлөрүн сөзгө тарткан.
XS
SM
MD
LG