Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Башты байлык жутат


"Батькага" барып баш калкалаган Бакиев Курманбек
"Батькага" барып баш калкалаган Бакиев Курманбек

“Дело № ...” гезити “Жаңы бийликке 20 күн: эң чоң суроо –Жаныш кайда?” деген макала менен жаңы санын ачты.“Московский комосмолецтеги" “Бакиевдин батькасы” деген макалада Максим Бакиевдин шериги Валерий Белоконь, Белекондун досу, азыркы Беларусь бийлиги менен тыгыз байланышы бар Валерий Каргин, алардын артында туруп алып, ар дайым Россияга тиш кайрап олтурган айтылуу Борис Берозовский туууралуу сөз болот.

“Дело № ...” гезити Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары Азимбек Бекназаровдун кечээ күнкү “Кабар” агенттиги аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирүүсүнө кенен токтолгон.

Билдирүүдөгү чоң жаңылыктын бири - өзгөчө оор кылмышы үчүн Курманбек Бакиевди президенттиктен ажыраткандыгы болду деп кабарлаган.

Гезит ошону менен бирге эле Беларусь телеграф агенттиги жарыялаган президент А. Г. Лукашенконун Бакиев баш калкалап барган учурдагы сүйлөгөн сөзүн кыскартып баскан.

Бул санга Убактылуу өкмөт төрайымынын орунбасары Өмүрбек Текебаевдин маеги да жарык көрдү. Текебаев 7-апрелден кийинки абалга, андагы окуянын кандай болгонуна токтолуу менен Башмыйзамга, парламенттик башкаруу формасына, парламенттик шайлоонун жол-жоболоруна өз ой-пикирин билдирген.

“Эгер Убактылуу өкмөт сунуштап аткан Конституциянын бул долбоорун эл колдоп берсе Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен башкаруунун парламенттик формасына өткөн биринчи өлкө болуп калат. Бул күндөрү башка өлкөлөрдүн оппозициялары эки диктаторду тагынан кубалап түшкөн Кыргызстандын эркиндикти сүйгөн элин сыймыктануу менен карап турат. Алардын үмүт-тилектери биздин өлкөдө курула турган демократиялык түзүлүшкө көп жагынан байланыштуу. Бүгүн бизде бекем жана бакубат демократиялык системаны куруу менен өлкөбүздү бүткүл дүйнөгө мисал кылып көрсөтө турган оомат келди” деп айтты.

Артур Исаев менен Оксана Бурдицкаянын макаласы маркум Медет Садыркуловдун жана анын жолдошторунун өлтүрүлүшүн айтып бере ала турган жападан жалгыз күбөлөрдүн бири Өмүрбек Осмоновдун 11 жерине бычак сайылып өлтүрүлүшүнө багышталган.

“Дело №. ...”
мындан тышкары Максим Бакиевдин бөлмөсүнөн Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык жашыруун ири суммадагы долларлар менен евро жана сомдор, куйма алтындар, өлкөнүн бир канча райондоруна караштуу салык инспекциялар менен фирмалардын штамп-мөөрлөрү, банктардын ачкычтары жана номуру өчүрүлүп салынган тапанча огу менен табылганын сүрөттөрү менен жарыя кылды.

Гезиттеги дагы бир маекти УКК төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев берген. Маекте 10 жыл мурдагы жөнөкөй алып сатар соодагер Михаиль Надель аттуу адам кантип Азия Универсал Банктын кожоюнуна айланганы, анын латвиялык ишкер шериги Валерий Белеконь жана Максим Бакиев менен кантип дос болгону, анан үчөөнүн кандай жолдор менен “акча жасаганы” баяндалат.

Андан кийинки беттеги фотосүрөттөрдү гезит “Манас-Банктагы” Максим Бакиевдин офисинен тартып алып шардана кылган, ар бир сүрөткө кыскача түшүндүрмө берген. Мына ушул бөлмөдө Кыргызстандын тагдыры чечилип тургандыгы тууралуу кеп болгон.

Гезиттен ошондой эле “Бакиевдин инилери жоголууда...”деген, Бакиевдердин зоопаркы тууралуу макалаларды да окууга болот.

“Московский комосмолец Кыргызстан”
гезити да өткөн окуялар жөнүндө кеңири жазып чыкты. “Бакиевдин батькасы” деген макалада анын Лукашенкого барып баш калкалаганы, Максим Бакиевдин шериги Валерий Белоконь, Белекондун досу, азыркы Беларусь бийлиги менен тыгыз байланышы бар Валерий Каргин, алардын артында туруп алып, ар дайым Россияга тиш кайрап олтурган айтылуу Борис Берозовский туууралуу сөз болот.

Макалада Березовский менен Бакиевдердин байланышы илгертен эле болгону, алтургай Берозовский Бакиев бийликке келери менен ага жолугуу үчүн Бишкеке учуп келгени айтылат. Борис Березовский Лукашенко үчүн да бөлөк-бөтөн адам эмес. “МК Кыргызстандын” Белоруссиядагы булактарынын билдиргени боюнча ал маал-маалы менен Минскиге келип, Лукашенко жашаган мамлекеттик резиденцияга токтоп өтөт. Борис Березовский муну менен бирге Лукашенконун саясый кеңешчисинин милдетин да аткарат, аны чет өлкөдөгү керектүү деген адамдар менен жолуктурат. Кыскасы Бакиев менен Лукашенкону каза берсе экөөнүн күлү бир жерде додо болуп жатканын оңой эле байкаса болорун белгилейт аталган басылма.

“МК Кыргызстандын”
дагы бир макаласы мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновго арналган. Данияр мырза 90-жылдары Апас Жумагуловдун жөлөп-тайоосу менен сырттан спирт ташып келип, самопал арак жасап сатуу менен байыганы, 95-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп, салык комитетин башкарып турганы, чөнтөгү кыйла калың болгону менен досу Мелис Эшимкановдун “бей-бечералар” партиясына киргени, “Эридан” компаниясын ачып Акаевдан куулганы, кийин Бакиевдин колтугуна киргени, 300 миң долларга “премеьер-министрликти” сатып алганы жагдайында да кеп болот.

Басылма булардан тышкары Кыргызстанда коммуналдык төлөмдөр кайрадан өз ордуна келгенин, Убактылуу өкмөт бийликке келери менен берген убадасын аткарып, электр энергия менен ысык сууга болгон төлөмдөрдү мурдагы калыбына келтиргенин цифралардын тил менен маалымдаган.

Гезит кабарчысы Улугбек Бабакуловдун макаласы Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри Молдомуса Коңгантиев жөнүндө. “Албетте, экс-министрдин 6-апрелдеги окуясына сот органдары чекит коеру белгилүү. Молдомуса Ташболотович укук коргоо ведомстволорун мурдагы министр катары эмес, эң ириде Бакиевдерге ыктаган адам, айрыкча Жаныш Бакиевдин жакын адамы катары кызыктырары турган иш” деп белгилеген гезит, укук коргоо жана сот органдары жандырмагын жандыра турган 10 жыл мурдагы дагы бир иш бар экенин окурмандардын эсине салган. Ал – Улуттук Банктын Жалал-Абаддагы бөлүмүнөн 25 млн. сомдун уурдалышы. Айрым далилдерге таянсак, Жалал-Абаддагы Улуттук Банктын ошол кездеги башчысы Мелис Батырбековдун 2005-жылдын июнь айындагы айтканына караганда банкты Жаныш Бакиев тоноп, ага ошол кезде областтык милийсанын начальниги болуп турган Молдомуса Коңгантиев жардам берген.
XS
SM
MD
LG