Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Гезиттер учур окуяларын жана Башмыйзам тууралуу ой-пикирлерди жаза баштады.

“Асман. кg” гезитине “Эл арманы” саясый партиясынын башчысы Мирослав Ниязовдун “Болтун демократтардын куру сөздөрүнө тоюп кеттим” деген ат менен маеги жарык көрдү. Башмыйзамдан мурда жолбашчы боло турган инсанды биринчи планга койгон Ниязов мырза: “Биз мыйзамды күнөөлөп атабыз, чындыгында күнөөнүн баары мамлекет башындагы адамдарда. Жакырчылыкка да, жакшы жолго да алып бара турган адам. Буга чейин кой терисин жамынып алып мамлекеттик кызматта иштеп келген карышкырларды мындан ары бийликке жолотпой, таза адамды тандап алуу керек”, - деди.

Мирослав Ниязов андан ары “Парламенттик республика деген – афера, авантюра. Муну кыргыздын душманы гана жасайт. Кечирип коюшсун, Убактылуу өкмөттүн ичинен Роза Отунбаевадан башка мамлекеттик иште тажрыйбасы бар бирөөнү да билбейм” деп айтуу менен Кыргызстанды башкарууга профессионал адам керектигин дагы бир ирет баса белгилеген.

Ушул эле гезит экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков менен маекти, Бермет Акаеванын Казакстандын маалымат каражаттарына берген маегин, Эмил Узакбаев, Жантөрө Сатыбалдиев, Исках Масалиев жана Равшан Жээнбеков менен интервьюларды басып чыкты.

“Айгай”
гезити жаңы санын “Текебаев Мадлен Олбрайт менен макулдашып алып келген Конституциясын кыянатчылык менен өткөргөнгө аракет жасап жатабы?” деген тема менен ачып, коомдук ишмер Анвар Артыковго сөз берген. Анвар мырза анысында “Азыр Убактылуу өкмөттү колдоо үчүн ар түрдүү топтор, коомдук кыймылдар, партиялар жана көз карашы бат өзгөрчү адамдар арасында жарыш жүрүп жаткан убак. Бул жалпысынан алганда жакшы көрүнүш. Өзөгү акыйкаттыктын орношуна үмүт берет” деп белгилеген. Артыков аны менен бирге эле сунуш кылынган Башмыйзамды сынга алган. Кемчиликтерин көрсөткөн.

Акин Токтоналиевдин макаласы “2005-жылы Урмат Барктабасовду кимдер “кидать” эткен же Убактылуу өкмөт анын кайтып келишине неге каршы?” деген ат менен сунушталды.

Бул гезиттен Ф. Куловдун “Эми бизде эч ким президент болгусу келбейт” деген аталыштагы “Общественная позиция” гезитине берген маегинин кыскартылган котормосун, Темир Сариевдин “Бакиевдердин жалгыз максаты - өлкөдөгү тынчтыкты бузуу” деген ат менен кабарчынын суроолоруна берген жообун да окууга болот.

Мурдагы өкмөттүн мүчөсү Акылбек Жапаров “Күч менен чечебиз дегендин аягы 7-апрель менен бүттү” деп айтуу менен Таластагы башаламандык кандайча башталганын баяндаган. Гезиттин бир катар интервьюлары “Азаттык” радиосунан алынып жарыяланган.

Ушул эле гезит “Кыргыз эл биримдигинин” чукул чакырылган III Култайынын чечимдерине окурмандардын көңүлүн бурган. Анын 1-беренесинде: “2005-жылы башталган Элдик ыңкылап уланып, жеңишке жетишип, Акаевдин-Бакиевдин үй-бүлөлүк, командалык бийлиги кулатылды деп табылсын” деп, “Кыргызстанды сактоо элдик комитети” түзүлгөндүгүн, ал Убактылуу өкмөттүн ишинин мыйзамдуулугуна көзөмөлдүк жүргүзө тургандыгын жар салган. Курултайдын дагы бир чечиминде: “Улуттар аралык жана диний ынтымак биримдикти бекемдөө, өлкөнү башкарууга жаштарды тартуу, аларды үйрөтүү жана тарбиялоо, башка улуттардын өкүлдөрүн бийликке катыштырууну аткаруу бийлигинин негизги милдеттеринин бири деп табылсын”, - деп жазылган.

“Учур” гезити саясый серепчи Сабыр Муканбетовдун “Бакыт кушу конду, асырай алабызбы?” деп аталып, Башмыйзам тууралуу ойлорун ортого салган. Автор: “ Эң негизгиси Убактылуу өкмөт сунуштаган Башмыйзамдын долбоорунда буга чейин кыргыз жеринде болуп көрбөгөн эркиндиктин нормалары сунушталып жатканын туура түшүнүшүбүз керектигин айткым келет. Мындай демократиялык нормалар коңшу мамлекттердин түшүнө да кире элек. Бул мыйзам асмандан түшкөн жок, 85 баатырдын каны менен келди” деп билдирди.

Гезит ошондой эле “Маркос, Сомоса, Акаев, Бакиев жана башкалар” деген ат менен “Азаттыктын” кабарчысы Эсенбай Нурушевдин дүйнөдөгү качкын президенттер тууралуу баяндаган макаласына орун берген.

Кайрадан өз ээсинин колуна тийген “Айат пресс” гезитинин акыркы айлардагы тагдырын анын башкы редактору Жылдыз Мусабекова кеп кылган. Жылдыз айым аталган гезитти андан Жаныш Бакиевдер кантип тартып алгандыгын, аны менен эле тим болбой артынан аңдуу түшкөнүн, коркутуп-үркүтүүлөр байма-бай болуп турганын, үй-бүлөсүнүн тагдырынан чочулаган Жылдыз балдарын алыскы айылга алып барып жашырып, өзү да жашырынып жүргөнүн, “Айат пресс” гезитин тартып алгандар гезиттин багытын дароо оппозицияны көздөй буруп, аны каралаган материалдарды чыгара баштаганын кеп кылган.

“Пресс. кg” гезити атасынын аты жазылбаган Мелис деп аталган автордун “Бакс” менен “Батька” эмнеси менен окшош?” деген макаласын тартуулаган. Макалада Бакиев менен Лукашенконун бири-бири менен окшош жактары сүрөттөөгө алынган.

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун маеги “Башаламандыктан тез арада чыгуу керек” деп аталып, Кулов Москвага барып, Россиянын президенттик админстрациясынан Сергей Нарышкин менен жолукканын, бир сааттан ашык сүйлөшкөнүн, жолугушууда Кремль Россия тараптан кандай жардамдар керек деп сураганын, Феликс Кулов орус бийлигинен Убактылуу өкмөттүн жасап аткан иштерине колдоо көрсөтүү керектигин өтүнгөнүн белгилеген. Куловдун айтуусунда, Россиянын Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнө көз карашы жакшы. Кулов мырза аңгемесинин калган бөлүгүн талкууга чыгарылган Конституциянын оош-кыйыш жагдайларына жана өзү менен болгон мурдагы окуяларга токтолгон.

Генерал Исмаил Исаковго арналган материалдар гезиттин 7-бетине топтоштурулган. Генералдын карындашы болгондугу үчүн Бакиев бийлигинин кысымына кантип кабылганын, Алайдагы көргөн азабын Элмира Турганбаева айтып берген.

Генерал И. Исаковдун жалган жалаа менен камалганы, кайраты, темирден бекем эрки тууралуу Үмөт аке деп аталган адамдын айткандарында аңгемеленген.

Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациянын башкы деректири Кубат Оторбаевдин маеги: “Улуттук 1-канал 13 млн. сомго чыгым болду” деген ат менен жарык көрдү. Башкы деректир сөзүндө 7-апрелде өтө маанилүү деген аппаратуралар, видеокамералар талкаланып, чыгармачыл жамаат азыркы учурда өтө оор абалда иштеп жатканын айткан. Сөз эркиндиги жагдайындагы суроого жооп берген Кубат мырза жалпыга маалымдоо караждаттарынын баасы эми ого бетер жогорулаганын, бирок тилекке каршы кыргыз тилдүү журналисткада анализ деген дээрлик жоктугун, кыргыз тилдүү гезиттер анализ дегенди кимдир бирөөлөрдөн өч алып шылдыңдоонун куралы катары колдонуп келатканын, бүгүн ушундан арылуу керектигин баса белгилеген.

Журналист Улугбек Курманбаев даярдаган макаланын аты “Келе турган бийлик “4-бийликке” Бакиевдей кысмым кылышы мүмкүнбү?” деген ат менен сунушталды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG