Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:59

“17-майга эмне даярдалып жатат?” деген аталыш менен бүгүнкү санын ачкан “Дело № ...” гезити Бишкекте түрдүү ушактар жортуп жүргөнүн: “...бирок эң башкы окуя бүгүн болот имиш, анткени түштүктөн бир канча миңдеген криминалдык жана жарым криминалдык элементтер Бишкекке келаткан имиш... Апрелде курман болгондорго куран окулгандан кийин алар Убактылуу өкмөттү кулатыш үчүн чыгат имиш...” деген эле имиш сөздөр... А чынында эмне болгон жатат?” деп суроо коюп, басылма “Апрель” элдик кыймылынын лидери Бакыт Бакетаев менен маектешкен.

Бакыт мырза өзү жетектеген “Апрель” кыймылы эч кандай нааразылык акцияларын өткөргөнгө даярданып жатпаганын, тескерисинче саясый топтордун каршылашуусуна каршы турарын белгилеп, бүгүн өлкөдө ар кандай топтор барын, алардын бири Бакиевдин тууган-туушкандары , алардын жоро-жолдоштору, Бакиевдердин үй-бүлөсүнөн кызамт алып жан багып келгендер жана убактылуу өкмөт менен кызматташууну каалаган “акжолчулар”, дагы бири 7-апрелдеги окуяга катышкан Урмат Барктабасовдун жактоочулары, айрым отставкадагы генералдар, Бакиевдин режимине радикалдуу каршы турган, бирок ошол эле убакта убактылуу өкмөткө нааразы болгондор бар экенин, бирок алардын ортосунда бири-бири менен байланыш жоктугун билдирген.

Ал ошону менен бирге эле октябрдагы шайлоону күтпөстөн эле убакытлуу өкмөттү айдап салууну көздөгөн күчтөр да жок эместигин, эгер жогорудагы топтун лидерлери ийри олтуруп, түз кеңешпесе, өлкө жарандык жалынды жаманып калышы ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

- А сиз башчылык кылган “Апрель” кыймылы кимдерден турат?-
деген суроого Б. Бакетаев:

- Негизинен 7-апрелдеги окуянын катышуучулары, ооган согушунун 6 миңге жакын жоокерлери жана өзүм башчылык кылган күрөш федерациясынын спортсмендери, ар кайсыл улуттун өкүлдөрү турат. Кыймылдын уюмдары Жалал-Абад менен Баткенди кошуп алганда бүтүндөй өлкө аймагын ичине камтыйт. Ооба, Убактылуу өкмөт баарына эле бирдей жага бербейт., анын чакырыктары балким калктын калың катмарын канааттандырбайт. Бирок аны “көрдөн алып, жерге чаап” каралоого көп акылдын деле кереги жок. Биз бүгүн башкарууну ошолорго берип, өзүбүз жүргүнчү болуп учуп кетип бараткан самолетко окшошпуз. Кокус алган багытыбызды бузуп алсак, анда кулаган самолет өңдүү кыйрап жок болобуз. Бизге бүгүн анын бир тыйынча да кереги жок. Өкмөт азырынча алсыз болгон менен бүгүн калктын туруктуулугунун гаранты болууда. Ошондуктан баарыбыз октябрдагы шайлоого тынч даярдануубуз керек,-деп айтты.

“Түштүк тынч”.

Курманбек Бакиевди коргоо комитетинин өкүлү Жанара Молдокулованын “АКIpress” маалымат агенттигине билдиргенине караганда 17-майда өтөт деген митингке бакиевчилердин эч кандай тийешеси жок, анын билишинче ал митингди Аскар Акаевдин жактоочулары жасайт экен деген маалыматы бар. Бакиевчилер бир жарым миңге жакын адам. Алар Жалал-Абадга Пайзулло Рахмоновдун губернатор болушун каалайт.

Ошол эле убакта 12- 17-майда болот деп аткан путчка генерал-майор Өмүрбек Суваналиев өзүнүн эч кандай катыштыгы жоктугун, 7-апрелдеги курман болгон жигиттердин каны менен спекуляция жасаганга эч кимдин акысы жоктугун, эгер баш аламандык болсо генералдык погон тагынган адам катары мыйзамсыз иш жасаганга эч кимге жол бербестигин, туруктуулукту кимдер бузгусу келсе ал дароо Убактылуу өкмөттү колдоого биринчилерден болуп чыгарын билдирди.

Аталган басылмага “Актуалдуу интервью” деген рубрика алдында Кыргызстандын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраевдин маеги жарык көрдү.

Ушул эле санга маек курган дагы бир генерал-майор Мирослав Ниязов 12-14-17-майда азыркы бийликти алмаштыруу болот экен деген имиштерди ал да укканын, бирок имиш экенине карабастан мындай нерселерге олуттуу маани берүү зарылдыгын, анын үстүнө бүгүнкү бийликке ичи чыкпагандар жетиштүү экенин, убактылуу бийлик өлкөдө тартипти орнотуунун ордуна консититуция токуу менен алектенип олтурганын сынга алган.

-Сиз да каршылык акциясын жасаганга, балким көтөрүш жасаганга катышасызбы?- деген суроого М. Ниязов:

-Сөздөр жүрүп жатканын билем. Бирок мыйзмасыз иштерди жасамай мага мүнөздүү эмес. Ошондуктан ачык эле айтып коеюн: мен эч кимди үгүттөгөн жокмун, эч кимди уюштурган жокмун, эч бир мыйзамсыз жосундарга бара турган аракеттерге жетекчилик кылган жокмун. Абалды атайылап туруксуздукка алып келүү деген бул – кылмыш. Ошол эле убакта өлкөнү тартипке салып алуу үчүн кайсы бир мезгилге чейин темирдей бекем президенттик башкаруу формасын киргизүүнү жактагандардын биримин. Бүгүнкү шартта жок дегенде бийлик өзүн өзү сактап калуу үчүн ушуга барышы керек,- деп айтты.

“Акыйкаттык бардыгына бирдей” деген ат менен саясый илимдердин доктору, мурдагы тышкы иштер министрлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун интервьюсу жарык көрдү.

Учурдагы саясый жана социалдык абалга баасын берген Жекшенкулов бүгүн коом ойгонгонун, эмоция тарай баштаганын, ошондуктан убактылуу өкмөт эки-үч партиянын эмес, партияда жоктогулар менен ар түркүн көз караштагыларды ичине камтыган бүтүндөй элдин өкмөтү болушу зарылдыгын баса белгилеген.

“Московский комсомолец Кыргызстан”
гезитинин кабарчысы Елена Агееванын макаласы “Жаздын 17-көз ирмеми” деп аталып, Кеңешбек Дүйшөбаев жетекчилик кылган УККнын жүргүзүп жаткан ишин сынга алган.

Журналист “Дин, укук жана саясат” изилдөө борборунун эксперти Кадыр Маликовго суроо менен кайрылганда, ал экстремисттик багыттагы диний уюмдардын ар кандай нерселерди жасап жибербөөсүнө эч ким кепилдик бералбастыгын, бирок андай үчүнчү күчтөр коңшу Өзбекстанды туруксуздукка алып келе турган иш үчүн Кыргызстанды аянт катары гана пайдаланарын, бирок азыр андай башаламандыкка барбай тургандыгын, ал эми “хизбутчулар” акырындык менен башкаруу органдарына, партияларга баштарын тыгып атышканын баяндаган.

Гезит ошону менен бирге эле 17- май күнү Кожомкул атындагы спорт сарайында 7-апрелдеги кандуу окуя тууралуу видеоматериалдарды көрсөтүү менен кайрымдуулук концерти өткөнү жатат деген да сөздөр барын маалымдаган.

Эркин Кожоевдин макаласы “Майда улутчулдуктун төркүнү мамлекеттик саясаттын колтугунда жатат” деп аталып, бакиевдердин кланы менен Убактылуу өкмөттүн кадр талашы негизинен өлкөнүн Жалал-Абад жана Ош аймактарында жүрүп келатканын талдоого алган.

Ушул эле кадр маселеси тууралуу журналист Улугбек Бабакулов “Кыргызфильмофонддун” продюсери Азима Абдумомунова менен маегинде сөз кылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG