Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Апрель “терисин” жамынгандар...


12-майдагы митинг, Бишкектин эски аянты.
12-майдагы митинг, Бишкектин эски аянты.

Бүгүнкү гезиттер эмне дешет?

“Албетте, бакиевчилерден башкалардын баары жалпы ынтымак менен тынчтыкты каалайт. Апрелчилер терисин жамынган криминалдык топтордун тополоң салмай оюнун жашыл акчалар менен артынан түртүп аткандар дал ошол элден уурдалган акчалардын коррупционер кожоюндары. Алар өлкөбүздүн туруктуу нукка түшүүсүнө каршы чыккандар, алар жетисиндеги окко учкан жигиттердин арбагына каршы чыккандар, алар азыр жарадар болуп ооруканада жабыгып жаткандарга каршы чыккандар, алар шейит кеткендердин сыздап калган жакындарына каршы чыккандар, алар ар бир кыргызстандыктын келечек таалайына каршы чыккандар, кыргыздын тукум-курут болуп кетишин каалап, бабабыз Бакай менен, айкөлүбүз Манаска каршы чыккандар, эң ириде Кудайга каршы чыккандар!

Эй, кыргыздар?! Кансыраган өлкөбүздү уйпалап, кайра-кайра митинг өткөрүүдөн эмне табабыз? Эсибиз барда, этегибизди жабалы” деген сөздөр менен жаңы санын ачты “Айат пресс” гезити.

Ушул эле гезит Бишкектин мурдагы башчысы Нариман Түлеев менен маекти басты. Түлеев Максим, Жаныш Бакиев менен ээрчишип жүрбөгөнүн, Данияр Үсөнов тарифтерди көтөргөндө эң биринчи өзү каршы чыкканын, азыркы күндө эч кимдерге кошулбай эле өзү менен өзү жүргөнүн, эгер шаар башчылыгына шайлоо болсо өз талапкерлигин кое тургандыгын, оюнда президенттик-парламенттик өлкө болушун кааларын айтып берген.

Маектин алдына нарындыктардын Нариман Түлеевге куугунтук токтотулушун Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаевадан талап кылган кайрылуусу кошо жарык көрдү.

Гезит кабарчысы Бурул Мусабекованын суроолоруна жооп берген Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Маскөө сапарына, андан келип Ош шаарына баргандагы жолугушууларына учкай токтолуп, 17-майда элдин тынчын алган эч нерсе болбойт деп ойлоорун, бирок митингге тукуруп жаткандардын ким экендиктери өкмөткө белгилүү экендигин билдирген.

- Учурда айрым, фирмалар жабылган. Мисалы, “Аюу” фирмасы ушундай абалга туш болуп, жамааты ишсиз калып, нааразы болууда. Буга эмне дейсиз?-деген кабарчынын суроосуна Роза Отунбаева:

- “Аюу” фирмасы тууралуу уктум. Бул ишти өзүм көзөмөлгө алам. Муну жер-жерлерде иштеп аткан прокурорлор жакшы иштеп аткан фирмалардын тизмелерин көтөрүп алып коркутуп, акча алышат экен. Ошондойлорду бизге билгизип, айтып турушса, биз калыбына келтиребиз.

Буга удаа эле аталган фирманын башчысы Шаршенбек Абдыкеримовдун эки беттен турган интервьюсу кошо жарыяланды.

“Жаңырык апта” гезити “17-апрелде кандуу окуя кайталанышы мүмкүнбү?” деген суроо менен кайрылганда генерал Өмүрбек Субаналиев:

-Мен өзүм генерал катары стабилдүүлүк тарапта иштеп келгем, эч кандай күчтөргө катышкан эмесмин. Бирок депутаттарды чогултуп, жаңы кишини алып келебиз деп Түлеевдин атын атап атышат,-деп,

Саясат таануучу Марс Сариев: - Дестабилдүүлүктү көздөп бир топ эл чыгат. Бирок 7-апрелдегидей кандуу окуя болбойт, митинг тынч эле өтөт,-деп,

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев:
- Кайталанбайт, анткени элде Убактылуу өкмөткө Бакиевди жек көргөндөгүдөй сезим жок,-деп,

Саясый серепчи Орозбек Молдалиев:
- Митинг болор-болбосу арсар. Бул жөн эле чагым-ушак болушу да мүмкүн. Кандуу окуяны кайталай турган болсо, алардын ою ишке ашпай турганын билиш керек. Биздин өлкөнү алсыратып туруп, ит жетелегендей жетелеп алгысы келген коңшулар да бар. Бул өтө чоң маселе. Ошондуктан болтурбоого аракет кылыш керек,-деп,

Генерал Мирослав Ниязов: - 17-майда эмне болорун билбейм, бирок бүгүнкү кырдаалда депутаттар качып кетпей башын көтөрсө болмок,-деп жооп берген.

“Пресс . kg”
гезити Өмүрбек Абдырахмановдун Баш мыйзам жөнүндө жүйөлүү ойлорду ортого салган макаласын сунуштаган. Анда бийлик бутактарынын карым-катышы, парламенттеги депутаттардын саны кандай болушу керектиги айрым бир өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында көрсөтүлгөн.

“КыГыБыга шпаргалка” деген рубрика алдында Максатбек Калматов аттуу автордун “Капилет келген сектадан сакта” деген баяны тартууланды. Анда дин саясаты туурасында кеп болот.

Оштон жазып жөнөткөн Жолдош уулу саясатташтыруу илдети эбактан бери мамлекеттин чек ара кызматын да аралап жүргөнүнө окурман көңүлүн бурган. Улугбек Курманбаевдин “Жаштар үчүн жаштар министрлиги керекпи?” деген аталыштагы макаласы жаштар маселесин талдоого алган.

“Учур” гезити айтылуу ишкер Ташкул Керексизов Көл кылаасына “Аалам Ордо” комплексин куруп бүткөнүн, эми ал 16-майда элди чакырып, 7-апрелде шейит кеткен жигиттердин арбагына куран окутканы жатканын, 40 боз үй тигилерин маалымдаган кабар таратты.

Аталган гезит алакандай кабарларынан тышкары Баш прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраевдин “Жалал-Абад банкындагы ишти ачканым үчүн кызматтан кеткем” деген ат менен маегин жарыя кылды.

Чыгыш медицинасы боюнча адис Медер Бишкек маек куруп, ушу күндө Дубайда иштеп жүргөн белгилүү ишкер Урмат Барктабасов жөнүндө ага түрк ишкери Али деген кеп салып бергенин, Барктабасов Астана шаарынын вице-мэри болуп иштегенин, Дубайда 48 соода борборун, Гонконг, Малайзия, Сингапур, АКШ, Испания өлкөлөрүндө абдан чоң бизнес-долбоорлорду ишке салганын, анан эмне үчүн ушундай адамды Кыргызстан пайдаланбай келатканына таң калганын билдирген.

Журналист Садырбек Чекировдун макаласы “Убактылуулардын” убагы канчага созулат?” деген ат менен жарык көрүп, буга чейин калың элди таптап, канатын күүлөп, уюштуруп, ураан чакырып келгендер дал ушул Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Бекназаров, Сариев, Исаков болгонун, апрель көтөрүлүшү баарыдан мурда коңшулардын тынчын алып, түн уйкусун бузганы да чын экенин белгилеп, бийликтин ушу тапта жүргүзүп аткан иштеринин оош-кыйыштарын таразага тарткан.

“Айат пресс” гезити, “Өкмөттү өгөйлөбөй туралы” деген баш тема алдында Убактылуу өкмөттүн башчыларынын ар бирине кыскача мүнөздөмө берип, ушу тапта көрүнгөнү эле Убактылуу өкмөттү туш-туштан жаманатты кылууга жан үрөп атканын, бирок булардын иштегенине бир ай эле болгонун, ошондуктан келери менен карапайым калкка берген убадаларын дароо аткарууга киришкенин, бир тобун аткарганын, канча жылдар оппозицияда жүрүп, анын азап-тозогун тартканын, андыктан алты айга келген өкмөттү колдоо керектигин баса белгилеген.

Гезит “Замандаш” партиясынын заманы келгенин, анын төрагасы Муктар Өмүракунов 9-май күнү 48 согуш ардагерине сыйын көрсөтүп, чапанын жаап, ар бирине акчалай белегин тартуу кылганын, ИИМ министринин 1-орунбасарлыгына Бакиев доорундагы адамдын денесинен кесилип алынып белекке берилген кулак менен сөөмөйдүн “авторун” тапкан айтылуу полковник Мелис Турганбаев дайындалганын маалымдады.
XS
SM
MD
LG