Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:10

Гезиттер жазышат ...

“Кыргыз руху” гезити: “Ошту бакиевчилер басып алды” деген кабар бүгүн карапайым адамдарды дүрбөлөңгө салуу үчүн болгон аракет болууда. Бирок мындай бандиттик саясат элге эч качан жукпайт. Бул ыңкылаптан кийин боло жүрчү көрүнүштөрдөн. Мунун өзү бакиевчилердин 6-апрелде Таласты, 7-апрелде Ак үйдү басып алган элди туураганы окшойт. Бирок бир нерсени эске алуу керек, Таласты да, Ак үйдү да анда акчага алданган бандиттер эмес, эл басып алган. Демек эл менен Бакиевдин жалданма бандиттерин салыштыруу мүмкүн эмес.

Убактылуу өкмөт – Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ашырбек Бакаев, Азимбек Бекназаров, Бакыт Алымбеков, Мелис Турганбаевга окшогон азаматтарыбыз мындай басып алгыч бандиттерден элди коргоого чечкиндүү аракеттерди көрүүлөрү керек. Ошол эле учурда Суваналиевге, Куловго, Ниязовго окшогон генералдар Убактылуу өкмөттү сындай бергенди коюп, элди коргосун. Кимдин ким экенин эми көрөбүз.

Оштун эли өз сөзүн Бакиев бандиттери менен кирип келгенде эле айткан. Кечээ Бакиевдин өзүн кубалаган Оштун эли, бүгүн Бакиевдин куйруктарын кубалайт. Бирок ага жеткирбей, кан төктүрбөй элди бандиттерден коргоп калуу мен тартип коргоочумун деген ар бир эр азаматтын милдети болууга тийиш” деп жазып чыкты.

("Рухчулардын" оозуна сала бергендей эле бүгүн бакиевчилерден Ош облакимчилиги генерал Исмаил Исаковдун чечкиндүү аракети менен бошотулганын өз кабарчыбыз Алишер Токсонбаев билдирди.)

Аталган гезит отставкадагы полковник Акыл Акуновдун “Паркеттик генералдар таракан сыяктуу коңулдан чыга баштады” дегн орус тилиндеги макаласын сунуш кылган. Макалада генералдар – М. Ниязов, Ф. Кулов, Ө. Суваналиев жөнүндө сөз болот.

Журналист Жума Мамбетовдун Үсөн Сыдыков тууралуу макаласы “Бакиевден мурун Үсөн Сыдыковдун бийлиги башталган” деп аталып, Үсөн Сыдыковдун Акаев мезгилинен берки ишмердүүлүгү сөзгө алынган. Ажаан аялдардын отрядын түптөп, аялдын этегине жашынган өнөрдү баштап кеткен Үсөн Сыдыковду башка кечирсе да кыргыздын тарыхы кечирбейт” деп жазды.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын мурдагы мүчөсү Адилет Өмүркуловдун “Саясатчынын жүзү” деп аталган макаласы да Үсөн Сыдыковдун жүзүн ачууга арналган.

“Форум” гезити бүгүнкү санын баяндамачы Баратбай Аракеевдин “Легитимдүүлүктү эл берди” деген макаласы менен ачты. Автор эл кыйынчылыгын жонуна көтөрүп, ар кайсыл туурадан чыга калмайлардын соккусуна карабастан иш алып барып аткан Убактылуу бийликти эл колдоорун, эл ишенээрин кеп кылган.

Маданият министринин милдетин аткаруучу Рыскелди Момбековдун айтымында, ушул жылдын 30-майында Дооронбек Садырбаевди мамлекеттик деңгээлде эскерүү болорун, кыргыз деп жүрүп өтүп кеткен Докебизге Кыргыз Эл Баатыры наамын ыйгаруу маселеси каралып жатканын кабарлаганын маалымдады.

Журналист Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Орусияга кошулууну ким каалайт?” деп аталып, бийлик жана эл тууралуу оюн ортого салган.

Ушул эле гезитке 7-апрелде башына эки жолу ок тийип аман калган Алияс Алымкулов кеп салып: - Ажалым жок экен, башыма 2 ок жесем да алдыңарда аман турам. Мени азыр “жарым жан” деп айтышат. Канча жашарымды да билбейм. Эми Мекен үчүн курман болгондордун арабактары үчүн келечегибизге алгылыктуу кадам таштайлы. Мамлекетибизди көтөрөлү. Убактылуу өкмөткө жардам берели. Ыйманга келели. Бүт дүйнө суктангандай мамлекет түзөлү. Көр пенделик пастыктан өйдө бололу!- деп чакырык салды.

“Агым” гезитине азыркы абал тууралуу “ат жалында маек” курган генерал-майор Өмүрбек Суваналиев: -Мамлекеттүүлүктүн тамырын кыркып, кезектеги революция жасоого эч кимдин моралдык акысы жок. Ошондой күчтөр чыкса алгачкылардан болуп Мекенимди коргойм. Биз кыргызстандыктар эгемендүүлүгүбүздү сакташыбыз керек. Анүчүн ар бир жаран кайдыгер карабай, убактылуу өкмөткө көмөктөшсүн,-деп;

Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эмил Каптагаев: - Республикада абал көзөмөлдө,-деп;

Генерал-майор Мирослав Ниязов: - Утурумдук бийлик кырдаалды көзөмөлдөй албай калды. Аларда ынтымак жок,-деп,

Саясатчы Адахан Мадумаров: - Өзүн сыйлаган мамлекет легитимдүү бийлик менен гана кызматташат. Отунбаева өкмөтү ушул жагына көңүл бурса оң,-деп,

Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов: - Коомчулукту козутуп, түрдүү провокациялык чакырыктарды жасагандарды жоопко тартуу керек,-деп;

Академик Жамин Акималиев: - Кыргызстан 3-революцияны көтөрө албайт. Андай болсо бизде акыр заман орнойт. Өлкө мамлекеттүүлүгүнөн айрылып, кошуна өлкөлөрдүн кулуна айланат. Муну саясый элита да, жаштар да түшүнүшү керек,-деп;

Юрист Мукар Чолпонбаев: - Бул суроону революция жасоону каалагандарга узатыш керек экен. Мен буга жооп бере албайм,-деп;

Жазуучу Сейит Жетимишов: - Убактылуу өкмөт турмуштук проблемаларды реалдуу чечип атат, үчүнчү революция болбойт,-деп;

“Камэк” көп тармактуу клиниканын башчысы Эркин Маматов: - Үчүнчү революция жасагысы келгендер кыргыз элин “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кыларын түшүнөр бекен? Мунун кимге кереги бар?-деп;

“Айат пресс” гезитинин башкы редактору Жылдыз Мусабекова: - Революция жасоо жүзөгө ашпайт. Өткөндө митингге катышкан Токтайым Үмөталиеванын ким экенин жакшы билебиз. Баягы Аксы окуясында окко учкандардын жакындары борбордук аянтта акыйкаттыкты талап кылып пикетке чыкканда аларга каршы “антимитинг” өткөргөн,-деп жооп беришкен.

“Агымга” ошондой эле Бекназаров, Атамбаев тууралуу макалалар, укук коргоочулар Токтайым Үмөталиеванын: “Азиза Абдрасулова бийликке иштеп, чагым чыгаргысы келген” деген, Азиза Абдрасулованын: “Токтайымдын “оппозицияда курал, акча бар, кан төгүлөт” дегени чын” деген маектери басылды.

Бул санда генерал Ө. Суваналиевдин да маеги бар.

“Алиби” гезити 12-майда Бишкектин эски аянтында киши башына бери дегенде эле миң сомдон акча таратылганын, ошондон бери редакцияга келип-кеткен шаардыктар “Нариман Түлеев эмне үчүн элдин кыжырына тийип шаардын тынчтыгын бузуп жатат? Шаарды сүйгөн адамдын кылаары ушулбу” деп сөгүнүп атканын маалымдады.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков макаласын “Легитимизация машакаты” деп атап, Убактылуу өкмөттүн бул багытта жүргүзүп аткан иштери ынанымдуу экендигин белгилеген. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн төрайымынын 1-орунбасары Атамбаевдин “Нариман Түлеев “Бакиев менин атам” деп жүрчү деген маеги жана Заирбек Бактыбаевдин “Куловдун коомчулукка кошкон салымы – саясатка аралашпай койгону” деген макаласын окууга болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG