Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Эл, колуңда Кыргызстан турат, сымаптай кылтылдап!


Бүгүнкү гезиттер...

“Айат пресс” гезити кечээ күнкү Жалал-Абад шаарындагы окуяларды чагылдырган кабарларды тартуулады. Бул боюнча ойлорун ортого салгандар төмөнкүдөй дешти.

Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Сооронбай Жусуев:
- Элге каршы чыгып, эл бөлгөндөр эл бузарлар, мурдагы бийликти эңсеп, жактаган канкорлор, алар өз жазасын алат!

Коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов: - Эгер ушинтип тополоң чыгара берсек, акыры жүрүп биримдигибизди, мамлекетик көз карандысыздыгыбызды жоготуп алабыз, эсиңерге келгиле?

Коомдук ишмер Бегиш Ааматов: - Тополоң чыгаргандар элдин тагдырын ойлобогондор. Убактылуу өкмөт эл турмушун дароо эле жакшыртып жибере албайт. Буга убакыт бериш керек. Ал эми Үсөн Сыдыков дегендин кылганы туура эмес. Бакиевди бийликке ушул киши алып келген. Дагы эле анын талканын ташып, балпайып балдарынын төрүндө олтурар кезинде алакандай кыргыз элин экиге бөлүп, акылсыз иштерди жасаганы уят!

Мударис Кусейин Исаев: - Элди бөлүп, митинг уюштургандарга элдин келечеги, өлкөнүн тагдыры кызыктырбайт. Ошондуктан Убактылуу өкмөт кетенчиктебей коргонуу үчүн чечкиндүү кадам жасаса эл, коомчулук колдоого даяр. Ичи күйгөнүнөн же көрө албастыгынан нааразылык кылгандарга жол бербешибиз керек!

Журналист Жылдыз Мусабекованын “Үчүнчү күч” коркунуч барабаны кагылууда”, Маадабай Эшкожонун “Барчы, айланайын Адахам” аттуу макаласы, “Замандаш” партиясынын лидери Муктар Өмүракуновдун “Саясый күрөштү тартип менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар”, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун “Жер менчиктелбей, элдин ырыскысы болуп, түбөлүк калышы керек” деген маектерин жана башкаларды окууга болот.

“Асман преss” гезити, казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүндөн баштап кыргыз-казак чек арасы ачылсын деп буйрук берди деп кабарлады.

Аталган басылма ишкер Урмат Барктабасовдун маегин жарыялай баштады. Анысында ал бакиевчилер менен Түлеевди жактагандарга тиешеси жоктугун, ал алыста жүрүп да Бакиевдин тескери иштерин ашкерелөөгө салым кошконун баса белгилеген.

Мына ушул эле “Асман преss” гезитинен сиздер “Кыргыз байлыгын Россияга ташыган Бакиев” деген сандан санга жарыяланып келаткан маекти, экс-депутат Ибрагим Жунусовдун “Парламенттик башкарууга кошулбайм” деген, коомдук ишмер Болот Жанузаковдун “Бакиевдин жек көрө турган жүзү жок” деген интервьюлары да элдин элегине салынды.

Буга чейин эки саны жарык көргөн “Мезгил” аттуу гезит Убактылуу өкмөттүн Түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун маегин сунуштаган.

Генерал Бакиевдин системасына көнүп алгандар эски бийликти кайтарып келүү аракетин көрүп, аларды арам акчалар уктатпай атканын, ага кошумча “Мейли Бакиев келбей эле койсун, бирок Убактылуу өкмөт иштей албай калды” деп атайылап сөз таратып, мындан пайдаланып кетүүгө ашыккан башка күчтөрдүн, ошондой эле башка өлкөлөрдүн салымдары да бар экенин, бирок өзүнүн түштүккө барышы ийгиликтүү болгонун, элдин биримдигин бузууга жол бербегенин, каршылашкандардын тыягы да, быягы да, облус калкы дагы сый менен мамиле жасап, жүктөлгөн милдетти аткарууга мүмкүндүк болгонун айтты.

Бул интервьюну “Мезгил” “Азаттыктан” көчүрүп жарыя кылган.

Буга улай эле саясатчы Уран Рыскуловдун “Бийликтин бели ооруп турат, жрдам бербесек болбойт” деген маеги басылып чыкты.

“Жаңырык апта” гезити “Роза Отунбаеваны 2011-жылга чейин президент кылабыз деген чечимге оюңуз кандай?” деп суроо салды.

Коомдук ишмер Бегиш Ааматов: - Мыйзам чегинде Роза айымды көрсөтүшсө мен макулмун.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев: - Бул көйгөйдү Баш мыйзамды кабыл алгандан кийин чечкен оң. Андыктан мыйзамсыз референдум өткөрүү туура эмес. Роза Отунбаева президент боло алат. Бирок аны эл шайлашы керек.

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев:
- Азыр президент маселесин кое туруп, кыргыз-өзбек маселесин чечип алганыбыз оң.

Профессор Рахат Ачылова:
- Мен бул демилгени колдойм. Анткени 20 жылдан бери чыгаан эркектерибиз элибизди итке миндирип койду. Роза Отунбаева ишин так, таза аткарган инсан. Мен Роза айымдын кыргыз элинин келечеги үчүн таза иштээрине жүз пайыз кепилдик бере алам.

Мына ушул эле гезит сураганда Жалал-Абад облпрокурору Каныбек Турдумамбетов шаардагы тополоңду Бакиевдер каржылаганын билдирген.

Экс-депутат Аскар Салымбеков “Ак жол” деп аталган партияга мүчө болбосо да, анын съезддине барбаса да сыртынан тон бычып, депутат кылып салганын, революция болгондон кийин эле партиядан чыгып кеткиси келгенин, эми депутаттык мандатын таштаганын, анын себептерин кенен кеп кылып берген.

“Учур” гезити саясый серепчи Сабыр Муканбетовдун баяндамасын сунуштады. Автор элди түндүк-түштүккө бөлгүсү келген Бакиевдердин ыңкылаптан кийинки кылып аткан кылыктарына, казак-кыргыз чек арасы жабылганына карабастан эки бир тууган эл эч качан бири-бирин айыптабастыгына токтолгон.

Булардан тышкары саясатчылар Жусупжан Жээнбеков менен Аликбек Жекшенкулов чоң саясатта бир болууга максат коюшту деп, экс-депутат Улугбек Ормонов “Ата журт” деп аталган партиясынан “аткез” бериптир деп, 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо “Туран” партиясы менен “Улуу Биримдик” улутчул партиясы бириккенге аябай жандалбасташкан эле деп, “Аюу” арак заводунун деректири Бейшен Өскөнбаевге ИИМ кылмыш ишин козгоп , суракка алган атыптыр, эсиңерде болсо буга чейин мырза “Келечек” аттуу кыймыл түзүп, саясатка аралаша баштаган деп, айтылуу Акаевдин аспиранты Кубанычбек Жумалиев “Адилет” аттуу пратиясын “токунуп” чыкты деп маалымат таратты.
XS
SM
MD
LG