Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

“Биздин Мекен – бир гана Кыргызстан!”


Жалал-Абадда 19-майда болгон тополоң
Жалал-Абадда 19-майда болгон тополоң

“Кыргыз туусунда” маркум Медет Садыркуловдун “Бакиевдин иши эки айда бүтөт” деген маеги жарык көрдү.“Форум” гезити Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевдин телефон аркылуу “кан төгүү” операциясын сүйлөшкөндөрүн кыргызча которуп жарыя кылды.

“Кыргыз туусу” гезити Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы абал турукташып калганын, генерал Исмаил Исаковдун жолугушуусунда митингдин катышуучулары тарабынан бир катар маселелер коюлганын, Жалал-Абаддагы башаламандыктарга байланыштуу күнөөкөрлөрдү табуу жана тергөөнү жүргүзүү боюнча прокуратура органдары аракеттерди көрө баштаганын кабарлады.

Майлы-Суу шаарындагы нефть менен газ кендерин Өзбекстан бекер иштетип үзүрүн көрүп келатканы, аны кайтарып алууга мезгил жеткени профессор Надырбек Жуманалиевдин катында кеп болот.

Улуттук университеттин 14 окутуучусу Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага кайрылып, окуу жайдагы институттун деректири Ж. Бокоев “бизде “Манас жана укук” деген сабак окутулат деген шылтоо менен “Манастаануу” сабагын четке кагып келатат деп даттанышкан.

Журналист Жыпар Исабаеванын макаласы “Максим, Нариман, Елисеев жана башкалар Кыргызстанды кантип тоношкон” деп аталса, Мырзакат Тыналиевдин макаласы “Текшерүүлөрдүн саны аз эмес, сапаты натыйжа берет” деп аталат.

Ушул эле “Кыргыз туусунда” маркум Медет Садыркуловдун “Бакиевдин иши эки айда бүтөт” деген маеги жарык көрдү. Редакция бул маек 2009-жылдын 7-мартында М. Садыркулов каза болорго 6 күн калганда чет элдик журналист тарабынан алынып, бирок жергиликтүү гезиттердин бири да аны чыгара албаганын, ал бүгүн алгачкы ирет жарык көрүп жатканын кошумчалаган жана мунун катарына “Адахам, шыбырап айтпай, элге угуза айтса болмок!” деген макаланы коштогон.

“Кыргыз руху” гезити бул санын “Сапарыңыз байсалдуу болсун Роза эже” деген баш макала менен ачып: “Убактылуу өкмөт мүчөлөрү элдин убалына калбай Роза Отунбаевага тизгинди кармата беришкени туура болду. Себеби, учурдагы саясатчылардын эң эле тажырыйбалуусу, эмоцияга алдырбаган адекваттуусу, калысы да ушул киши экен.

Албетте, биз аны апендинин кызындай мактоодон алыспыз. Бирок учурдагы татаал кырдаалда оор жүктү моюнга алуу баатырдык.Андыктан белди бекем бууп, ушул кыйын кырдаалдан элиңизди чыгарууга чечкиндүү калдам таштаңыз. Жаныңызда Өмүрбек Текебаевдай, Исмаил Исаковдой, Эмил Каптагаевдей ар бир сөзүн салмактап сүйлөп, такшалып калган азаматтар бар. Алмаз Атамбаев, Азимбек Бекназаровго окшогон эрдиги бар, эси жоктордун эрдигин пайдаланып, эси жок жоруктарын оңго салып алыш да сиздин колуңузда. Сиз мыкты болсоңуз Аликбек Жекшенкуловду да, Урмат Барктабасовду да элдин пайдасына иштете аласыз” деп жазды.

“Кыргыз рухунун”
бул санына Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрүнөн да шилтеме берилген.

Дагы бир макалада “Жалал-Абадда эл Кадыржан Батыровго өзбек болгону үчүн каршы чыккан жок, анын байлыгына таянып, көпкөнү, карапайым элди басмырлаганы үчүн каршы чыкты. Мындай нааразылык мурда деле болуп келген. Мына Бишкекте деле эл Максим Бакиев менен Данияр Үсөновдун үйлөрүн талкалап кетишти. Эмне Данияр Үсөнов өзбек беле? Эл анын улутуна карап эмес, көпкөнүнө, элдин жашоо деңгээлин түшүнбөгөн дардестигине кыжыры келип ушуну жасашты. Мындан аз эле мурда Ошто да өзбек баланы кыргыз уруп коюптур деп от тутанып барып токтогон. Кыргыз менен кыргыз мушташат, өзбек менен өзбек мушташат, кайра табышат, аны андан ары улантуунун кереги жок. Мына ушундай болбогон бир өзбек-кыргыз мушташынан Ала-Букада чоң жаңжал чыгып кете жаздады эле, эртеси эле Ала-Букада жер титирөө болду. Демек мындай жорук Кудайга да жакпайт” деп жазып чыкты.

“Форум” гезити Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевдин телефон аркылуу “кан төгүү” операциясын сүйлөшкөндөрүн кыргызча которуп жарыя кылды.

Журналист Баратбай Аракеев макаласын “Гумандуулук былбырактыкка айланбасын” деп атап: “Тигине Төлөйкан Исмаилова эмитен эле “ бийликке оппоненттердин артынан түшүп жатат, кечиримдүү болуш керек” деп айтып жатат. Төлөйкандын оюна койсок, кандай гана кылмышкер болбосун, башынан сылап эркелетип, тамагын камдап, шейшебин ала чуркап турушубуз керек экен. Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова сыяктуулар “7-апрелдеги окуяны изилдейбиз” деп тыбырап жатышат. Четтен келген акчалары жанын койбой тыбыратып атса, бербейби бей-бечераларга” деди.

Ушул эле гезитте Конституциялык Кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин “Эгер биз жаңы Башмыйзамды колдоого албасак, акыркы 20 жылдагы окуяларга кайра келген болобуз” аттуу маеги бар.

“Жалал-Абад синдромунун сыры жана чыры” деген макала, М. Садыркуловдун 84 жаштагы апасы О. Малеванаяны кандайча коргогону, Бакыт Ордоковдун “Убактылуу өкмөттү колдош милдетибиз” деген баяндамасы, Кадамжайлык журналист Адылбек Жажановдун “Теңата сүйлөшкөнгө жетишүү керек” деген, Э. Аттокуровдун “Идеологиянын алсыздыгы интеллектуалдуулукту кыйратабы?” деген, “Манас ордо” коомунун президенти Анарбек Усупбаевдин “Кулов, 89 эрендин өлүмүнө сен да күнөөлүүсүң” деген макалалары басылды.

Акыркы макаланын бир жерин үзүндүлөй кетели, анда: “Кыргыз элин шорго батырган эки президенттердин бири Бакиев Курманбектин өз аты Закир, атасы Сали, чоң атасы Бахи, бабасы Миланпан… Бул ысымдардын баары дунган калкынын ысымдары. Дагы бир мисал, Бакиев ант берген күндүн эртеси, биринчи эл менен жолугуусун дунгандардын айлы Миланфандан баштаганын билесиңер. Ошол жерден дунгандарга автономия берилет деген сөз жөн чыккан эмес. Жакында эле ЭлТРден Максимдин иш бөлмөсүн көргөзгөндө байкасаңар керек, дунган элинин баатырларынын сүрөттөрү илинип турганын” деп жазылган. Бул макаланы толугу менен бүгүн жарык көргөн “Форум” гезитинен окуп алсаңыздар болот.

“Агым”
гезити санын “телефон шантаж” деген рубрика алдында “болжол менен А. Атамбаев менен А. Бекназаровго таандык делген сүйлөшүү” деп атап, экөөнүн сүйлөшкөнүн “Кимге ишенебиз” деген ат менен шардана кылды.

Журналист Аскер Сакыбаева “Үчүнчү жол” деп аталган макаласында, ушу жуманын башында кадимки В. Жириновский: “Кыргызстан менен Тажикстанды Россияга кошуп, 9-федералдык округ кылалы, себеби бул эки өлкөнүн келечеги жок” дегенин шилтеме кылып: “ … андан кийин бизге В. Рушайло, казак президентинин атайын өкүлү Б. Утемуратовдун “саясый стабилдүүлүктү жөнгө салууга жардамдашуу” үчүн келгени жөн эле ширма, а чындыгында экөө колуктуларды сындан өткөрүп жаткандай, Кыргызстандын келечектеги президентин тандоо үчүн келди деп айтса жарашат. А Маскөө болсо Жириновскийдин оозу менен Кыргызстанга эмне каалап турганын айттырып алды.

Ошентсе да бөлүнбөсүбүзгө, эч кимге округ болбой турганыбызга ишенгим келет. Бүгүн бир кезде “акаевчи” болгондорду, азыр “бакиевчилерди” жок кылуу керек деген ач айкырыктар каптап турат. Антип болө берсек, деги Кыргызстанда соо киши калабы? Андан көрө бири-бирибизди кажый бергенден тазаланып, ар бирибиз көчөдө эмес, митинг, пикетте эмес, жүрөгүбүздө, аң-сезимибизде революция жасайлы” деп жазды.
XS
SM
MD
LG