Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Кыргызстанды колдогон ким?


Бүгүн орус тилдүү гезиттер жарык көрдү.

Жарык көргөн “Дело №...” гезити ички иштер кызматы Исках Масалиевди колдоп чыккандардын арасынан Жогорку Кеңштин мурдагы депутаты Роман Шинди алып кеткенин 24.kg маалымат агенттигине Масалиевдин шериктеши Гүлжамал Султаналиева кабарлаганын билдирди.

БУУнун Баш катчысынын жардамчысы, Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык бюронун деректири Кори Удовички: “Биз Кыргызстан кайрадан авторитардык режимге кайтып барбас үчүн Убактылуу өкмөттүн аракетин күчөтүүгө жардам беребиз” деп айтты жана Кыргызстанга 12 млн. доллар бөлмөй болду деп маалымдады. Кори Удовички Убактылуу өкмөттүн жетекчилери менен жакында жолугушкан.

Быйыл Ысык-Көлгө келип эс алууну казакстандык 200 миң турист пландаштырып жатат. Туристтик операторлордун эсебине караганда буга чейин көлгө Казакстандын 2 млн. азаматтары эс алып кеткен. Кыргызстандын жаңы бийлиги коңшу өлкөнүн эс алуучуларын Ысык-Көлгө тартуу үчүн путевкалардын баасын төмөндөтүү жана жол паракорчулугуна каршы күрөштү күчөтүүнү максат кылууда.

Кыргызстандын социалдык-экономикалык проблемаларын биринчи иретте чечүү үчүн Россия Федерациясы өлкө казынасына 20 млн. доллар бекер бергенин, дагы 30 млн. долларды үстөксүз берүү жагын талкууга алып жатканын жазган жумалык “Россия Федерациясынын атайын өкүлү Владимир Рушайло бул жерде эмне кылып жүрөт?” деген суроо менен айрым атуулдарга кайрылды.

Саясат таануучу Марс Сариев: - Кыргызстандагы болуп жаткан окуялардын баары Россия үчүн өтө маанилүү, бирок республикадагы окуяларга Маскөөдө олтуруп алып туура баа берүүгө такыр мүмкүн эмес. В. Рушайло келгенге дейре Россия Кыргызстан тууралуу кандай дээрин билбей, эки анжы болуп турган. Дал ошол 19у күнү баары түшүнүктүү болду да, Россия лидер катары Роза Отунбаева тарапка ооду. Анан дароо эле Казакстан чек арасын ачты. Эми Кыргызстанда аздыр-көптүр өлкөнү турукташтыруу багытында легитимдүү иштер жасалат.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев:- Рушайло Убактылуу өкмөттүн легитимдешине, Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга, президенттик жана парламенттик шайлоолордун өтүшүнө жардам берет. Ал буга чейин эле Россиянын канчалаган “кандуу бурчтарында” болгон, тажрыйбасы мол. Жарандык согушту болтурбоо үчүн эмне кылуу керектигин, айрыкча Борбор Азиядагы эле эмес, мурдагы СССР аймагындагы оперативдүү абалды эң сонун билген адам.

“Полис Азия” иликтөө борборунун эксперти Эльмира Ногойбаева: - Рушайлонун келиши менен Россиянын Кыргызсианга болгон жаңы саясаты башталат.

Россиянын геосаясый Академиясынын президенти, генерал-полковник Леонид Ивашов: - Бул эң туура чечим. Кимдир бирөө Россиянын жетекчилигине обьективдүү маалымат берип турушу, экинчиден окуянын теңирден тескери өңүт алышына, кан төгүүлөр, жарандык согуш жана башкаларга жол бербөө керек. Мына ушул жагдайлардан алганда тажрыйбалуу оперативдүү кызматкер катары милдет так ушул В. Рушайлого бекеринен жүктөлгөн эмес. Ал Кыргызстандагы абалдын оң жолго түшүшүнө көбүрөөк пайда алып келет.

Ушул эле “Дело №...” бул санына Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орунбасары, чекист Алик Орозов менен кайрадан маек басты.

“Московский комсомолец Кыргызстан”
гезити журналист Елена Агееванын Убактылуу өкмөттөгү телефон “согушун” талдоого алган макаласы менен жаңы санын ачты.

Журналист Улугбек Бабакуловдун макаласы “Тордогу үчөө” деп аталып, ушул дүйшөмбүдө Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевдин өлүмүнө шектүү деп камалган Жумабек Зикирбаев, Улан Кожоев жана Чынгыз Мамытовдун Бишкектин 1-Май райондук сотунун имаратынан кантип качып чыкканын кеп кылган.

Журналист макаласында жогорку даражалуу атайын кызмат адамдарынын кийлигишүүсүз мындай качып кетүү мүмкүн эместигин кулак какты кылган. Мамлекеттик Коопсуздук кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин: “Айрым кызматкерлер күндүз Бакиевдерди кармамакчы болуп, түнкүсүн аларга тамак ташып жүрүшөт” дегенин шилтемеге алып, мамлекеттик коопсуздук кызматында да “корт” деп аталгандар олтурганын белгилеген.

- Версиялар бар,-дейт журналист андан аркы сөзүндө,- адатта Зикирбаевдин деңгээлиндеги кылмышкерлердин колуна салынган кишен да, аны кайтарган спецназ да бекем болуп, жок эле дегенде бир кылмышкерди үч сакчы коштоп жүрүүгө тийиш. Ал эми тигилер качаар күнү алардын колдоруна скрепка менен эле ачылып кете турган жөнөкөй кишен салып коюшкан. Качып чыккан кылмышкерлерден эмнелерди күтүүгө болот? Журналист Улугбек Бабакулов андан ары ой калчап, Убактылуу өкмөттүн 1-орунбасары Алмазбек Атамбаевдин качып чыккандар аны “жок кылуу” үчүн чыгарылды дегенине жеке оюнда анча ишенбей турганын белгилеп, төмөнкүдөй эки версияга токтолду.

Биринчи версия: Зикирбаев жана анын кишилери өтө көптү билгендиктен аларды атайылап жок кылыш үчүн бошотуп чыгулары мүмкүн. Эгер бул версия анык болсо анда качып чыккандар азыр бул дүйнөдө жок десе да болот.

Эми экинчи версияга келели: эгер топтун ичинде бандиттердин качып чыгышына жардам берген “крот” болсо, ал анда аларды өз душмандарын жок кылганга багыттайт. Алардын №1 душманы дал ушул Зикирбаевдин бандасына кылмыш ишин козготкон “жашыруун жандармериянын” башчысынын орунбасары болуп турган мурдагы президенттин уулу Марат Бакиев болуп саналат. Дал ошол Марат Бакиевдин “аракети” менен эмнегедир эки айдан кийин гана Зикирбаевдин оюна Шаботоевди өлтүргөнү түшкөн.

А бирок Марат Бакиевге “зикирбаевдердин” колу да, жолу да жетет деп айтыш кыйын. Ал эми мыйзамдын башка бир тарабындагы аталык Камчы Көлбаевге колдору жетиши ыктымал. Эмне себептен? Топтун мүчөлөрү алардын каршылашы “зонага” түшө турган болсо “рыспекчилердей” эле жок кылынарын билишкен. Ошондуктан алар өздөрүнүн коопсуздугунун гарантиясы үчүн айрым киши өлтүрүүлөрдү моюндарына алышкан. Ал эми мындай гарантияны аларга “авторитет” Көлбаев гана бере алат.

Журналист Улугбек Бабакулов макаласын аяктап жатып, өлкөдө бийлик алмашуу менен кылмыш дүйнөсүндө да өз жолоюна ылайык аркеттер ишке киргенин, кээде бийлик да айрым маселелерди чечүүдө кылмыш дүйнөсүнүн жардамына таянган мисалдар жок эместигин, бүгүн түрмөлөрдө да таасир көрсөтүү чөйрөлөрүн кайра бөлүштүрүү башталганын, алтургай андагы “жанкечтилердин” канчасы тирүү экени менен деле эч кимдин иши жоктугун жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG