Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

“Кетсин” келатабы?


Гезиттер эмне дешти?

“Учур” гезити эртең Бишкекте кыргыздын чыгаан уулу Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси өтөрүн, ал иш-чара андан ары 29-майда Ошто, 30-майда Жалал-Абадда уланып, маркумдун осуяты боюнча эстелиги Ала-Бел ашуусуна коюларын кабарлады.

Убактылуу өкмөт башчысынын 1-орунбасары Алмазбек Атамбаевдин “Жаныш жокто Азике, Максим жокто Темике...” деген маеги басылып, бул күндө коомчулукту уу-дуу кылып келаткан телефондогу шайтан акча тууралуу дагы бир жолу шардана кылды.

Жусупжан Жээнбековдун маеги “Жаналгычтардын качышы - атайын уюштурулган иш” деп аталып, бул атайын даярдалганын, А. Атамбаев: “К. Дүйшөбаев эскертти, аларды атайын мени өлтүртүш үчүн чыгарышы мүмкүн” деп билдирди. Демек булардын кандайча качып кеткенин А. Атамбаев да, К. Дүйшөбаев да билет” деп билдирди.

Жусупжан Жээнбеков андан кийинки сөзүндө: “Роза Отунбаева өтө интеллектуалдуу, күчтүү аял. Бирок эмне үчүн өкмөт мүчөлөрүн тыйып, үстөлдү бир муштабайт. Ал эми биз сөзсүз түрдө мамлекетти, улутту бириндетпей сактап кала алабыз. Эгер бүгүнкү бийликтегилердин арасында терс көрүнүштөр улана бере турган болсо, анда ар бир дубандан жана эки ири шаардан жүрөгү кыргыз деп күйгөн өкүлдөрдү чогултуп, коалициялык өкмөт түзүш керек” деп айтты.

“Учур” бул санга журналист Дилбар Алимованын “Урматтуу Роза Исаковна, журналисттердн СИЗОго “виза” албасына кепилдик бере аласызбы?” деп аталып, эркин гезиттердин Акаев-Бакиев доорундагы жабылуу тарыхын баяндап: “Бишкектин 1-Май райсотунун “Де-факто” гезитинин редактору Чолпон Орозобекованы кармап, СИЗОго камоо тууралуу чечимин А. Молдобаев деген Жаныш Бакиевдин буйругу менен чыгарганын, ушундай бир звонок менен журналисттерди абакка тыкканга даяр, Фемидага берген антын бузган судьялардан качан арылабыз? Жаныштын “заказдарын” аткарган Мадина Давлетбаева, А. Молдобаев өңдүү судьяларды иштен кетирип, сот системасын тазалай алабызбы?” деген суроону койгон.

“Айат пресс”
гезити 1-бетине алып чыккан макаланын аты “Бакиевдердин Василий Ивановичи ким?” деп аталат. Анда Максим менен Жаныш Бакиевдер телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрүндөгү “Василий Иванович” деген ким?” деген суроо коюп , бул деген дүйнөгө тамаша катары сиңип калган кадимки эле Василий Иванович Чапаевдин ысмы экенин, бирок бул жерде ал жашыруун ат катары колдонулганын, ысым Улуттук Коопсуздук кызматындагы Бакиевдер өтө ишенген адам болгонун, өз аты Алмаз, бирок органда аны Чапай деп тергешкенин, спецназдын ичинде Бек деп коюшканын, дал ушул Бек 6-апрель түнү тишине чейин куралданган спецназдарды Алмаз Атамбаевдин үйүнө жетектеп барганын, Бакиевдер кан төгүүнү Бекке башкартканын, кийин ал качкан бакиевдердин жанында жүргөнүн жазып чыкты.

Телефондогу “Младший Макееч дегени Марат Бакиев, “Пармаш” дегени-полковник Бакыт Парманкулов экенин кошумчалаган.

Аталган басылма муну менен бирге эле Жылдыз Мусабекованын “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген макаласын сунуштады. Анда: “азыр Кыргызстандын бардык тармагында бир гана мыйзам жакшы иштеп атат. Анын аты – “Өүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем!”. Революциянын атына жамынып, жер-жерлерде ишкерлерге, кыргыздын кыз-жигиттерине кыргыйдай тийип, рейдерликтен бөлөк иш жасабай, “Бакиевдин досу, Максимдин кадры” деген шылтоо менен акча талап кылгандары, жетпей калгандарына желдеттерин жибергендери жүрөк түшүрөт. Алардын ачыктан – ачык кызмат бөлүштүрүп, акча жыйнап атканын укканда дагы бир ирет: “ кепинде чөнтөк жок, силерге ушул күндү тартуулаган балдар ач-жылаңач, чөнтөгүнө бир тыйын да салбай, боз топурак жамынды” деп бакыргың келет экен!” деп каңыргы түтөдү.

“Пресс кg” гезити Алмазбек Атамбаевге кол салуу үчүн кирип барган адам колго түшкөнүн, ал адам атайын буйрук менен барган “бакиевчилердин” бири экен деп кабар таратты.

Бакыт Сакыбаевдин телефондук сүйлөшүүлөрдөн чыккан жаңжал тууралуу макаласы “Тар жол, тайгак кечүүдө” деген, Жакшылык Бекеновдун эң кембагал өлкөнүн президенти 5 жыл аралыгында канчалык байлык топтогондугу жөнүндө макаласы “Бакиевдин уурдаган байлыгына таң калган чет өлкөлүктөр” деген аталыш менен окурмандарга сунуш кылынды. Анда Улуу Британиянын “The Herald” басылмасынын кабарчысы Джон Фоллет 25-майдагы санына :”Запастагы аялдар, менчик зоопарк... жана жоголгон 200 млн. доллар” аттуу макала жарыялаганы туурсында кеп болот. Макалада атасы менен баласынын кыз жандуу жагынан да, ач көздүгү жагынан да окшоштугу жана башка жоруктары баяндалат.

“Жаңырык апта” гезити “Данчиктин дарегин ким билет, ыя?” деген кабарында кээ бир гезиттер жазгандай Данчик Дубайда чардабай эле депрессияга кабылып, эки жолу инсульт болуп, абалы оордоп, төшөктө жатканын, “башыңа иш түшкөндө койнуңдагы аялың да душман” дегендей, аялы: “ажырашам, Кыргызстанга кетем, биринчи күйөөм менен жашайм” деп атканын, көрсө Данияр Үсөновдун аялынын биринчи күйөөсү “президенттикке кандидат” Мирослав Ниязовдун жакын тууганы имиш” экенин маалымдады.

Жогорку Кеңеш жаңы эле 9 кабат үй куруп бүтүп, отуздай “акжолчуну” көчүрүп барары менен апрель ыңкылабы болуп кетип, ал үйдө азыр Галина Куликова менен Турдукан Жумабекова дегендер гана калганына, калгандары кайра көчүп кетишкенине, баарынан кызыгы экс-депутат эки айым өздөрү шаардыктар болуп туруп, үстүлөрүндө үйлөрү болгондугуна карабай бири атасына, бири кызына жаздырып кавртира ала коюшканына токтолду.

Журналист Алым Токтомушев ушул эле “Жаңырык апта” гезитиндеги “Бирдеме” деген макаласында: “Утурумдук өкмөттөн элдин күткөнү эмне эле? Жөпжөнөкөй, элементардуу нерселер: коррупция менен колдон алып күрөшүү, арам акчалардын чет мамлекетке чыгып кетпешине жол бербөө, экспорт менен импорт көзөмөлүн күчөтүү, приватташтыруу амалын “кайрадан аңтарып” чыгуу, элди эки-үчкө бөлүүгө жол бербөө, жазгы айдап-себүүгө жардам берүү жана башкалар” деп жазды.

Автор андан ары Утурумдук өкмөт мүчөлөрү өз ара тытыша берип, абийирлери алар олтурган жерден сыртка төгүлүп, эл азыр Роза Отунбаевадан башка өкмөттүн бир дагы кирсиз өкүмдарын көрбөй жаткандыгын белгилеп, “эл ушуну күттү беле?” деп суроо койду.

Айрым атуулдар Убактылуу өкмөттөгү чатак тууралуу ой-пикирлерин ортого салды.

Генерал М. Ниязов: - Кимдин ким экени билинди. Кыргыздын саясатчысы эмес, жөнөкөй жараны катары кызматтан кетиши керек.

Саясый серепчи К. Абдымен:- Буларды бириктирип турган Бакиевге каршы кыймыл болучу. Бакиев кетери менен ыдырады.

Саясат талдоочу Т. Какчекеев: - Булар мамлекет куралбай калды. Андыктан кеч бололекте кетүүлөрү керек.

Укук коргоочу А. Абдрасулова: - Мен жакында эле жер-жерлерди кыдырып келдим. Эл булардын кылган кылыктарын көрүп ыйлап жатат. Аларды ынтымакка чакырат элем.

Саясатчы Ж. Жекшеев: - Мен кооомдук ишмер катары жүрөгүм ооруп, жаным кейип турат. Ачыгын айтсам Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин жасаган иштерине абдан нааразымын. Бул экөө менин гана эмес, кыргыз элинин ишеничинен чыгып калышты.
XS
SM
MD
LG