Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:44

Бүгүн жарыкка чыккан гезиттер эмнелер жөнүндө жазышты?

“Кыргыз туусу” гезити : “Доорго жүрөгүн берген Дооронбек Садырбаев”, “ Айтматов боюнча Декрет кабыл алынса”, “Кыргыздар менен өзбектер кымындай да жаатташкан жок”, “Ысык-Көл туристтерди тосууга даяр” деген аталыштар менен жаңы санын тартуулады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Д. Кыдыров “Ак жол” партиясынын мүчөлүгүнөн бүгүндөн баштап баш тартаарын, 7-апрелдеги окуядан кийин “Ак жол” партиясына мүчө болууга моралдык да, адамдык да укугу жок деп эсептээрин билдирип кат жазса, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун деректири Абдылдажан Акматалиев Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу боюнча Чүй проспектин Айтматов проспекти же Эркиндик бульварын Айтматов бульвары деп атоо, айкелин орнотуу, музейин куруу үчүн жер бөлүп берүү сяыктуу маселелерди козгогон.

Гезитте ошондой эле ушул жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду өткөрүү боюнча Убактылуу өкмөттүн Декретине киргизилген толуктоолор менен өзгөртүүлөр, Конституциялык кеңешме мүчөлөрүнүн Кыргызстандын элине кайрылуусу бар.

“Жетигенде” адилеттүүлүк качан орнойт?” деп аталган макалада Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы “Жетиген” эс алуу жайынын ээси Бакиевдин тушунда чындыкка жете албай, өкүмзордукка алынып келгендиги, эми адилеттүүлүктүн оту жанып, акыйкаттыктан үмүт кылып тургандыгы баяндалат.

Гезит ошону менен бирге эле: “Кыргызстан 40 күндөн ашуун экономикалык блокадада жаткан учурда Убактылуу өкмөттүн төрайымынын 1-орунбасары А. Атамбаев суу сактагычтан Казакстанга суу берүүнү токтотуу тууралуу буйрук берген, Казакстан 2 күн өтпөй чек арасын ачууга аргасыз болгон. Өткөн аптада Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылында чек ара чөлкөмүндө жайгашкан жайыт маселеси боюнча казактар менен талаш маселе кайрадан ырбаган. Көксайлыктар каналдагы сууну бууп таштаган соң гана казактар кепке келип, талаш маселе чечилди” деп, “6-7-апрелдеги окуяларда Таластагы убактылуу кармоочу жайдан 66 адам качып кеткен, азыр алардын 42си кармалып, 9у өз эрки менен келип, 15и издөөдө жүрөт. Ошол окуяда облусттук ички иштер башкармасынын имараты толук өрттөнүп кеткен” деп, “Жайылдын Сосновка айыл өкмөтүндө жашаган 6 миңден ашуун адам 7-апрелде курман болгон уулдарга куран окутуп, “Эл эркиндиги” фондунун атынан 30 миң сом тапшырды” деп кабар таратты.

Академик Бектемир Мурзубраимовдун “Кыргыздын туулганы да чыгым, өлгөнү да чыгым” деген макаласы окурмандардын ой элегине салынды.

“Форум” гезити Тынчтык Алтымышев даярдаган “Элдик революцияга салым кошкондор соттолуш керекпи?” деген суроолуу макаланы сунуш кылды. Анда 7-апрелдеги элдик толкундоолор Чүй, Кемин, Токмок тарапта кандайча өнүккөнүн, Кантка жакын жерде өрттөлүп кеткен “Гаваи” ресторанынын кожоюндары Кайрат жана Жуурат Абдуллаевдердин ага чейинки текеберчиликтери, анткени аларды таянган тоосу Максим Бакиев болгондугу ж.б. окуялар баяндалат.

Миңге жакын адам кол койгон адамдар баягычылап же бакиевдер башкаргандагыдай коркуп-үркүп, запкы жеп, жалган жерден жалаага кабылып жашагысы келбей тургандыктары, эми андайдан биротоло кутулдук дегенге ишенгилери келээринен үмүт кылаарын айтып кат жолдошкон.

“Форум” гезити ошону менен бирге эле журналист Баратбай Аракеевдин “Ары жокто баары жок” деген макаласын басты. Макалада Лукашенконун колтугунда жаткан Бакиев уулу Максимдин жүзүкаралык иштерин апакай кылганга жанталашып жатканы, кылмышкерди Лукашенконун жардамы менен эптеп “эл аралык сотко” өткөрүмүш болуп, “арачалап” калуу айласын жасап атканы айтылат. Аракеев андан ары адам укугун коргоочу болуп ишеп келаткан Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасуловаларды сынга алуу менен, бул эки айымдын логикасын ээрчисек, кыргыз жигиттерин мээге атып өлтүргөн снайперлерден да кечирим сурашыбыз керек экен, антпесек дүйнө коомчулугу кыргыз ташбоор эл экен деп жаман көрүп калышы ыктымал экен деген какшыгын ыргытты.

Журналист Алмаз Темирбек уулунун макаласы “Ич ара тирешүүлөрдү токтотуу зарыл” деп аталып: “ Мамлекеттеги кырдаал бир аз турукташып калган менен жалпы абал бир нукка түшө электигин, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортосундагы пикир келишпестиктер карапайым калктын ар кандай көз карашын жаратса, койнуна котур ташын каткандар Убактылуу өкмөттү кандай да болбосун каралоого шылтоо таппай, андайлардын чырагына май таамп жатканын эскерткен.

“Өлкөдө тынчтык болушун каалабаган ички жана сырткы күчтөр үчүн өкмөттөгү ыйкы-тыйкы табылгыс дары. Бекеринен “телефондогу сүйлөшүүлөр сырткы күчтөр тарабынан жүргүзүлүп жатат” деген сөздөр чыгып жаткан жок. Анткени Убактылуу өкмөттү элге жаман көргөзүп, ичтен иритип, өлкөдө башаламандык уюштуруп, анын шылтоосу менен мамлекетке сырттан аскер күчтөрүн киргизүүгө кызыкдар болуп жаткан күчтөр бар. “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей, үй-бүлөлүк-авторитардык бийликтин белин сындырган Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүүгө жасаган кадамдары коңшулардын баарына эле жага бербейт. Ошондуктан эл ишеничинен ажарып калуу анча деле кымбатка турбайт” деп айтылат аталган макалада.

Саясый ырчы Сагынбек Момбеков кожоюндук кылган “Эл сөзү” гезитинин 2-саны жарык көрдү. Гезитте юрист М. Чолпонбаевдин “Булардын баары Бакиевди бийликке алып келишкен” деген маеги бар. Бактыгүл Деркимбаева аттуу айымдын каты “Эмдиги катачылыкты эл көтөрө албайт” деп аталат. Анысында бүгүн баарын эле бир короого киргизип, “сен Акаевдин, сен Бакиевдин убагында кызматта жүргөнсүң” деп эле баарын бир жактуу карай берүү туура эместигин, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү да убагында Бакиев менен чогуу иштегендиктерин кеп кылган. Ошондуктан анык адис адамдарды ала-кулага бөлбөй иштеп, чындап эле эл байлыгын талап-тоногон бакиевдердин жана ага жөлөк-таяк болгондордун өзүн кармап жазалоого, ал эми ага тиешеси жокторду куугунтуктай берүүнү токтотууга чакырган. Кыргыздын көрүнүктүү уулдарынын бири Апсамат Масалиевдин уулу Исках Масалиев жөнүндө сөз кылып “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” деген лакапты мисалга тарткан. Коммунист катары аны коргоого алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG