Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Баяндамабыз орус тилдүү эки гезит аркылуу болмокчу.

“Соттон качып кеткен бандиттер кармалды”, “Зикирбаев көз жумду. Анын шериктери тирүү колго түшүрүлдү”, “1-июнь күнү качып кеткен бандиттерди кармоого карата жасалган кыргыз кызматынын атайын операциясы иш жүзүнө эң мыкты ашырылды”.

“Дело №...” гезити жаңы санын мына ушундай аталыштар менен ачып, атайын операция чаламандын чак түшүндө, Бишкектин түндүк четиндеги Төмөнкү Ала-Арча айылында болуп өткөнүн кабарлаган. Мамлекеттик Коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтуусунда, коопсуздук кызматы качкан бандиттердин артынан 24-майдан баштап эле сая түшкөн. Бандиттер буга чейин бир нече ирет орун которууга үлгүрүшкөн. Аларды кармоо аракети кечээ күндүзгү саат 10до башталып, саат 11ге чейин созулган. Банданын башчысы Зикирбаев качып кетүү амалында огород аркылуу чуркап бараткан жеринен “Альфанын” буктурмада жаткан жоокеринин огуна туш болгон. Аны 12ге 5 мүнөт калганда операциялык үстөлгө жеткиришкен, бирок кандын көп кеткендигинен 12ден 10 мүнөт өткөндө жан берген.

Чекисттердин айтымында, бул үч башкесер ар дайым адам өлтүрүү боюнча кимдир бирөөлөрдүн буйругун аткарып келген. Бул ирет да кимдир бирөөлөрдүн көзүн тазалаш үчүн качырылып жиберилген деген сөздөр бар. Аларга буйрук берген кимдер? Азырынча алардын аттарын атоого болбой турган жагдайлар бар. Баса Зикирбаевдин бир нече өнөктөштөрү кошо кармалганы да маалымдалууда.

Гезит андан ары “Убактылуу өкмөттүн алдына биринчи жолу жумушчу табы өз талабын коюп чыкты” деген тема менен оор жүк тарткан айдоочулардын арыз-муңуна тууралуу сөз кылды.

Таластык айдоочу Чубак Өзүбеков: Мыйзам боюнча унаанын жүгү 30 тоннадан ашкандан кийин гана кошумча акы алынышы керек, а иш жүзүндө 24 тоннадан баштап акча өндүргөнгө өтүп алышкан. Контролерлордун өзүнчө “черный кассасы” бар. Күнүнө жүк тарткан жүздөгөн машина өтөт, а бирок алардын онго жетпегени гана ырасмий каттоого алынат. Калгандарынын акчалары кайда кетүүдө? Андан да эмне себептен бизден ашыкча жүк үчүн сом менен эмес, доллар менен алышат? Биз ушуга байланыштуу Убактылуу өкмөттөн контролдук таразага жүк тартууну алып салууну талап кылабыз. Биздин жонтерибизди таразачылардан башка МАИ кызматкерлери да сыйрып келет. Баарыбыз бир өлкөгө кызмат кылып жатып, ушундай да жорук болобу? Кимди ким тоноп жатат?- деди.

МАИлердин жолдогу жоруктарын тартипке салууга ИИМ министринин 1-орунбасары Кубанычбек Кадыров убада кылса, Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Эркин Исаков айдоочулардын проблемаларын тиешелүү министрликтер менен биргелешип чечип берүүгө бир ай мөөнөт сурады. Айлап-жылдап жүк тартпай эле “азап-тозок” тартып келаткан айдоочулар азырынча тарап кетти. Бирок айткан талаптары аткарылбаса бир айдан кийин мындан да көп санда кайрадан пикетке чыгарын эскертишти.

Аталган жумалык муну менен бирге эле мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов 207 миллионго жакын сомду мыйзамсыз түрдө “АзияУниверсалБанкына” салып “айлантып”, андан түшкөн акчаны Максим Бакиев экөө чөнтөктөрүнө уруп келгенин, өлкөнүн мурдагы башкы энергетиктеринин бири Сапарбек Балкыбеков менен анын орун басары Пулат Иминов Бишкек ТЭЦинин акчаларын кантип жеп келишкенин тастыктаган макалаларды тартуулады.

Булардан башка да “Альфа-антитеррор” коомдук бирикмесинин президенти Артур Медетбеков 15-апрель күнү УККнын атайын тапшырмасына ылайык, Жалал-Абаддын Тейит айылына барып, Курманбек жана Жаныш Бакиевдер менен жолугушуу убагында сүйлөшүү учурун айтып берген маеги жарык көрдү.

Ал сүйлөшүүнү эске салган Артур Медетбеков: Мен Курманбек Бакиевге кайрылып, Убактылуу өкмөттүн ага эки баласын, аялын алып өлкөдөн чыгып кетишине “жашыл тилке” бере тургандыгын жана Жаныш Бакиев курал-жарагы менен колго түшүп беришин талап кылгандыгын айттым. Президент Бакиев ойлонуп туруп, макул болду. Аңгыча анын телефону шыңгырап, “а , Лукашенкобу?” деп аны менен сүйлөшүп калды. Мен кайрдан Жанышка кайрылып: “Сен колго түшүп беришиң керек” дедим. Жаныш: "Мен тирүү колго түшпөйм, эгер түшсөм БУУ комиссиясынын катышуусунда гана түшөм. Болбосо мени элге салып бересиңер, эл тытып кетет” деди. Мен ага: "Баары бир сенин артыңдан сая түшөт, баары бир кармайт, андан көрө түрмөдө олтурганың жакшы” деп айттым, аңгыча Курманбек Бакиев басып келип: “Албетте ал колго түшүп берет, бирок аны өлтүрбөгүлө” деп айтты.

Бул бүгүнкү жарык көргөн “Дело №...” гезитинен алынган үзүндү гана.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити “аптанын окуясы” деген рубриканын алдында Сох анклавындагы 26-майдан башталган талаш-тартыштуу окуянын 31-майга чейин кандайча өнүккөнүн баяндаган макалага орун берген.

Ушул эле санга “Эмне себептен Россия, Белоруссия жана Казакстан “үйлөнүүсүн” кечеңдетип жатат?” деген ат менен журналист Михаил Ростовскийдин макаласын жарыя кылды.

Анда ошол макаланын бизге тиешелүү бөлүгүнө көңүл буралы. Журналист Ростовский: “Бийлигинен кулаган Курманбек Бакиевди колтугуна каткан Беларус президенти А. Лукашенко моралдык-саясый жактан бир топ эле канааттанууга ээ болду. Ал ЕвраАзЭСтин босогосун Бишкектин жаңы лидерлеринин аттоосуна иш жүзүндө тосмо кое алганга жетишти. Асыресе кыргыз бийлиги легитимдүү болгонго чейин ЕвраАзЭС саммитинин экономикалык жаатындагы чечимдери таанышып чыгуу үчүн Бишкекке жөнөтүлүп турулбайт.

Албетте Беларус Батькасынын Курманбек Бакиевди Бишкектин президенттик сарайына алып келип олтургузуу эми колунан келбей калды, бирок Роза Отунбаеваны постсоветтик өлкө лидерлеринин жыйындарына катыштырбоо үчүн каршы турары бышык. Анткен менен Отунбаеваны ритуалдык жактан атайылап басынтууга жасала турган мындай аракеттердин баары символдук гана каш кайтаруу” деп жазуу менен, ошондой эле Минск менен Россиянын да мамилеси бир топ татаалдашканын талдоого алган.
XS
SM
MD
LG