Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Биз биринчибизби?


Гезиттер жазышат.

“Айат пресс” гезити Өмүрбек Текебаевдин: “Аялзатынын акылмандыгына, тынчтыкка умтулуп, тынчтыкты сүйөрүнө таянабыз” деген ат менен макаласын жарыялады. Саясатчы анысында аялзатынын коомдук турмуштагы орду тууралуу кеп козгогон. Ал: - Мурда Борбордук Азияда аялдар эч качан чечүүчү орундарды - президенттин же премьер-министрдин орундарын ээлеген эмес. Бирок биз коңшуларыбыздан озуп кетүүдөн коркпойбуз. Балким, Кыргызстандын мисалы, бүтүндөй региондун аялдарына өз күчтөрүнө ишенүүгө жана өз укуктарын активдүүрөк коргоого жарадам берер. Үй-бүлөлүк-тууганчылык режимге каршы күрөштө аялдар эркектерден артта калган жок. Ошондуктан 2010-жылдын 17-мартындагы Элдик Курултай Роза Отунбаеваны Аткаруу комитетинин башчылыгына шайлаганы бекеринен эмес. Бүгүн ага мамлекетке башчылык кылуунун жана биздин тарыхыбыздагы алгачкы иш жүзүндөгү референдум менен ачык шайлоону өткөрүү жоопкерчилиги туш келип олтурат,- деп айтты.

Өлкөнүн ишке орноштуруу жана миграция министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова гезит кабарчысы менен маектешүүсүндө миграция жаатындагы маселелерге басым жасаган. Бөдөш айым сөзүнүн аягында Убактылуу өкмөттүн ишине тоскоол болуп, кынтык издеп, аны элге жек көргөзгүсү келген күчтөр жок эместигине, мындайлар бир эле максатты - кызматка жетүүнү көздөп атышканын, ошондуктан ынтымакты чыңдап, алдыдагы референдумду ынтымак менен өткөрүү зарылдыгына токтолгон.

Укук коргоочу Жаңыл Токтогулова “аял киши бийликке келбеш керек” деген сөздөрдү эркектер таратып жүргөнүн, айрым популисттер элди бузуп, будуң-чаң кылып атканын кеп кылган.

Гезит ошону менен бирге эле “Эркин тандоо” деген ат менен жаңы уюм түзүлгөнүн Токтайым Үмөталиева билдиргенин, токто десең токтобогон, “тормузу жок” бул айым 30 миң кол чогултуп, Башмыйзамдын башка вариантын референдумга алып чыгам деп эки билегин чыканагына чейин түрүнүп чыкканын, ага саясатчы генерал Мирослав Ниязов учкашып алганын кабарлады.

Кубан Абдымендин макаласы орто катмардагылардын ишмердигин баяндаса, Жумабай Абдандын макаласы ИИМ министринин 1-орунбасары Мелис Турганбаевдин ишмердигине арналган.

“Бүтүн Кыргызстан” деп аталган партиянын башчысы Адахан Мадумаров менен аңгемелешкен гезит кабарчысы ага:

- 7-апрелде эл бири-бири менен атышкан жок да, күнөө ошол учурдагы бийликте болуп жүрбөсүн?-деп суроо салганына:

- Мен эч нерсе билбейм,-деп,

- Сизди достукка туруксуз экен. Тигил жакта жакын курбусу Данияр Үсөнов инсульт болуп жатса ага далысын салып калды. Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Рысбек Акматбаевдин тоюна барган деп айтышууда. Буга кандайча жооп берер элеңиз?-дегенине:

-Данияр Үсөнов менен жүз көрүшмөк тургай бир жылдан бери сүйлөшө элекмин. Ал эми Эр Табылдынын тоюн Рысбек эмес, Көлдүн жетекчилиги уюштурган, - деп жооп берген.

“Жаңырык апта” гезити “Референдумдан кийин Роза Отунбаеванын саясый ишмердигинин чектелишин кандай карайсыз?” деген суроосуна Ош облгубернаторунун 1-орунбасары Кушбак Тезекбаев: - Роза Отунбаеванын эки жылга бекитилгени аябай жакшы иш,-деп,

Саясатчы Бегиш Ааматов: - Мыйзамсыз референдум өткөргөн кишилерди мен анча сыйлабайм, все-деп,

Мурдагы министр Айгүл Рыскулова:
- Мен бул суроого жооп бере албайм,-деп,

Компартия лидери Искак Масалиев:
- Түз эле көз караштамын,-деп,

Мурдагы депутат Арапбай Төлөнов: - Ишти жакшы алып кетет деп ойлойм, максаты жакшы болуп турат,-деп,

Кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаев: - Роза Отунбаева кетпей туруп, премьер-министрликке калса болот. Себеп дегенде ал дүйнөлүк бир канча тилдерди жакшы билгендиктен баарын өз ордуна кое алат деп ойлойм. Ошондой эле коңшу мамлекеттер менен мамиле түзүп кетерине ишенем. Күчтүү дипломат, тажрыйбасы мыкты,-деп жооп берген.

Академик Бүбүйна Орузбаева ушул эле гезит аркылуу Баш мыйзамдын кыргыз тилине айрым туура эмес которулган жерлерин мисалга алган.

“Учур” гезити Курманбек Бакиевдин кол баласы болуп жүргөн Акылбек Жапаров “Ар Намыс” партиясына киргенин, Улуттук Банктын айрым кызматкерлерине кылмыш иштери козголгонун, “Матрешка гейт” боюнча иш сотко өтөрүн, ИИМ министринин милдетин аткаруучу Болот Шернияздын айтымында, ошол кездеги ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин кол жүгүнө 600 грамм маң затын салып, аны чет мамлекеттин полициясына карматуу операциясын Жаныш Бакиев өзү жетектегенин, “Ата Журт” деп аталган партия реферндумга каршы иштей баштаганын, анын катарына саясатчы генерал Өмүрбек Субаналиев кирип алганын, Убактылуу өкмөттө иштеп аткан Элмира Ибраимова да ушул “Ата Журт” партиясына ыктап баратканын кабарлады.
XS
SM
MD
LG