Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Бүгүнкү гезиттер эмне дешет?

“Биз көп ыйладык. Айрыкча акыркы жүз жылдыкта. Ойлонгулачы, кыргыз сөөгү жатпаган талаа-түз, кокту-колот, кыр-жон, тоо-таш калдыбы? Жалаң эркиндик деп, азаттык деп, тынчтык деп... анан шагы сынган талдай кыйылып, кырылып...

Тээ Үркүндөн, репрессиядан, фашизмге каршы согуштан, Ооган, Баткен, Аксы коогалаңынан тартып, бүгүнкү Бакиев саясатынан берки төгүлгөн канды чогултсак деңиз болор... Энелердин аккан жашын чогултсак деңиз болор...

Ордолуу Ошумудун очогун бузуп, жашыл шаарым Жалал-Абадды жалынга каптаган каны бузуктардын арам ою ишке ашып кетти.

Кагылайын каралуу журт! Силердин көз жашыңар бүтүндөй ааламдын көз жашы. Боз топурак жамынгандар үчүн тирүүлөрдүн ынтымагы, тынчтыгы зарыл экенин унутпайлы!”

Мына ушинтип жазып чыккан “Айат пресс” гезитинин редакциясы Ош, Жалал-Абаддык боордошторго көңүл айткан.

Бул көңүл айтууга биз да кошулуп, “Азаттыктын” бүтүндөй жамаатынын атынан курман болгондордун жакындарына, тууган-туушкандарына терең кайгырып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Аталган “Айат пресстин” бүгүнкү санына маек курган Акыйкатчынын коопсуздук кызматынын жетекчиси, генерал Аскер Мамеев, бүгүнкү чатактын болору тууралуу маалымат ага февралда эле келгенин, анан ал бийликтегилерге кат жолдогонун, катты окуганы менен адаттагыдай эле ага жооп болбогонун, бирок окуя анда эсептелгендей 4-июнда эмес, 10-июнда башталганын, буга Бакиевдин окуясы да кошул-ташыл болуп кеткенин айткан.

Гезитте генерал Мирослав Ниязовдун “Келечек үчүн баарыбыз жоопкербиз” деген интервьюсу бар. “Бизде адамдык да, материалдык да резерв жетиштүү. Болгону ошону туура уюштуруу жагын колго алсак бул маселени өзүбүз эле чече алабыз деп ойлойм. Жүрөгүбүздө анча-мынча намыс болсо биз сырткы күчтөргө таянбашыбыз керек” деди генерал М. Ниязов.

Кандуу окуянын хронологиясы, Ош окуясында ок тийген жигиттердин сүрөттөрү да басылып чыкты.

Олуя Мелис Карыбеков Асантегинин “Үчүнчү күчтөрдүн максаты ишке ашпайт” деген маеги жарык көрдү. Ал Ош окуясынын чыгуу себептерин, үчүнчү күч деген кимдер экендигин, чагымчылардын жазасын мындан кийин эл эми өзү берерин, булардын мындан аркы максаттары ишке ашпай тургандыгын жазып жарялаган.

“Пресс kg” гезити Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары Өмүрбек Текебаевдин кайрылуусун басып чыкты. Кайрылууда: “Демократиянын душмандары ар улуттун өкүлдөрү чогуу жашаган жерлерде - Маевкада, Ала-Букада, Ошто, Жалал-Абадда, Токмокто, Кара-Сууда чагым жасашты. Алар улуттар аралык жаңжал салууга өтүштү. Мындай жаңжалдын өртү калктын алсыз жанан коргоосуз бөлүгү болгон балдарды, аялдарды, улгайган адамдарды өлтүрөт жана майып кылат. Бир тууган элдердин ортосуна от чачкан чагымчылар менен ушакчыларга, атайылап ушак тараткандарга жол бербегиле. Бузукуларда улут болбойт. Өлкөдө референдум жакындаган сайын аны өткөрбөй коюуга жанталашууда. Биздин элдерди мындай кылмыштуу саясый оюндарга алардын тартып кетүүсүнө жол бербөө керек. Тынч асман үчүн миң жылдык достугубузду сактап калалы” деп айтылган.

Коомдук ишмер Өмүрбек Абдрахмановдун маеги “Лукашенко менен Бакиев Белоруссиядан качышат” деген ат менен окурмандарга тартууланды. Саясатчы ишкер 27-июнда боло турган референдум тууралуу оюнда: “Роза Отунбаеваны президенттикке шайлап, андан соң өлкөнүн андан аркы багытына кадам таштоо менен, жашоону кайсыл бир атка минген киши эмес, мыйзам аныктай турган, мыйзам үстөмдүк кылган өлкөгө айланышыбыз керек” деп билдирди.

Эсиңиздерде болсо, 29 жеринен бычакталып, Кудайдын буйругу менен аман калып, кийин Швецияга баш калкалап кетип, азыр үй-бүлөсү менен ошол жакта жашап, окуп жаткан журналист Сыргак Абдылдаев менен “Учур” гезитинин кабарчысы интернет аркылуу баарлашкан. Журналист Кыргызстанда жашап турганда анын өмүрүнө кол салуунун сырларын шардана кылган.

“Учурдун" дагы бир бети 15-июнь күнү Бишкектеги “Хаят” мейманканасында Эл ынтымагы комитетинин “Элдик ынтымакка кадам” деп аталган жыйыны өткөнүн, негизги максат катары өлкө түштүгүндөгү кырдаалдан чыгуу жолдору талкууга алынганын кабарлаган. “Эл ынтымагы” жыйынына келгендер “бычакташпай кучакташалы, атышпай катышалы, бөлүнбөй биригели” деп чакырык таштап, ишти кошуна менен кошунаны, үй менен үйдү, көчө менен көчөнү, кичи район менен кичи районду, айыл менен айылды элдештирүүдөн, ынтымакташтыруудан баштоо керек деген жыйынтьыкк
XS
SM
MD
LG