Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:17

Бүгүнкү гезиттер эмнелерди жазды?

“Пресс kg” гезити “Урмат Барктабасов 16-июнда УКК сурагына барган жок, анын себебин адвокаты Акин Токталиев ага тиешелүү тарап коопсуздук кепилдигин берүүдөн баш тарткандыгы менен түшүндүрдү” деп, “тар чөйрөдө айтылып жүргөндөй Максим менен Жаныштын телефон сүйлөшүүлөрүндөгү Иван Васильевич деген чын эле ушул Мирослав Ниязов окшобойбу деген ой кетет экен. Болбосо алгач Жогорку Кеңештин алдына уюштурган митингине “ит” да келбей коюп ит болду эле, эми “Референдумга эч ким барбайт” деп кыйкырып жатат” деп жазды.

Академик Жамин Акималиевдин маеги “Криминалдык топтор бул учурду пайдаланды” деп аталды. Сүйүнчүлөй кетели, жакында Ашхабад шаарында өткөн Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн айылчарба адистери катышкан жыйын өтүп, ал жыйында айылчарбасы боюнча илим изилдөө мекемелеринин ассоциациясы түзүлүп, анын башчылыгына академик Жамин Акималиев шайланып келди.

-Өлкөдөгү башаламандыкка бөгөт коюу үчүн эмне кылуу керек?-деген кабарчынын суроосуна Жамин Акималиев:

-Эми Конституцияны кабыл албай туруп бийликти мыйзамдаштыра албайбыз. Ошондуктан 27-июнь күнү референдумду кабыл алсак ызы-чууларга бөгөт коюлат. Себеби өлкөдө мыйзамдуулук болбогондуктан бузукулук чоң роль ойноодо. Референдум деген бир эле өкмөттүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы, 20 жыл ичинде Кыргызстанды эки президент башкарды. Бирок эч майнап чыккан жок. Коом деген өзгөрүп баратат. Мына өнүккөн Түркия, Англия, Германия өлкөлөрү парламенттик башкаруу менен жакшынакай эле жашап жатпайбы,- деп жооп берди.

“Учур”
гезити саясый серепчи Сабыр Мукамбетовдун “Ата Журттун “дезертири” деген макаласын сунуш кылды. Автор шайлоо сапарына аттана турган саясый партиялардын калк арасындагы кадыр-баркын таразага “тарткан”. Ал минтип жазат: “Марат Султановдун бөлүнүп кеткенине карабастан Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев өңдүү “бригадирлер” Максим менен Жанышка таяна беришсе, түштүк тарап аларды жерип салышы ыктымал. Акыркы кездери булар көп мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибергендей, “референдумду болтурбай салсак, Убактылуу өкмөттү алсыратсак, анан шансыбыз жогорулайт” деген ойго азгырылып, кайра өздөрүнө зыян келтирип алышты. Референдумга каршы чыгуу деген улут аралык кыргынды, бакиевдерди колдоо катары кабыл алынып, “бригаданын” шансын кескин төмөндөттү. Эл башына коогалаң түшкөндө көмөк көрсөтүү үчүн “Ата Журттун” тизме башындагы “Каттаниси” Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына зорго киргизишсе, апта айланбай Субаналиеви баса берди”.

Саясый серепчи макаласын: “Ошентип тагдыр чечер күнгө үч күн калды. Жаңы Башмыйзамды колдоп, жаңы заманга багыт алабызбы же тескери кетип, тарпы чыккан авторитардык системага кайра кайтабызбы? Аны сен чечесиң, мен чечемин, биз чечебиз, урматтуу мекендештер!” деп аяктаган.

“Эгер, эртеңки Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабасаңар, карапайым элдин ой-мүдөөсүнө каршы болбосоңор, оор кырдаалды башынан өткөрүп аткан Мекенибизди аясаңар, анда 27-июнга белгиленген жалпы элдик референдумга активдүү катышкыла”,-деп чакырык салган “Айат пресс” гезити жаңы санын окурмандарга тартуулады.

“Манас” аэропортундагы бажы көзөмөлүнөн өтүп бараткан Камчыбек Ташиевдин портфелин бажычылар текшергенде, сумка ичиндеги атууга даяр турган тапанчасына колу тийип кетип, бактыга жараша ок адамдарга тийбей, жерге жаңылган. Опур-топур болуп кетип, портфелден жашыруун кагаз түшүп калган. Анда: “Конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү кыймылынын кайрылуусу” деп келип, “акжолчуларды” кайрадан парламентке олтургузуу, Максим Бакиев достору менен түзгөн кызматты кайрадан калыбына келтирүү жана 6-7-апрелде Талас, Нарын, Бишкектеги окуяларга катыштыгы бар адамдарды жоопко тартуу керек деген, бир канча пункттан турган пландар бар экен. Максим менен Курманбек элдин канын ичип жатат деп жазып жүрсөк, мындай бузуку бакиевчилер арабызда турбайбы” деп кабар таратты.

ИИМ министринин орунбасары, Жалал-Абад шаарынын коменданты Мелис Турганбаев маек куруп, “Кыргызстанды канга чөгөрүп, өрткө чулгап жок кылабыз” деген чагымчылдардын тилеги таш капканын, эң кооптуу аймак деп эсептелген Базар Коргон менен Сузак районунда тең абал турукташканын, өзбек-кыргыз аралашып, Жалал-Абаддагы чоң базар иштей баштаганын айтты. Полковник Мелис Турганбаев Жалал-Абаддан Жаныш Бакиевди көрбөгөнүн, бирок Бакиевдин урук-туугандары бул кыргынга түздөн-түз тийешеси болгондугун, тилекке каршы 3 милиция кызматкери каза тапканын билдирди. Базар-Коргон районунун участкалык милиционери баатырларча курман болуп, бир жарым миң кишинин кол салуусуна туруштук берген. Ата-энеси сыздап олтурат. Мелис Турганбаев маркум Сулаймановду Кыргыз эл баатырлыгына сунуштап жатышканындыгын билдирди.

Андрей Грозиндин которулуп жарыяланган макаласы “Кыргызстанды криминалитет менен алдамчылар талап-тоноодо” деп аталган. Журналист: “Бакиевдин президенттик шайлоосунда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Эларалык мамилелер боюнча комитетинин мүчөсү Иван Игнатьевич Саввиди башында турган байкоочулар келип, Кыргызстандын ошол кездеги Боршайкомунун “шайлоо ачык, мыйзам бузуусуз өттү” дегенин колдогон, ошондогу адилетсиз шайлоону адилеттүү деп жактаган Саввиди башынан эле Бакиевдердин башкы кеңешчиси жана MGN Group тобунун башчысы Евгений Гуревичтин жакын өнөктөшү болгон. Бакиевдин тушунда Саввидинин “Донской табак” ишканасы Кыргызстанга контробандалык жол менен тамеки продукцияларын жайылтып турган. Дал Саввидинин бир тууганы Ираклий эл аралык бир тууган кримавторитеттер Артур жана Илья Монахиди менен жакын адамдардан. Артур Монахиди Минскиде бир катар кыймылсыз мүлккө ээлик кылат. Ошондуктан Бакиев Лукашенконун эмес, Монахидинин “меймандостугунун” аркасында баш калкалап жүрбөсүн?.. Кошумчалай кетсек, Саввидинин бир тууганы Ираклий криминалдык авторитеттер менен дос гана эмес, 2009-жылдан баштап Интерпол тарабынан издөөгө алынган” деп жазды.

Гезиттин бул санына ошону менен бирге эле журналист Темирбек Токтогазиевдин “Ниоба” деген аталыштагы макаласы жарык көрдү. Автор скульптор Тургунбай Садыковдун Бишкектин борбордук аянтындагы эстелигин катуу сынга алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG