Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Башкы бийлик – мыйзам болушу керек


Бүгүнкү гезиттер 27-июндагы референдум тууралуу сөз кылышты.
Бүгүнкү гезиттер 27-июндагы референдум тууралуу сөз кылышты.

Гезиттер эмне дейт?

“Форум” гезити бүгүнкү санын журналист Баратбай Аракеевдин макаласы менен ачты. Түпкү элдин өз Мекениндеги орду жөнүндө сөз кылган автор, элди-жерди сүйүп жашоо менен эле бирге улутчул, мекенчил болуу, эңкейгенге эңкейип, деңкейгенге деңкейип коюу зарылдыгын, бирок ошол эле учурда түпкү улут катары башкаларга үлгү да, маданияттуу да болуп, бөлөк улуттарды жектебөө керектигин кеп кылган.

Ушул эле гезит "Беш-Сарынын" белдүү берени Камчыбек Жолдошбаев “Ак шумкардын” штабын айланып калыптыр” деп, “кечээ жакында эле Малайзиядан келе калып “эртең Бакиевдерге барамын, аларды колго түшүп берүүгө көндүрөм, коркпойм” деген элчи Турсунбай Бакир уулунун сүрүнөн чочуду окшойт, ошонун эртеси эле Бакиевдин Курманбеги Казакстан аркылуу качып, Жанышы жанын жашырып кетти, ал эми Турсунбай акеден дайын жок” деп, “кечээки референдумдун ийгиликтүү өткөнүнө айрымдардын ичтеринде “ит өлүп”, тилектери таш капканына капа болуп турган чактары. Албетте алардын башында аты жакшы, аткарган иштери жаман “Ата Журттун” желдеттери турат” деп, “аты Токтоайым болгон менен азыркыга чейин токтолбогон Үмөталиева качан болсо ач айкырык, куу сүрөөн жоругунан тажабай койду. Түштүк участокторундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу керек деп айтты. Ушундан улам коомчулукта калк кансырап турганда капталдан канжар урганга маш ушундайлардын азабы өттү деген эле сөз” деп, “Акаевдин тушунда Ош-Бишкек жолунун туурасын 1 метрге кыскарта коюп, миллиондогон акчаны сол чөнтөккө кымырып калган деген имиштер артынан ээрчиген Жантөрө Сатыбалдиев чээнден чыгып келип, түз эле бакыйган кызматка барып олтурду. Эми эл ишенимин актаар бекен?” деп, “элде “ичиң күйсө туз жала” деген бар, ошондойлордун бири Роза Отунбаеванын референдум тууралуу сөздөрүн укканда телевизорун талкалап салгысы келген Адахан Мадумаров 27-июнь күнү “шайлоочулардын активдүүлүгү өтө төмөн, Боршайкомдун билдирүүлөрү көбөйтүлгөн” деп чыкты” деп маалымат таратты.

“Форумдун” бул санында парапсихолог Мелис Карыбековдун “Кара дуба” аттуу макаласы, манасчы Рыспай Исаковдун Манас тууралуу маеги басылган.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Шайлоочулардын 90дон ашуун пайызы референдумда “макул” деп добуш беришти” деген саптар менен ачып: “Орус президенти Д. Медведов парламенттик башкаруу системасы Кыргызстанда натыйжалуу иштеп кетээрине шектенгендигин билдирди. Сиз буга кандай дейсиз?” деген суроо менен айрым атуулдарга кайрылып, төмөнкүдөй жоопторду алды.

Султан Раев: -
Биздин элибиздин ички маданияты, менталитети, парламенттик башкарууга толук шайкеш келет деп ойлойм.

Ишенбай Абдуразаков: - Биринчиден саясый маданиятты жогорулатуу керек. Экинчиден мыйзамдын үстөмдүгү орношу зарыл. Ушул эки жагы бекем турса парламенттик башкарууга өтүп кетсе болот.

Адахан Мадумаров: - Мен Медведовдун айткан сөзүнө толук кошулам. Биздин саясый кырдаал дагы, улуттук менталитет дагы парламенттик башкарууга туура келбейт.

Жолборс Жоробеков: - Медведовго жагабы, жакпайбы, парламенттик башкаруу Кыргызстандын эли тандаган жол. Биз буга чейин эки жолу президенттик башкарууну көргөнбүз.

Аликбек Жекшенкулов: - Референдум өткөндөн кийин мыйзамга баш ийебиз. Элибизде тынчтык болсун, калганын убакыт көрсөтөт.

Ушул эле гезит Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын билдирүүсүн жарыя кылды. Муну менен бирге эле ырасмий кабарларга, референдумдун жыйынытыгын тастыктаган ар кайсыл аймактардан алынган маалыматтарга кеңири орун берилген.

Гезиттин Ош аймагы боюнча өз кабарчысы Төлөнбай Абдыразаков экинчи борбордогу добуш берүүнүн жүрүшүн чагылдырган макаласында: “Ош шаарында референдумга эч ким катышпайт, ал үзгүлтүккө учурайт” деген ичи арам, ою бузуктардын аракеттери, элди дүрбөткөн чагымчылардын ушак-айыңдары арык аттап, суу кечпей калды” деп жазды.

“Алиби” гезити журналисттер Машакбай Рахманкуловдун, Назгүл Мамытованын, Зулпукар Сапановдун макалаларына орун берди.

Белгилүү кинорежиссер Садык-Шернияздын интервьюсу “Азыр иттин уулу Байгара деле оппозиционер боло алат” деп аталат.

“Мамлекеттүүлүк коркунучта турат. Кыл чайнашкан кырдаал өкүм сүрүүдө. Анан калп эле бийликке жагалданып, “баары жакшы” дей берген болбойт. Биз ар бир коркунучтун алдын ала билишибиз керек. Ушундай оор мезгилде бардык саясый күчтөр биригиши керек эле . Тилекке каршы андай болбой жатат. Мунун баары биздин коомдун бийлик менен байлыктын артынан түшүп алганын көрсөтүп турат. Кандай байлык, кандай бийлик болсо дагы эл биримдигинен, мамлекеттин тагдырынан өйдө боло албайт. Ошондуктан ушул убакта байлык менен бийлик талашуу интригасын таштап, эл үчүн кызмат кыла тургшан мезгил келди” деп айтты Садык-Шернияз.

Коомдук ишмер Жылдыз Жолдошеванын интервьюсу “ Бийликтин негизги милдети - өлкөдө тынчтыкты орнотуу” деп аталат. Жылдыз айым түштүктөгү кандуу окуянын кайдан, кантип чыкканына,окуяны чагылдыруудагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын аткарган ролуна басым жасаган. Бийлик талашканда талуу маселелердин баарын акыл калчап, саясый күчтөрдүн баарынын башын бириктирип туруп чечсе деген оюн айткан.

-Сиз кайсы партиядасыз?-деген кабарчынын суроосуна Жылдыз:

-Мен азыр бир дагы партияга мүчө эмесмин. Экинчиден Акаев да, Бакиев да, Убактылуу өкмөт тарапта да эмесмин
,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG