Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Шайлоо шамалы башталды


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду "Бакиевдин обоймасындагы саясатчы" катары аты чыгууда

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду "Бакиевдин обоймасындагы саясатчы" катары аты чыгууда


“Московский комсомолец Кыргызстан” басылмасы “Үч тыйын үчүн” деген макаласында: “Сыягы кыргыз экономикасы экономист-эксперттердин ою боюнча андай деле кургуйга кулап кетчү абалда эмес. Маселен Казакстанга инвестиция салууда Кыргызстан ардактуу 10-орунга чыкканы белгилүү болду. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Казакстандын экономикасына биздин өлкө 295, 1 млн. доллар киреше кийирген. Ошондой эле биздин экономикага Казакстан да иштиктүү салымын кошууда. Ушу тапта электр энергиясын экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун экспорт бөлүмүнүн начальниги Кутбидин Нажимидиновдун айтымында Кыргызстандын электр энергиясын казактын беш компаниясы сатып алууга даяр турат. Кыргыз тарап электр энергиясынын киловатт-саатын казактарга 1 сом 44 тыйындан кем эмес баада сатмакчы болууда” деп кабарлады.

* * *

Өмүрбек Текебаев кечээ өткөөл мезгилдин биринчи этабы ийгиликтүү аяктап, эми анын экинчи этабы-парламенттик шайлоого даярдык башталганын, ал эми өзүнүн “Ата Мекен” партиясы болжол менен шайлоочулардын жарымынын добушун аларын билдирди. Саясатчынын эсебинде мурдагы “акжолчулар” кайрадан Жогорку Кеңешке келүүгө аракеттенүүдө. Андайлардын катарына ал Адахан Мадумаровду жана Өмүрбек Бабановду кошуу менен “булар Бакиевдин обоймасындагы саясатчылар” деп атады. Эгер андай болсо мурдагы “акжолчулар” Жогорку Кеңешке келип, парламенттик фракция түзүп, кайрадан Бакиевди алып келгени жатышабы деген суроо өзүнөн өзү туулат.

Саясат таануучу Александр Кнеязевдин оюнча Бакиев режимин калыбына келтирүү толук реалдуу болушу ыктымал. Мадумаровдордун катарына ар дайым “акжолду” жөлөп-таяп келген коммунист Исках Масалиевди, Боршайкомдун мурдагы төрайымы, азыр кайра Бакиевди жактап жаткан Клара Кабилованы кошсо болот. Князевдин эсебинде бул өңдүү бакиевчил партиялар шайлоого чейин бир коалицияга биригиши мүмкүн эмес, бирок эки-үчөө шайлоодон өтүп келсе, оңой эмес күчкө айланары турган иш.

Ушул эле “МК Кыргызстандын” жазганына караганда кирүү экзамендери башталары менен Жогорку окуу жайларындагы колу таза эмес окутуучулардын алкымдары ачылды. Акыркы эле айларда финполиция тарабынан бир катар мугалимдерге кылмыш иштери козголгон.

Жакында окууга өтүш үчүн бир кыздан 20 миң сом пара алган Ош университетинин окутуучусу колго түшкөн, ушул эле кыз ага мындан мурда 60 миң сом бергенин айтып берген.

Бишкектин Жусуп Баласагын атындагы университетинин алдындагы юридикалык институтуттун деректринин орунбасары пара алып жаткан жеринен кармалган.

“МК Кыргызстан” гезити андан аркы макалаларынын биринде ушул жылдын октябрына чейин иштеп берчү техникалык өкмөт түзүлөрүн, аны мурдагы премьер-министрлердин бири Амангелди Муралиев башкарышы ыктымалдыгын, аны президент Роза Отунбаевага Алмазбек Атамбаев сунуштаганын жазды. Бирок Убактылуу Өкмөттүн басма сөз катчысы Фарид Ниязов жаңы өкмөттүн түзүмүндө Муралиевдин кандидатурасы жоктугун билдирди деп кабарлады.

* * *

Парламенттик башкаруу формасы Кыргызстан үчүн эмнеси менен кызык? Эмне үчүн КМШ аймагында күч түзүмдөрүнүн натыйжасы анчейин эмес? Мына ушул жана башка маселелердин тегерегинде ой калчаган саясат талдоочу Александр Князевдин маеги жарыяланды.

Алишер Каримовдун макаласы жакында жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстанда Россиянын дагы бир аскерий базасы жайгашмакчы болуптур деген маалымат чыгып кеткенин талдоого алат. Бул боюнча өткөн аптада тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев аскер базасы тууралуу маселе ачык бойдон турганын билдирген. Министрликтин маданият, басма жана маалымат бөлүмүнүн начальнигинин орунбасары Майя Сабирдинанын түшүндүрүүсүнө караганда дагы бир аскер базасы пайда болот деп орус маалымат булактары бир аз шашып кеткен. Апрель окуяларынан кийин база боюнча сүйлөшүүлөр токтоп турат. Маселе коюлган күндө да ал парламент тарабынан ратификацияланууга тийиш, ал эми азырынча парламент түзүлө элек.

Орус Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик базасын Ошко же Баткенге жайгаштыруу мүмкүн экендиги боюнча меморандумга өткөн жылы кол коюлган. Бирок апрель окуяларынан кийин Жамааттык Коопсуздук Кеңеши Уюмунун баш катчысы Николай Бардюжа аскерий база жөнүндөгү маселе жаңы кыргыз бийлиги легитимдүүлүккө ээ болгондон кийин күн тартибине коюларын билдиргени бар.

Кыргызстандык саясат талдоочу Нур Омаровдун пикиринде азыркы бийлик аскердик дагы бир базанын болушун каалабайт. Анткен менен айрым саясый күчтөр шайлоочулардын добушун алыш үчүн база маселесин шайлоо учурунда көтөрүп чыгышы мүмкүн.

Дагы бир саясат талдоочу Мурат Сүйүнбаевдин ою боюнча баары эле кыргыз өкмөтүнө байланыштуу боло бербейт, албетте Кыргызстан үчүн 2-аскерий база актуалдуу. Бирок ал Россия менен Өзбекстан үчүн актуалдуу боло алабы же жокпу? Кеп ушунда. Себеп дегенде президент Ислам Каримов Ошто же Баткенде орус аскерий базасынын жайгашышына терс мамилесин билдирген.

Бишкектик дагы бир саясат талдоочу, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Леонид Бондарецтин оюнча этникалык жаңжалдан келип чыккан проблемалардан кийин Кыргызстандын түштүк аймагына орус аскер базасынын жайгашуусуна Өзбекстан да каршы болбошу мүмкүн. Эксперттин эсебинде Кыргызстандын мындан аркы турукташуусуна аскер база чечүүчү фактор болмокчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG