Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Кыйылган өмүрлөргө кырк күн


"Мусулман окумуштууларынын дүйнөлүк Лигасы" уюмунун өкүлдөрү Кыргызстанда
"Мусулман окумуштууларынын дүйнөлүк Лигасы" уюмунун өкүлдөрү Кыргызстанда
“Түштүктөгү калабага 40 күн толду. Маркумдардын арбагына багышталып, өлкөнүн бардык мечиттеринде куран окутулуп жатат. Өлкө президенти Роза Отунбаева да Бишкектеги мечиттердин бирине барып куран окутары жөнүндө маалымат алдык” деп кабарлаган “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити ушу күндөрү өлкөдө жүргөн Ислам окумуштууларынын Бүткүлдүйнөлүк союзунун мүчөлөрү да Ош менен Жалал-Абаддын мечиттерине барып куран окутуп, мусулмандарды тынчтыкка чакырып жатканын жазды.

6-августка караган түнү Жер шарындагы бардык мусулман дүйнөсүнө Орозо айы келет. Ооз бекитилет. Акыл-эстүү күчтөрдүн баары мусулмандарды ушул айда араздашуудан, бирин бири күнөөлөөдөн алыс болууга, Кудайдын бул Ыйык күнүн татыктуу өтөөгө чакырат.

Аталган жумалык ошону менен бирге эле ушу тапта казак чегарасы чегарадан медикаменттерди, азык-түлүктөрдү жана күйүүчү майларды гана өткөзүп, калган товарлардын баарын кайтарып берип жатканын маалымдап, буга карата айрым бир эксперттердин ой-пикирлерин ортого салды.

Эларалык толеренттуулук Фондунун башкы аналитиги Руслан Ташанов казак чегарасынын бул өңдүү аракетин анын мурдагы бийлик менен түзгөн келишимдеринин мындан ары карай да кынтыксыз аткарылышын тездетүү багытында ырасмий Бишкекке атайылап жасап жаткан кысым деп эсептейт.

Кыргызстандын “Молочный союз” кошуундарынын президенти Маргарита Румянцеванын айтымында казак-кыргыз чегарасы бекий электе ай сайын 500 млн. сомдук сүт азыктары чыгарылып турса, санкция кийиргенден кийин казак рыногу өзү чоң жоготууга учураган. Адис, бга дейре казактарга чыгарылып турган сүт азыктарынын рыногун бүгүн Россия менен Беларусь ээлеп алгандыгын айтат.

Ырас, 20-майдан тартып казак тарап чегарасын ачты. Бирок Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн сөзүнө караганда казак чегарасы медикамент, азык-түлүк, күйүүчү майдан башка товарларды өткөрүүгө дагы эле тыюу салууда.

Журналист Виктор Виноградов макаласын “Саясый куру кыялдар же техникалык өкмөт үч ай ичинде бардыгына жооп берүүгө үлгүрүшү керекпи?” деп атап, казна какшый баштаганын, артыбызда кыш турганын, көмүр, мазут, күйүүчү май керектигин, мына ушул өңдүү баш оору маселелердин баарын жаңы өкмөт кыска убакыт аралыгында кантип чечмек эле деп, сарсанаага баткан.

“Кыргызстанды кантип куруу керек?”.

“Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити экономика илимдеринин доктору Чыңгыз Шамшиевдин интервьюсун жарыялады. Экономисттин айтуусунда өлкөнү өнүктүрө турган ресурстар жетиштүү, болгону жаңы өкмөт башкаруунун экономикалык жаңы принциптерине өтүүсү зарыл. Маселен ушундай учурда үч баскычтан турган айылчарба кооперативиндеги моделди түзүү талапка ылайык болор эле. Экономист Шамшиев натыйжасы анча эмес ондогон майда чарбалардын ордуна чоң-чоң айылчарба кооперативин түзүүнү сунуштайт. Албетте ар кандай максатты көздөгөн майда чарбалардагы дыйкандардын башын бир коопретивге бириктирүү кыйын, бирок муну жаңы өкмөт жасашы жана анын жоопкерчилигин өз мойнуна алышы керек. Ишеним пайда болгондо гана дыйкандар биригет.

Экономист Чыңгыз Шамшиев бул сыяктуу кооперативдик чарбалардын өнүгүү менен иштеп келатканын өзү билим алып келген Франция мамлекетинин мсисалы менен бекемдеген. Жаш экономисттин баалуу ойлорун толугу менен бүгүн жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынан окуп аласаңыздар болот.

Гезит экономика темасындагы проблемаларды андан ары улантат.

Кабарчы Кыргызстандын биржалык Фонд боюнча деректирлер Кеңешинин мүчөсү Нелла Симоновага кайрылып:

-Айтсаңыз, Кыргызстандын экономикасы кыйроого учурашы мүмкүнбү? Айрым серепчилер күзүндө экономикалык кризис болот деп айтып жатышат?-деп сурады.

-Кыргызстандын экономикасы дефольтко түшө турган эч кандай негиз жок, бирок экономикалык кыйынчылык болорун эскертип туруу керек, ал тургай зарыл. Андыктан өлкөнү өнүктүрүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү программалары иштелип чыгууга тийиш. Ал эми апрель окуялары же бийликтин алмашуусу биржалык фонду рыногунун өнүгүшүнө оң таасирин тийгизе баштады. Себеп дегенде мурдагы бийлик көп сандаган кудуреттүү делген финансы тармактарын бир колго уучтап алгандыктан бул жагдай Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө мүмкүндүк бербей келген. Жаңы бийлик ири алды менен фонду рыногун муунтуп келген чынжырдан бошотту. Рынок кайрадан өз мыйзамдарына шайкеш келген тең салмавктуу абалында иштегенге өттү. Бул жакшы көрүнүш,- деди биржалык Фонддун деректирлер Кеңешинин мүчөсү Нелла Симонова.

Бюджеттик окууларга өтүү үчүн билимден башка дагы эмнелер керек?

“Келечек кесип үчүн тест” деген теманын алдында жарык көргөн макалада жогорку окуу жайларындагы кабыл алуу сынактары тууралуу сөз болот.

“Денежный салат” деп аталган макала басылып, Кыргызстанда акча жасап чыгара турган атайын жай жоктугун, ал эми чет өлкөлөрдөн акча бастырып келүүнүн өзү эле өлкөнү канчалаган чыгымдарга алып келип жатканын кеп кылган.
XS
SM
MD
LG