Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Гезиттер эмне дейт?

“Кечээ кечинде ИИМдин атайын кызматкерлери тарабынан Акмат Бакиев Жалал-Абаддан кармалып, колго түшкөнү маалымдалды. Аны кармоо үчүн министр Кубатбек Байболов тымызын аракеттерди жасап, анысы натыйжалуу ишке ашты. Акмат Бакиев Түштүк аймагында хандык вазийпаны сөөлөт тутуп келгендиги менен белгилүү. Акыры мыйзам укуругунан узай алган жок” деп кабарлады бүгүн жарык көргөн “Учур” гезити.

Ушул эле гезит Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Жээнбек Кулубаев менен маектешкен.

“Кытай ишкерлери жана компаниялары үчүн Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстандын инвестициялык климаты эң эле ыңгайлуу жана жакын. Ош окуясынан улам 1200гө чукул кытай ишкерлери өлкөдөн чыгып кеткен. Азыр алардын алды кайра кайта баштады. Саясый кырдаал турукташса, Кытайдан инвестиция тарта баштайбыз. 2-маселе Сары-Таш - Ош жолу Кытай өкмөтү тарабынан калыбына келтирилүүдө. Ал бүтсө Кашкар - Эркеч-Там - Сары-Таш - Ош аркылуу Өзбекстанга жол ачылат. Кытай АӨБдин кредити менен Торугарт-Нарын-Бишкек жолун да оңдоону баштады. Дагы бир маселе Кашкар-Торугарт-Ак Чий- Жалал-Абад темир жолу. Жолдун узундугу 260 километр. Ушул иштер ийгиликтүү аяктаса Кыргызстандын транзиттик потенциалы өсөт, соода-сатык өөрчүп, жол чыгымдары азаят. “Кытай экономикасы басып кетет” деген кептер айтылып жүрөт. Мындан коркпош керек. Кытай өндүрүшү азыр бүт дүйнөнү тейлеп жатат. Керек болсо биздин ишкерелер Синьзцянга барып иштешсин. Артышта “Шоро” заводу ачылган, ортодо тыным алып, кайра иштей баштады. Бул аймак абдан чоң рынок экенин түшүнө билгенибиз оң” деп айтты элчи мырза.

“Айат пресс”
гезити кыргыз тектүү кыргыз Жаныбек Жанызактын “Кыргыз” деп келгем дүйнөгө...” деген ат менен жан күйгөн макаласын жарыя кылды.

“Кыргыз Республикасы” делген мамлекет өзүнүн мыйзамдуу чегинде жаңы улуттун – кыргыз улутунун калыптанышына багыт алышы керек. Бирдиктүү бир мамлекеттин ичинде бир гана улут болорун унутпасак жаман болбос эле. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деп, Манас бабабыз улут саясатын азыркы кыргыз мамлекет башчыларыбыздан түбөлүк эсе жогору түшүнсө керек. Ошо тээ Манас доорунда Айкөлүбүз жогорудагыдай саясат жүргүзгөн болсо жана кыргызым жака-белиндеги элдерди өзүнө тартып, кыргызга сиңирип, бир эл, бир журт кылып келсе, эмне үчүн бүгүнкү интеллектуалдык деңгээли бийик делген заманда биз тынчыраак жашаш үчүн бүтүн бир болууга тийиш болгон бир аймактагы элди бир тиякка, бир биякка тартып, бөлүп жатабыз? Демек, биз азыр Кыргыз Жергесиндеги башка этносторду мүмкүн болушунча боорго тартып, аларга дилибизди берип, алар ошол биздин кыргыз дилибизди кабыл алгыдай деңгээлге жеткирсек жана өзбек Сабиров өңдүүлөр жыйындарда кыргызча сүйлөй турган чекке жетсе, анда биз келечекте бирдиктүү бир улуттун – кыргыз улутунун жаралышы жөнүндө айталат элек” деп жазды Жаныбек Жанызак.

“Айат пресстен” ошондой эле “Өктөмхан үчүн өлдүкпү?”, “Техникалык өкмөт профессионал эмес...” деген макалаларды, ишкер Токтосун Мадияровдун, саясатчы Курманбек Дыйканбаевдин, мурдагы министрлердин бири Эднан Карабаевдин интервьюларын окууга болот. Мындан тышкары саясатчылар тууралуу “дейт экен, дептир” деген өңдүү жел учурган кабарлар арбын...

“Пресс kg”
гезити жаңы санын “Трагедия тасмалары келечекти кайда алып барат?” деген баш макала менен ачты. Буга улай эле ошол Ош калабасын чагылдырган интернет булактарындагы тасмалар, сүрөттөр өспүрүмдөргө кандай таасир берерин сурамжылаган ой-пикирлерге орун берди.

Гезит андан ары “Саясат таануучулардын саясый айдыңдагы орду кандай?” деген суроо салып, төмөнкүдөй жоопторду алды.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев: - Саясат таануучулардын жакшы жагы абалды жакшыртат, алдын ала айтат. Жаман жагы өкмөттү укпайт. Ошол эле убакта өкмөттүн чала сабат кызматкерлери аларды жек көрөт. Азыр бизде өлкө бар, а бирок атайын мамлекеттик аналитикалык кызмат жок.

Экономист Айылчы Сарыбаев: - Саясат таануучу деген формалдуу нерсе. Эгер мындай караганда элдин баары эле саясат таануучу. Ошон үчүн алардын акылынын деле кереги жок.

Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев: - Саясат таануучулардын ар кандай окуяларды уюштурганга мүмкүнчүлүктөрү жок. Бирок коомдук пикир жаратууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми билим деңгээли, саясый көз караштарынын туруксуздугу менен Кыргызстандын саясатчылары чабал. Өлкөдөгү саясый кризис дал ошол саясый элитанын күнөөсү.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков: - Саясат таануучунун айткан-дегени таасирдүү болуш үчүн бизде саясый элита деген болушу керек. Ал эми саясатта жүргөн элиталар мамлекеттин келечеги, өнүгүшү жөнүндө ойлобой, өз кызыкчылыктары менен алпурушуп келүүдө. Саясат таануу илиминин докторумун дегендер көбөйдү. Сапаты төмөн. Саясат таануучулардын таасири начар, өксүк болуп жатат.

Саясатчы Өмүрбек Абдрахманов: - Учурда Россиянын же башка бирөөнүн акчасын ала коюп, Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлобой эле ошолордун сөзүн сүйлөп калган саясат таануучулар бар. Журналисттер ушундайларга баа берүсү керек.

Жаш саясатчы Мирзат Аджиев:
- Азыр Кыргызстанда сяасат таануучулар жеке амбициясынын же кандайдыр бир саясый буюртмалардын негизинде аналитикалык ой-жүгүртүүлөрдү жазып аткандыгы туура эмес. Мындай аналитикалык ойлор Кыргызстанды туюкка кептеши мүмкүн.

Булардан тышкары аталган басылма Бакыт Молдалиевдин “Жамандын коногу бийлейт” деген рубрика алдында “Эл аралык полицияга муктажбызбы?” аттуу макаласын сунуштады.

Автор макаласында Европадагы Коопсуздук кеңеши уюмунун конфиликттерди алдын алуу боборунун деректири Герберт Зальбердин “Кыргызстандын түштүгүнө полиция тобун киргизебиз” дегенин шилтеме кылып, ушу кезде ар кандай ойлорду козгоп аткан маселени талдоого алат. Автор полиция күчтөрүнүн пайдасынан зыяны көп деген бүтүмгө келет. “Укуктар бузулуп жатат!” деп кыйкыргандардын бардыгы кыргыз улутун дүйнөгө жаман көрсөткүсү келгендер” деп айткан мурдагы Юстиция министри Марат Кайыповдун сөзүн мисалга тартат.

Акырында ал, эл аралык комиссия дегени кандай болорун 90-жылдагы кыргыз-өзбек кагылышы көрсөткөнүн, анын жыйынтыгында Россиялык укук коргоо күчтөрүнүн “колу” менен далай бейкүнөө азаматтары күнөөсүз кесилип кеткенин, аны башкалар унутса да эл унута электигин эске салган.
XS
SM
MD
LG