Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

“Эл эмне дейт?” деген улуу нысап кайда жоголгон?


Бүгүнкү гезиттер жазышат.

“Жаңы агым” гезити Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековдун маегин басты. Ал кадрдык жүрүштөргө токтолуп: “Жаныш Бакиевдин эң жакын кишиси, Ички иштер башкармалыгынын начальниги Бакировду кызматтан кетирип, Субаналиевди дайындашты. Көп өтпөй ал да кетип калды. Андан кийин эки жарым ай мурун биз Оштон кууп чыгарган Бакировду кайра алып келип коюшту. Мындайча айтканда мурдагы кадрлар тегеренип эле кайра келип атат. Күч органдарында мыйзам катуу сакталбай калды. Анан кайсыны айтса болот? Мунун баары эле билишет” деп жаны кейиди.

БУУнун Балдарды коргоо Фонду Кыргызстандын түштүгүнө кандай жардам берип жаткандыгы Назгүл Калмамбетованын макаласында баяндалса, Нурканбек Керимбаев донор өлкөлөрдүн жакында өткөн жыйынынын жыйынтыгын баяндаган.

“Курманжан датка” фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева “Убактылуу өкмөттүн беш мүчөсү Батыров менен соодалашкан” деген ат менен интервью берди. Жылдыз айым “90-жылдагы Ош окуясын билип туруп мезгилинде А. Акаев Ошко барган сайын бир гана Имонжан Абдрасуловдун фермердик чарбасына барып, ошолорду гана көрүп, мектеп тургай, университеттерден бери ачып берип келсе, К. Бакиев Кадыржан Батыровду канатына калкалап келген” деди. Ал ошондой эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрү канчалык актанышпасын, Батыров тарап алар менен соодалашканын видеокассетага тарттырып алганын, кийин ушу кассета менен коркутуп, тигилердин бирөө болсо Батыровду үйүнө жашырып, качырып жибергени жөнүндө маалымат барын, ал кассета азыр бир генералдын колунда экенин айтты, бирок алар өкмөттүн кайсы мүчөлөрү экендигин атаган жок.

“Жаңы агымдан” ошондой эле “ХХI эмес, ХХII кылымда жүргөн жаштарыбыз бар” деген Жаштар министри Алясбек Алымкуловдун, ИИМ министринин орунбасары Мелис Турганбаевдин, ТИМ министри Руслан Казакбаевдин, “Максимдикиндей тагдырды душманыма да каалабайм” деген ат менен Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун, ЭлТрдин башкы деректири Шайырбек Абдырахмановдун “Телевидение - бул кумдан үй куруу, кылт этсе көчүп түшөт” деген интервьюларын ж.б. окууга болот.

“Кыргыз руху” гезити “Ата Журтпу” же “Ата Жутпу?” деген макалага окурман көңүлүн бурду. “Ташиев менен Келдибеков бүгүн баатыр болуп, төгүлгөн канды токтотуп калдык дешсе, эмне үчүн андан ары тынчтык үчүн күрөшүп, андан ары мамлекеттин келечегин ойлошпойт. Антүүнүн ордуна түштүктө төгүлгөн кан үчүн, бийликке каршы элди көтөрүп, дагы жаңы тополоңго, жаңы кан төгүүгө шыкакчы болууга камданышууда деген каңшаар эл аралап жүрөт. Эгер мындай тополоң болсо Убактылуу өкмөткө каршы Түштүк, Ташиевге окшогон Бакиевдин куйруктарына каршы Түндүк көтөрүлүшү мүмкүн. Бул өзбек-кыргыз кырылышынан да жаман. Анда Ата Журттун туусун көтөрөм дегендер, туу көтөрбөй эле атасын жутушат. Кан көргөн адам токтоно албай кан көксөп калат дешет. Ташиев кан көксөп жатабы?” деп жазды.

Андан кийинки беттеги макала да Ош калабасына арналган. “Түн уйкудан кечип, эл тынчтыгын коргошкон Ош шаарынын мэри Мелис Жоошбаевичке, Оштун губернатору Сооронбай Шариповичке, эл сүймөнчүлүгү болушкан баатыр уулдар Камчыбек Ташиев менен Исмаил Исаковго чоң ыраазычылык билдиребиз!” деп жазылган анда.

Журналист Азизбек Келдибековдун макаласы “Каттани” кимдин катта иниси” деп аталат.

“Кыргыз рухунун” “Түштүк тараптагы коогалаңга ким күнөөлүү деп ойлойсуз? Полиция күчтөрүнүн киришине кандай көз караштасыз?” деген эки суроо менен айрым атуулдардын жообун сунуш кылган.

“Форум” гезити Баратбай Аракеевдин макаласы менен жаңы санын ачты. “Тургуналиев менен Каптагаевдин кармашы бийликтин жүзү эмеспи?” деп суроо койгон журналист: “Каптагаев өң-тааныштыгы менен далайды кызматтарга коюп жатат, баланчадан түкүнчө доллар алыптыр...” деген кеп эл аралап жүргөнүн, “бөтөнчө Каптагаев ал орунга татыксыз Абдыраимовду Саламаттык сактоо министри кылып, баланча миң доллар алыптыр” деген кеп айтылып жатат. Эл мурунку бийликти коррупцияга кекиртегинен батканы үчүн, кылмышкерлер менен коюндашып кеткени үчүн айдабады беле? Муну Отунбаева баш болгон кишилер беш колундай билет” деп коңгуроо какты.

Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Геосаясаттын курмандыгына айланбайлы...” деген ат менен сунушталды.

“Форум” алакандай кабарларында Адахан Мадумаров Өзгөндөгү жолугушууда “Ак жолду” жамандап сүйлөгөнүн, угуп турган эл жаалап, “сен өзүң кечээ эле ошол партиянын башында турбадың беле, Каркыраны саткан сен. Анан кайда "Бүтүн Кыргызстан"?”деп такалап, Адахан салбырап жолго түштү” деп, “К.Ташиев, С. Жапаров, А. Келдибеков башында турган “Ата Журт” партиясынын артында Максим Бакиев турары жөнүндө сөз жайнап кеткенин, демек “жел жүрбөсө чөптүн башы бекер кыймылдабасын”, “Маммүлк департаментинин деректири болуп дайындалган Байпакбаев Экмат деген Кыргызстандын жарымын соодалап жиберген баягы Турсун Турдумамбетовдун жардамчысы болуп жүргөн эме экен. Элдик бийлик орноду деп сүйүнүп олтурсак, эски бийликтин куйруктары ээн-эркин кызматтан кызматка көтөрүлүүдө” деп маалымат таратты.

“Форумдун” бул санына ИИМ министри К. Байболовдун “Бүгүн криминалдардын “крышасы” жок!” деген ат менен маеги жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын “Эл аралык коомчулук Кыргызстанга 1 млрд. 100 млн. доллар бермей болду” деген баш тема менен ачып, донор өлкөлөрдүн жыйынын баяндады.

Аталган басылмада ЕККУнун баш катчысы Марк Перрен де Бришамбонун “Полициялык топту Тынчтыкты орнотуучулар менен чаташтырууга болбойт” деген маеги, ушул эле маселеге арналган полковник Александр Зеличенконун маеги менен жанаша тартууланды.

Полковник Зеличенко БУУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен эл аралык полиция бири биринен принципиалдуу түрдө айырмаланарын, эгер тынчтык орнотуучу күчтөр же “көгүш каскачандар” полициялык операция жүргүзүүлөрдү толук көзөмөлдөп, кылмыштарды иликтеп, жол кыймылын жөнгө салып, курал-жарактарды, баңги заттарды тартып алса, эл аралык полиция болгону кыргыз милийсаларын агартып-окутуу жагына, эл менен сүйлөшүп, алардын оюн, дилин тазартууга көмөк берерин түшүндүрүп берген.

“Азезилдер азгырбаса, араздашуу болбойт” же “Вечерка” (Күүгүм) гезитиндеги Д. Маслованын макаласына жооп” деген ат менен белгилүү жазуучу Казат Акматовдун макаласы жарыяланды. Анда дүйнөдө кыргыздан өткөн чыдамдуу улут жоктугун, “Вечерний Бишкек” гезити деги эле ушундай маселелерге келгенде такыр калыс сөз айтпастыгын, тескерисинче, президент Р. Отунбаеванын кыргызча сүйлөгөнүнө ичи күйүп, жан айласын таппай турганын, айтор Маслованын “мааниси” кандай экендигин олуттуу талдоого алган.
XS
SM
MD
LG