Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Гезиттер эмне дешет?

Бүгүн жарык көргөн “Аалам” гезити “Казына ууруларын атагыла?” деген рубрика алдында экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялоо тууралуу чыккан жарлыкты талдоого алган. Гезит окурман көңүлүн Юстиция министринин айтканына буруп, аталган мекеме башчысынын оюнча казынанын акчасына суук колун салгандар кылмышкер эмес, киши өлтүргөндөр кылмышкер деп саналат дегенине буруп: “Мунусуна макул дейли, бирок өз ыктыяры менен, “мен ууру элем, казынадан мынча акча жеп койгон элем, эми ошону кайтарып берейин деп келдим” деп келип бермек беле? Акаевдик да, бакиевдик да атка минер антпейт. Деги казынадан акча уурдагандар кимдер? Аты-жөнү барбы? Алардын тизмеси эмне үчүн элге айтылбайт? Же мамлекеттик жашыруун сырбы? Кайсыл чиновник эле уурдадым эле деп эл алдында шерменде болгусу келсин. Айтор бул мунапыс карапайым калк тарабынан колдоого алынганы азырынча байкалбайт, андан көрө ууру-кескилерди Кытайдын ыкмасына салганда биринен-бири озуп чуркап келмек эле” деп жазды.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков парламенттик шайлоого аттанган партиялардын курамы кимдерден турарын талдоого алган макаласында “Ата Журт” партиясынын түпкү нарк-насилине ой таштайт. “Ата Журттун” болочок парламентте негизги оппозициялык күчкө айланарынан шек санаган баяндамачы: “ Шайлоочулар эртеби, кечпи, “Ата Журт” партиясы түпкүлүгүндө элдин биримдигине, ынтымагына бүлүк сала турган деструктивдүү күч экенин түшүнбөй койбойт. Карөзгөйлүк, жандимилик партия лидерлеринин өзгөчөлүгүн түзөт. Маселен Камчыбек Ташиев “Немецкая волна” радиосуна сүйлөп: “Эгер бийлик партиялары админстративдик ресурстарга таянып, жеңип чыгууну көздөп турса терең жаңылышат. Биз аларга каршы элдик чараларды колдонобуз, бул чаралар балким митинг, балким жаңжал болушу мүмкүн” деп айтканын мисалга тартып, шайлоо адилет өткөн күндө да аны “Ата Журттун” мойнуна аларынан шек санаган.

“Параграф” гезити Бек Алымбеков аттуу автордун “Тизме” деп аталган макаласын сунуштады. Автор: “эмне үчүн эле баарын кыргызга кылган кызматы эмес, акча чечип жатат” деген суроону коюп: “парламентке баягы эле акчалуулар, Акаев менен Бакиев режиминин адамдары, алардын жек-жааттары келет экен. Азыр эле кайрадан баягыдай маанай өкүм сүрө баштады. Акаевди тактан алып түшкөндө да, ким келсе ошо келсин деп калган. Бирок Бакиев келип, эл дагы жаңылган. Сыягы парламенттик шайлоодон кийин элибиз дагы жаңылат окшоп калды. Кыргызстан шору көп эл экен го? Кыргыздын душманы кыргыз экен го? Өз уулдарың өзүңдү жардан ары түртүп ийгенге даяр турат” деп кейип, каңырыгы түтөдү.

“Адилет преss” гезити “Парламенттик шайлоо – 2010. Социалдык сурамжылоо” деген аталыш менен шайлоого аттанып бараткан саясый партиялардын кимиси канча мандат менен марага келер эсебин жарыя кылды. Көз карандысыз эксперт Бекмырза Токтотегин таблицадагы бул көрсөткүчүн акыркы үч айда Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү рейтинг борборлорунун, интернет булактарынын жана массалык маалымат каражаттарынын иликтөөлөрүнө негиздеп чыгарганын эскерткен.

Эксперттин эсеби боюнча, “Ата Мекен” – 34, КСДП – 17, “Ак шумкар” – 11, “Ата Журт” – 20, “Республика” – 10, “Бүтүн Кыргызстан” – 9, “Ар-Намыс” – 9, “Акыйкат” – 10 орунга ээ болушу мүмкүн. Калган партиялар орун ала албайт.

Ушул эле “Аргумент преss” гезити белгилүү экономист Сапар Орозбаковдун “Түштүктөгү коогалаңды ким уюштурган?” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Автор түштүктөгү жаңжалды уюштургандар ислам экстремисттери эместигин, алардын тиешеси жоктугун, муну окуяны иликтөөгө алган чет өлкөлүк уюмдар да, атуу-баштуу инсандар да моюнга алып жатканын өзбек президенти Ислам Каримовдун Бухарага баргандагы “Бизге өздөрүн доспуз деп санаган алыскы жана жакынкы чет өлкөлүктөр да бар. Өзбектин да, кыргыздын да тиешеси жок. Буга Өзбекстанды да тартуу максатында кагылышуу сырттан уюштурулган жана башкарылып турган диверсия болгон” деп айткан сөзүн далилге тартты.

Экономист Сапар Орозбаков андан ары: “Өзбек президенти жаңжалга Өзбекстанды тартуу аракети болгонун бекер айтып жаткан жери жок. Орусия Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык жаңжал чыгарып, бир ок менен эки коен аткысы келген. Албетте, ал буга 1-кезекте Кыргызстанды бутага алган. Орусия Бакиевди кулаткысы келген эмес, жөн гана какыс-кукус кылып, коркутуп койгусу келген. Бирок Орусия артык кылам деп тыртык кылып алганын кыргыздар жамгырдай жааган октон коркпой Акүйгө кирип барганда гана сезди” деп жазды.

Макаласын автор: “Акырында айтарым, Орусия атайын өкүл кылып жиберген Рушайлонун жардамчысынын кыргыз менен өзбектерди кайраштырып жүргөнүн көргөндөр бар экен. Анан дагы өзбек айлынан чыгып келаткан жерден Орусиянын бир тыңчысы колго түшүптүр. Ал өзү маалелерге курал-жарак сатканын мойнуна алып жатат. Мен бул макаланы кыргыздар ойлонсун, ак-караны айрып, Орусиянын маалымат каражаттары эмне жазса эле аларды чындыктын акыркы үлгүсү кыла бергенди токтотуп, ойлонсун, абайлап иш кылсын деп жазып жатам” деп аяктаган.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков ушул эле гезитке курган маегин “Аламанга 3600 адам түштү! Бул тарыхта болбогон сан” деп атап, шайлоо тынч өтүп кетсе, өлкөдө экинчи этап, парламент келип, мыйзамдуу өкмөт түзүлүп, чыныгы иш башталарын, өлкө бакубат турмушка жетүү үчүн шарт жетиштүү экенин айткан.

И. Абдуразаков маегинде тилекке каршы партиялардын тизмесинде интеллектуалдык элитанын өтө аздыгын белгилеп, тарыхтан, өткөндөрдөн сабак албасак, кайра эле баягы таяк башыбызга тиерин эскертет.

“Көч бара-бара түзөлөт, бул жолду да басып көрөлү. Кайдыгер болбой, бийликтегилерге калыс баа берип, чындыкты көзгө сая көрсөтүп, оң багытка өткөнгө жалпы эл жардам берели” дейт коомдук ишмер.
XS
SM
MD
LG