Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Бийликтин кадыры кадрларга байланыштуу


Гезитте эмне кеп?

“Дело №....” жумалыгы жаңы санын “Роза Отунбаева күч түзүлүштөрүнө кадрдык өзгөртүү баштады” деген ат менен ачты.

Бакиев бийлиги кулары менен өлкөнүн Башкы прокурору болуп иштеп келген Байтемир Ибраев кызматынан кетти, бирок эмне себептен кеткени айтылган жок. Эл арасында аны “Бекназаровдун кишиси” деген сөз айтылып жүрчү. Анын ордуна ИИМ минстри болуп иштеп келген Кубатбек Байболов дайындалды.

Байболовдун ордуна ИИМ министри болуп дайындалган Зарылбек Рысалиев капсалаңдуу күндөрдө Бишкек шаарынын тынчтыгын сактоо менен көзгө көрүнгөн жана Барктабасовдор тарабынан уюштурулган башаламандыкты баскан.

Жогорку Соттун төрагасы, Бекназаровдун кишиси аталган Кубаныч Момбеков да кызматынан ажырап, анын ордуна граждандык иштер боюнча Жогорку Сотто судьялык кылып жүргөн Феруза Жамашева дайындалды.

Күч органдарындагы кызматтык өзгөртүүлөр Ошто да болгонун, Ош шаардык милиция башкармалыгынын начальниги болуп келген Курсан Асанов парламенттик шайлоого аттанганы үчүн анын ордуна Марат Тургунбаев дайындалаганын кабарлады.

Гезит андан ары Артем Петровдун “Эгер кадрдык башаламандык токтобосо Бекназаров чечкиндүү аракеттерге даяр” деген ат менен макала жарыялады.

Бекназаров журналисттердин алдында күтүүсүз пайда болуп:

- Мен ооруканада жатсам, аларды мага билдирбей эле кызматтан алып таштаптыр. Президенттик администрациянын жетекчиси Эмил Каптагаевге кайрылсам Байтемир Ибраев менен Кубанычбек Момбековду бошотуу буйругуна Роза Отунбаева кол койгондугун айтты. Биз деген шайлоо өткөнгө дейре кадрдык алмаштыруу болбойт деп сүйлөшкөн болчубуз,- деп маалымат жыйын өткөзгөн Бекназаров, “Эгер кадрдык башаламандык токтобосо чекиндүү кадамдарга барарын” билдирген, бирок ал эртеси башкача сүйлөп:

- Мындай кадрдык өзгөртүүлөр өлкөдө жаңы башаламандыкты жаратышы мүмкүн. Муну кимдир бирөөлөр атайын жасап жатат. Бирок мен жаман иштерди жасаганга барбайм. Өзүмө тапшырылган кызмат ордумда иштей берем. Мага республиканын бүтүндүгү кымбат
,-деп айтканын шардана кылды.

Бекназаров ошону менен бирге эле президент кызматтан УККнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди алса болмогун, ал анткени Мурат Суталиновду камакка алуунун ордуна бошотуп жибергенин кошумчалаган жана кабарчынын суроосуна жооп берип жатып, өткөндө Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен болгон учурда анын машинесине ок атылганын, ок ал отуруп жүргөн жакка тийгенин билдирген.

Апрель окуялары боюнча кылмыш иштери 1-октябрга чейин сотко өткөрүлөрүн, эл аралык издөөдө жүргөн 29 кишинин, алардын ичинен Мурат Суталинов менен Данияр Үсөнов жана Бакиевдердин үчөөсүнүн соту болорун кабарлаган “Дело №....” гезити, сотту өткөрө турган жай изделип аткандыгын белгилеген жана шайлоо тууралуу макалаларга да орун берген.

“Азырынча 3 партия алдыда келатат” деген ат менен маалымат тараткан жумалык эл аралык саясый экспертиза институтунун иликтөөсү боюнча шайлоого катышкан 29 партиянын баары эле парламенттен орун ала бербестигин жазат.

“Азыркы учурда алдыда 15 пайыз көрсөткүч менен “Ата Мекен” париясы, 13 пайыз менен КСДП, 11 пайыз менен “Республика”, 8 пайыз менен “Ата Журт”, 6 пайыз менен “Ак шумкар”, 6 пайыз менен “Ар-Намыс”, 4 пайыз менен “Кыргызстан коммунисттери” келатат, калган партиялардын баары 1 пайыздан жогору көрсөткүчтү ала алышкан жок. Бирок эң эски партиялардын бири эсептелген “Ата Мекендин” популярдуулугу, орус эксперттеринин ою боюнча, мурдагыдан төмөндөп кеткен. Эксперттер ошону менен бирге “Республика” партиясынын рейтинги бир айдын ичинде эки эсеге өскөнүн да белгилеген. Аталган институттун эсебине караганда бүгүнкү күндө аймактагы 5 пайыздык тосмодон 3 гана партия – “Ата Мекен”, КСДП жана “Республика” өтө алат.

“Дело №....” андан ары “Чатак” деген рубрика алдында “Видео- диверсант: Ошто кимди кармашты?” деген аталыштагы макаланы сунуш кылды.

Ушу күндө Кыргызстанда Орусиянын аскердик 3 базасы бар. Бири – Кант шаарында, экинчиси -Чүй боорунда, үчүнчүсү – деңиздеги согуш техникаларын сыноочу база - Ысык-Көлдө жайгашканын эске салуу менен Орусиянын дагы бир жаңы базасы - окуу борбору ачылганы калганын, ал тууралуу Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев менен Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюковдун ортосунда Москвада сүйлөшүүлөр болгонун жазып чыкты.

Гезитке булардан тышкары “Вугар Халилов боштондукка чыкты. Гуревичтин пиарщиги соттон акталды” деген макала басылды. Бакуда туулуп, Британиянын жараны болгон 40 жаштагы Вугар Нариман оглы Халилов Максим Бакиев менен Евгений Гуревичтин адамы катары камакка алынган болучу. Халилов сотто Максим Бакиев менен эч качан жолукпаганын, Гуревичке байланышкан акчаларга да эч кандай тиешеси жоктугун айтып чыкканын, ошентип ал 10-сентябрь, Орозо Айт күнүндө Бишкек шаардык соту тарабынан акталып чыккандыгын маалымдады.

9-сентябрдагы Бишкектеги жардыруу жөнүндө макала белгилүү дин изилдөөчү Кадыр Маликовдун түшүндүрмөсү менен жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG