Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Гезиттер эмне дейт?

Бүгүнкү “Форум” гезити “КСДП - чыныгы революциялык партия!” деген жана “Качкындар кайсы партияларды колдоп жатышат?” деген баштемаларды 1-бетине алып чыгуу менен жарык көрдү.

Гезитти ачкандагы эле макала “Күч тармактарына күмүш сырга: иштегиле, иликтегиле, издегиле!..” деп аталып: “Курманбек менен Жаныш Бакиевдер колдогон партия - кайсы партия?” деген суроо коюп, анын жообун издейт. “Кыргыздын 10 адамынын тогузу кыргыз саясатчыларынын ар биринин саясый бейнесин бешке билет, андыктан биз сөз кылалы деп аткан партиялардын аттарын атабай эле кулк-мүнөздөрүн сүрөттөп жазууну эп көрдүк” дейт автор.

Андан ары ал: “Коррупцияга кокосуна чейин малынган 4 саясатчы” партиясына адамзат үчүн ыйык болгон атты коюп алып, ошого жамынып чыгышканын, качып жүргөн Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевдер бул партияга эки айдан бери бир нече жүздөгөн млн. долларларды Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн өтө бай аялдын банкына которуп жатканын, себеби бул партияда Бакиевдин “Ак жолунан” депутат болгон 8 адам алдыңкы тизмеде экенин, алар ушу тапта качкында жүргөн Бакиевдердин “программасы” менен иштеп жатканын баяндады.

Ал эми “Максим Бакиев менен Борис Березовский кайсы партияга “ставка” койду?” деген макаласында “7-апрелден кийин түзүлүп, акчанын күчү менен тез эле белгилүү болуп бараткан бул партиядагы башкы талапкерлер бизнесте биттин ичегисине кан куйган адамдар. Алардын чоң компаниясы же фирмасы бар. Максим бул партиядагы башкы талапкер адамдар менен учурунда шилекей алышкан дос болгондугу белгилүү. Максим менен Березовский бул партиянын өтө жаш лидерине: “Элдин добушун кандай жол менен болсо да сатып ал, акчаңды аяба, жетпесе биз беребиз” деп баалуу кеңештерин айткан экен” деп жазуу менен “УКК мына ушул имиштерди билет болду бекен? Билсе эмне дээр экен?” деген суроо менен жыйынтыктайт.

“Форум” басылмасы майда кабарларында “Нариманга Бишкекти алып беребиз” деген "Ата Журттун" акылга сыйгыс жоругунун каарманы болгон Түлеевдин 4 жылда жасаганын Бишкек мэри Иса Өмүркулов 4 айда жасады” деп, “Ата Журт” партиясы өткөн жумада Таласта болуп, жолугушууда “бригадирлердин” бири Садыр Жапаров 2007-жылкы шайлоодогу “Ата Журт” президент Бакиевдин саясатын колдойт, “Ак жол” партиясына баш-оту менен кирет” деген ураанын унутуп: “Бизди “Ак жолго” кыйнап киргиле дешкен” деп актанганын, “Ата Журттун” өкүлдөрүн Таластан “эски бийликтин эпчилдери” Жусуп Иманалиев менен Юруслан Тойчубеков тосуп алды” деп, Алайдын Гүлчөсүндө 17-сентябрга караган түнү КСДП, “Ата Мекен”, “БЭК”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Соодружество” партияларынын үгүт көрнөктөрү “жоголуп” кетип, эмнегедир “Ата Журттуку” аман-эсен калыптыр, “жоголгон” партиялар аны “Ата Журттан” көрүп БШКга арыз менен кайрылды” деп кабарлады.

Гезитте булардан тышкары да көптөгөн материалдар бар.

“Алиби” гезити “Замандаш” партиясы Токтогул шаарчасынын тургундары менен жолукканын, жолугушууда Россиянын Магнитогорск, Казан, Екатеринбург шаарлары менен сүйлөшүүлөр уюштурулганын, келген эл чет жерде иштеп жүргөн уул-кыздары менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк алышканын, “Замандаш” Таласта да болгонун, “таза, туруктуу позицияда бара жаткан, реалдуу иштерди жарата алган партияны Манастын урпактары да ак батасын берип, жылуу узатканын маалымдады.

Аталган гезит ошону менен бирге эле Акаев менен маек кургандан кийин редакцияга “Алиби” гезитине ыраазы болгондор да, “Акаев силерди тойгузуп койдубу?” деп ашата сөккөндөр да болгонун, бирок гезит окурмандардын баарына тегиз, бирдей мамиле кыларын маалымдады.

“Алиби” бул санына “Ата Журт” партиясынын төрагасы Садыр Жапаров менен аңгемелешүүсүн жар салды. Садыр Жапаров мурдагы бийлик тууралуу суроолорго жооп берип жатып:

- Мен так кесе айтып коеюн, кан төгүп качып кеткен Бакиев эмес, тынч качып кеткен Акаевге дагы мындан ары Кыргызстанда орун жок. Бул “Ата Журт” партиясынын ачык позициясы. “Ата Журт” Бакиевдердики деп сөз таркатып жүргөн эргулдар унутушпасын, “Ата Журт” партиясы тургай, 160 партия биригип, Бакиевди алып келип кайра отургузабыз дешсе да ишке ашпайт,-деди.

Партиянын жаралыш тарыхына токтолгон Садыр Жапаров:


- “Ата Журт” партиясы 2006-жылы уюшулган. Кыргызстан боюнча 13 депутат биригип түзгөнбүз. Максатыбыз кыргыз элине ак кызмат кылуу эле. Кийин 2007-жылдын аягында Бакиев “Ак жол” партиясын түзүп, биздин баарыбызды ага киргиле деп кыйнай баштады. Ошондо 13 кишиден төртөөбүз эле калдык. Алар – Камчыбек Ташиев, Жаныш Кудайбергенов, Акматбек Келдибеков анан мен, калган 9 депутат бир күндүк кысымга чыдабай “Ак жолго” өтүп кеткен. Калган төртөөбүз эл алдында абийрибизди таза сактап калдык,- деп айтты.

Гезитте булардан тышкары Күнболот Момоконовдун “Калп детектор” капчык калыңдатма каражатпы?” деген макаласы тартууланды. “Менин пикиримде, кыргыздар үчүн адамдын калпын аныктай турган детектор анык коррупциянын чордонуна айланган тармак болуп калышы мүмкүн. Биздин капчыктуу мансапкорлор детектордон өтүп алып, майлуу кызматтарында кала бериш үчүн баарын берет жана баарын берүүгө даяр” деп жазды.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков маегинде өлкөнүн билим берүү мекемелеринин абалы, тос-тополоңдордон кийинки окуу жайлары менен мектептердеги кырдаал, кыштан чыгуу жана эртеңки келечек жагдайында кеп кылган.

Кеңешбек Тургунбаевдин макаласы “Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз, сен Манастын тукуму!” деп аталат. Автор кыргыз элин камгактай жумаланып, жел соккон тарапка кете бергенден сактап келаткан тамырынын бекемдеги эмнеден экендигине ой калчаган. Элди бийик болууга чакырган.
XS
SM
MD
LG