Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

Эртең эсте калбас күндөр...


Гезиттерде эмне кеп?

“Лозунг” гезити бетачар кабарларында: “И. Каримов БУУнун саммитинде Ош окуясын эл аралык комиссия изилдебесе көксөм суубайт деди. 2005-жылдагы Анжыян козголоңунда мындан көп өзбектерди кырган. Бирок Ислам ака бир да эл аралык уюм өкүлдөрүн өз өлкөсүнө киргиздирген эмес. Эми аны унутумуш эткени кызык” деп;

“Революция бешиги” делген Таластан жетишерлик добуш топтой албайбызбы?” деп “Ата Журт” партиясынын жегени желим болуп жатыр. Жакында Манастын элине Марат Султанов баш болгон партия мүчөлөрү аттанган атат. Марат мырза кайын-журтунан канча жыл мурда кызынын колун сураса, бул саам шайлоого добуш сурайт” деп;

“Жакында Өмүрбек Текебаев Базар-Коргон жана Сузак райондорунда “Ата Мекен” партиясына добуш берүү чакырык баракчаларын самолет аркылуу чачтыртты. Алардын арасынан өзбек тилиндеги баракчалар кайып-каскагынан Өзбекстанга чачылып кетиптир. Аны өзбек туугандар алып келип беришти дешет. Ал дооматка партиянын мыкчыгери Өмүрбек Абдрахманов “шамал болуп аткан, мүмкүн ошол учуруп кеткендир” деп жооп берди. Анын үстүнө коңшу өлкө чек ара бузулду деп чыр чыгарбаптыр” деп;

“Ойт” берме жана “айт” берме Турсунбек Акун Жалал-Абаддагы өзбек элин кыргыздарга каршы казат ачкыла деп үндөгөн маанисиндеги айып менен сот жообуна тартылган Азимжан Аскаров “туура эмес кесилди” деп ааламга айгай салууда. Анткени соттолгон адам укук коргоочу имиш, укук коргоочуга “укурук салганга”соттун укугу жок экен. Акыйкатчы Турсунбек Акун айгай салганы үчүн өзбек тараптан олчойгон “бадарке” алыптыр деген ушак чыкты” деп;

“Темир эмес, желим аталып кеткен генерал Феликс Кулов өткөн курултайында дилдеш эмес, жалаң тилдештерине таянганын, ошентип, желим генерал электорат добушун Кыргызстандан эмес, Россиядан издей баштады. Шайлоо жөн өтпөйт, сырткы күчтөр кутум уюштурат өңдүү купуя коркунучтун бир белгиси ушул болуп жүрбөсүн” деп маалымат таратты.

Айтылуу журналист Алым Токтомушевдин “Кутум” аттуу макаласында түштүк калабасындагы маалымат согушунун тамыры талдоого алынган. “Россия, Өзбекстан, АКШ мамлекет жетекчилери бул трагедияга кийлигишпей туура кылды. Ушул принцип Кыргызстан тургай, бүтүндөй регионду жарылып кетүүдөн сактады” дейт автор.

Алым Токтомушев андан ары: “Бүгүн бизге жана биз өңдүүлөргө ар дайым акыл үйрөтүп келаткан чет өлкөлүк НРW, ЕККУ сыяктуу уюмдар өздөрү реформаланууга, жаңыланууга муктаж. Булар Брежневдин эбак өлгөнүн, эсил кайран СССРдин ташы талкан болгонун унутуп салып эле, баягыдай эле бөлүп-жарып, майдалоо арбайын согууда” деп жазды.

“Лозунг” гезитиндеги дагы бир макала “Бүтүн Кыргызстан” эмнеси менен бүтүн?” деген суроо менен аталып, партия башчысы Адахан Мадумаровдун бийлик чокусунда тургандагы “чоор тарткан” учурун окурмандардын дагы бир жолу эсине салган. “Ал түзгөн партиянын тизмесинде өңчөй түштүктүн – Мария Исанова, Абдрейим Кулбаев, Рашид Тагаев, Нурлан Шакиев, Бек Борбиев, Марат Кайыпов, Улугбек Ормонов, Арапбай Төлөнов өңдүү төбөсү көрүнгөндөр бар. Ал эми “Бүтүн Кыргызстандын” далдасында кадимки карт бөрү Үсөн Сыдыков турары белгилүү” деп кулак кагыш кылды.

“Дело №...” гезити апрель окуясындагы массалык кыргынга байланыштуу күнөөлөнүп аткан “Альфанын” жана “Арстан” деп аталган мамлекеттик күзөт жоокерлеринин туугандары кечээ Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгышканын, алар балдарын үй түрмөсүнө чыгарып туруп анан акыйкат сот кылуу талабын койгонун кабарлады.

Гезит кенен орунду америкалык пастордун Куранды өрттөгөнүнө байланыштуу макалаларга берди. Бул боюнча исламды иликтөө доктору Кадыр Маликовдун маегин тартуулады. Саясат иликтөөчүлөр Марс Сариев, Леонид Бондарец, Токтогул Какчекеев, укук коргоочулар Азиза Абдрасулова, Чолпон Жакупова, саясатчы Равшан Жээнбеков ойлорун ортого салды. Баары бир ооздон Куранды өрттөгөндүк барып турган айбанчылык, ошону менен бирге өтө опурталдуу чагымчылдык экендигин белгилешти.

“Дело №...” буларга улай “Саясатчылар экстрасенсттердин көзү менен” деген мүнөздөмөгө окурман көңүлүн бурду. Угармандарыбызга ошондон үзүндүлөй кетели.

Азимбек БЕКНАЗАРОВ

Өтө амалкөй адам. Мен баарыңа чындыкты айтып берем деп чыгат да, эчтеке айтпай кетет. Чынында Кыргызстанда буга дейре эмнелер болгонун, эмнелер болуп жатканын көп билгендердин бири. Коомчулук акыркы кездери аны анча жакшы көрбөй калды, бирок анын муну урганы да жок. Анткени артында “а кыл, бу кыл” деп, башкарып турган абройлуу адамдар бар.

Максим БАКИЕВ

Максимдин жсагандарынын баары ага оюн болгон. Ага бир кишинин терс таасири катуу тийген. Бийликтин, акчанын даамын жаштайында татып алган неме, бу дүйнөдө баарын акча чечет, баарын кылса боло берет экен деп ойлогон. Ал бүгүн да ошондой ойдо, ката кетирдим, жаса бастым деп эч качан башын оорутпайт. Максим Бакиев “эмне болсо ошол болсун, мен гана болсом болду” деп жашаган жан.

Курманбек БАКИЕВ

Анын бир ай мурда жүрөгүнөн приступ болгонун айтышууда. Азыр ал жалгыз. Туугандарынын эч кимиси сүйлөшпөй, байланышпай калган. Кыргызстанда болуп өткөн жана болуп аткан окуялар үчүн кабагым-кашым деп, кызарып да койбойт.

Эми ал экинчи Кыргызстанга кайрылып келбейт. Айласы алты куруп жүргөн чагы. Ал жөнүндө айтылгандардын баары эле чындыкка төп келе бербейт, бирок алардын жалган экендигин ашкерелөөгө анын кудурети жетпейт. Анткени Курманбек Бакиев дегенге эч ким ишенбейт.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ

Чарчаганы сезилип турат. Анын так пландары жок. Карап туруп эч нерсени көрө албайсың. Ал азыр акулалардын арасында сүзүп жүргөн кит. Бирок аны жей алышпайт. Бул адам азыр жаңы нерсени издеген жери жок. Текебаев өзүнөн жана өз жакындарынан башкаларга талапты катуу койгон адам.

Алмазбек АТАМБАЕВ

Турган-турушу боюнча катуу адам. Мүнөзү күчтүү. Мындай адамдардын ички “бурамасы” өтө бекем болот. Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнү солк эттирбей кармап турган киши керек деп эсептейт. Кокус зарыл болсо, арты кайгылуу бүтөрүнө карабастан, катуу буйрук бергенге жете турган эрки бар.“Байысам, байлык менен жашасам” деген түшүнүктүн мааниси ал үчүн түккө турбаган, арзыбаган маанисиз нерсе. Анын жашоосунун башкы көзүрү көр дүйнө же акча чогултуу эмес. Ал айланасындагыларды өз эркине, өз ишенимине баш ийдиргиси келгенди жакшы көрөт. Азырынча аны глобалдуу саясатчы деш эрте. Бирок ал глобалдуу ойлонот. Стратегиялык аракети жакшы. Лидер катары бардык жагдайда алдыда жүрөт. Көр албастары толтура.

Исмаил ИСАКОВ

Анын алысты көздөгөн максаттары бар. Тоталитардык бийликти сүйгөн адам. Жакындарынын сатып жиберүүсүнөн коркот. Көбүнчө өзү менен өзү болот. Балким анын жашоо философиясынын маңызы ушундай. Сталиндик тартип болушун жактырат. Кыраандыгы бар. И. Исаков өлкөнү система катары, адамдарды ошол системанын тетиги катары санайт. Системаны иштетиш үчүн тетиктерди алмаштыруудан аянбайт. Бул демек өтө катуу адамдардын жасай турган иши. Бирок ал так ушундай гана болушун каалайт.
XS
SM
MD
LG