Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Эл тагдырын – эл чечет


Гезиттер эмне дейт?

“Учур” гезити бул санын Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевдин макаласын түшүндүрмөлөө менен ачты.

Атамбаев партиянын программасы менен тааныштырып, журналисттерге Кыргызстандын азыркы абалы, келечеги тууралуу кенен кеп куруп: “Балык башынан сасыйт” демекчи, өлкөнүн биринчи адамы болгон президент, премьер-министр мамлекет байлыгын уурдабаса калганы элдин мүлкүнө кол салбайт. Андыктан азыр эл тигил же бул партияны эмес, өзүнүн келечегин тандоонун алдында турат. Эгер мамлекет башына Жаныштын, Максимдин кабинеттеринде отургандар келсе, өлкө кайрадан опурталдуу абалга туш болору бышык” деп айтканын мисалга тартуу менен Медет Садыркуловдун, Рысбек Акматбаевдин өлүмүн эске салган.

“Акыйкат” партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов маегинде өз партиясы Жогорку Кеңешке келсе да, келбесе да акыйкаттык үчүн күрөшө берерин айтса, “Ата Журт” партиясындагы “Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаров, Мыктыбек Абдылдаев, Камчыбек Ташиев, Нурлан Сулайманов атадан артык туулган уулдар, демек кыргыз элин “Ата Журттун” уулдары баштап баратат” деп жазды.

“Ак шумкар” партиясынын башчысы Темир Сариев аңегмесинде Талас аэропортун калыбына келтирип, Талас-Тараз-Суусамыр жолун оңдоп, мейманканаларды куруп, “Манас-Ордо” борборун туристтик агенттикке айлантып, тарыхчы адистерди, гиддерди даярдап, суу тармактарын, суу станцияларын куруп, төө буурчак, картошка, жашылча, сүттү иштетүүчү цехтерди ачарына ишендирди.

“Ата Мекен” партиясынын Көл кылаасындагы жүрүшү ийгиликтүү болгонун, Тоңдун борборунда 5 миңден ашуун, Караколдо 20 миң, ал эми 22 миң калкы бар Балыкчыда шайлоочулардын жарымы - 10 миңден ашуун адам ушул партия менен жолукканы чыкканын жар салды.

“Айкөл эл” партиясынын лидерлеринин бири, белгилүү журналист жана тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев шайлоо күрөшү – учурдун талабы экенин айтуу менен кечээ эле “Алга, Кыргызстан” менен “Акжолдун” ырын ырдап жүргөндөр бүгүн кайрадан бийликке аттанганын, “Айкөл эл” партиясы “акчага бай, бийликтин үстүндө жүргөн адамдар гана депутат болууга акылуу” деген түркөй түшүнүктү талкалоону каалайт” деп билдирди.

Британияда иштеп келген жазуучунун мындан тышкары да көптөгөн баалуу ойлору бар.

“Пресс. Kg” гезити “Миллиондор” кайда чачылат?” аттуу макала басты. Макаланын автору ушу тапта шайлоо өнөктүгүнө чачылып жаткан акчалар туурасында кеп козгойт. Саясый партиялар сапырып жаткан акчалар үгүт иштерине, жалпыга маалымдоо каражаттарына канчадан жумшалып жаткандыгына кызыгат. Бул акчалар андан көрө түштүктөгү үй-жайсыз калгандарга жардамга кетсе жакшы болбойт беле деп кейийт.

Бүгүн жарык көргөн, куйругундагы “пресс” дегенин алып таштап чыккан “Айат” гезити шайлоого 17 күн калганын эскертип, КСДП төргасы Алмазбек Атамбаевдин “Бийлик күчү элдин ишениминде” деген макаласын сунуш кылды.

Гезит андан ары белгилүү мамлекеттик ишмер, кыргыздын чыгаан кыздарынын бири Күлүйпа Кондучаловага Мекен алдындагы зор эмгеги үчүн “Кыргыз эл баатыры” наамы ыйгарылганын маалымдады.

Үсөнбек Бейшембиев аттуу автордун “От менен ойнобойлу” аттуу макаласында улут намы тууралуу сөз болот. Ал: “Кыргызстан ондогон жылдардан кийин мамлекеттүүлүгүн жоготот” деп көзү ачыктык кылгандарга ишенгендер бар. Кыргызстандын эгемендик жолундагы мүчүлүштүктөр болсо, андан трагедия издөөнүн кереги жок. Бул табигый процесс. Бүгүн Кыргызстан пессимисттик туңгуюкка кептей турган куру ишенимдерге эмес, оптимисттик маанайга муктаж, азыр ар кандай табышмактуу сырлардын пайдасынан зыяны көп” деп жазды.

Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркуловдун маеги шаар көйгөйү жагдайында болсо, Кыргыз тил коомунун вице-президенти Бейшенбек Иманалиевдин маеги – “Тилди барктабасак, кыргыз искусствосун ким түшүнөт?” деп аталып, тилибиз мамлекеттик тил даражасына ээ болгон менен, кыргыз тили 21 жылдан бери саясатчылар тарабынан болобу, адабиятчылар тарабынан болобу, ырааттуу кадамдар жасалбай жатканын, Кыргызстандын Борбору болгон Бишкек эне тилинен ажырап баратканын кейиш менен кеп кылды.

“Аалам” гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун Азимбек Бекназаров жөнүндөгү макаласын окурмандарга тартуулады. Автор анысында техникалык өкмөттүн мүчөсүн “Азимбек Бекназаровдун саясый ишмердиги, иш стили “революциялык ырааттуулукту” бетке кармап алып, оппоненттерин омуроого салып коркутуп, ошондон майнап чыгаруу менен байланышат”деп баалап: “асыресе, Азимбек Бекназаров бар болгону легитимдүү эмес техникалык өкмөттүн катардагы бир мүчөсү экенин унутпашы керек. Мамлекет башчысына чабуул жасап жатканы - А. Бекназаровдун өзүнө отчет бере албаган, жоопкерчилиги жок саясатчы экенин далилдейт” деп белгиледи.

“Аалам” гезити “Көкөлөгөн көчүрмө ырлар” деген макаласында бүгүн 3 кыргыз болсо, анын бири сөзсүз ырдап, бири обон чыгарарын айтуу менен ырчымын дегендердин “айылы” чыныгы чыгармачылык болбой эле жалган жасалмалуукка толуп баратканын сынга алган. Маселен кыргыз ырчылары Неля, Урмат Үсөнов, Темир Назаров, Клара Алибекова, Султан Садыралиев, Роза Аманова жана башкалардын айрым ырлары коңшу же чет элдердин ырларынан уурдалып алынган ырлардан, көчүрүлмө клиптерден турарын ашкере кылган.

“Ак терек, көк терек, депутаттыкка ким келет?” деген божомолунда “Аалам” депутаттыкка чыккан партиялардын алты адамын бөлүп алып, ар биринин дурус жана буруш жактарын элдин элегине салат.

Маселен Акылбек Жапаров жөнүндө: Кемчилиги – кошоматчыл. Ийгилиги – жаштайынан “случайно” депутат болгону. Катасы – калк аксакалы Турдакун Усубалиев менен чабышканы,-деп;

Марат Султанов жөнүндө:
Кемчилиги – жасалма, сатылма, акча, байлык, бийлик дегенде өз жакынын да сатып ийет. Ийгилиги – спикер, министр болгону. Катасы – Финансы министри болуп турганда далай сомдорду сол чөнтөгүнө сологону,-деп баа берген.
XS
SM
MD
LG