Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

24-сентябрда “ Кыргыз туусу”, “Форум”, “Кыргыз руху”, “Алиби”, “Агым”, “Жаңы ордо”, “Эл сөзү” жана “Эркин тоо” гезиттери жарык көрдү.

“Кыргыз туусу”

Өлкө президенти Роза Отунбаева баштаган расмий делегация Нью-Йоркто Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 65-сессиясына катышып жатканын, бир катар өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушканынан кеңири репортаж жарыялады.

Президент Роза Отунбаеванын АКШда болушунун программасы мазмундуу болгонун, саммиттин алкагында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолугуп, учурдагы саясый кырдаал боюнча маалымат алышканын, ЮНИСЕФтин жетекчиси Энтони Лейк менен, Катар өлкөсүнүн эмири шайык Хамид бин Халиф Аль Тани менен да, Дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зелик жана Германиянын канцлери Ангела Меркел жана башка жетекчилер менен жолугушуп, кызматташуу маселелерин талкуулаганы кеңири баяндалат.

“Мында Кыргызстандагы учурдагы кырдаал өлкөдөгү демократияны калыбына келтирүүдөгү өкмөттүн аракеттери, учурдагы саясат, түштүк аймактарын калыбына келтирүү боюнча маселелер талкууга алынып, “ Биздин кошуналарыбыз жана союздаштарыбыз өнүгүүнүн локомативи болууга умтулушубузду колдошууда",-дейт президент Роза Отунбаева БУУнун жыйынында.

"Бириккен Улуттар уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба программасынын башкы директору Жак Диуф Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө ар дайым жардам берүүгө даяр экенин билдирди",-деп АКШдан кабарчы Д. Өмүржанов маалымдайт.

“Форум”

Бул гезиттин баяндамачысы Баратбай Аракеевдин “Элим, бакиевчилерге алданба!” деген макаласын жарыялады. Анда кечээ эле элин эл деп санабаган бакиевчилер бүгүн түз эле элдик боло калганын, “элим” дей калып жашый кетип, клоун, маскарапоз болуп, парламенттик шайлоого катышып жаткан кездери сынга алынат.

“Бизде 5 млн. эл жашайт дегенибиз менен анын канчасы чет жерде жүрөт. Шайлоого укуктуусу 2 миллиондон бир аз ашыгыраак болушу керек. Мына ушул бир ууч элге 29 партия фантастикадай эле көп. Салыштырганда уялып өлмөй да болдук. 250 миллиондон ашуун калкы бар АКШда эки эле партия: республикачылар менен демократтар ат салышат. Англияда деле эки партия: лейбористтер менен консерваторлор, Германияда болгону 4-5 партия таймашка чыгып жүрөт. Албетте, популизмге алдырып, 1-2 күндө түзүлө калган партиялар ушул шайлоо менен кошо жоголот дечи... Бирок жоголгуча карапайым калктын мазесин алып жатышпайбы? Урматтуу кыргыз элим, бакиевчилерге алдана көрбөгүлө!",-деп кайрылат Баратбай Аракеев.

Гезит Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып жаткан экс-министрлер Турсун Турдумамбетов менен Бакыт Калыевге карата мунапыс жарыялоодон баш тартылганын, алардын материалдык жана финансылык зыяндарын аныктоого аракеттер көрүлүп жатканын баяндады.

“Кыргыз руху”

“Сахнада саясат жылдыздары” деген макала менен жүзүн ачты. Анда Бишкектин көчөлөрүндө шайлоого катышып жаткан саясатчылардын афишалары жамгырдай жааганы, алардын ар кандай, укмуштай позада түшкөн сүрөттөрү дүйнөлүк моделдер менен Голливуд жылдыздарын талаага таштаганы баяндалат. “Ал эми теле көрсөтүүлөрдөгү рекламаларды көрсөңүз андан бетер. Иван Чапаевден бери тирилтип, аны кыргызча түш жорутуп, бизге кимди шайлашты үйрөтүп жатат” деп сынга алат.

“Алиби”

Гезит алдыдагы парламенттик шайлоо өнөктүгүн кеңири чагылдырды. “Борбордук шайлоо комиссиясына өкмөттөн 136 миллион сом бөлүнгөнүн, бул каражат бюллетендерди чыгарууга, шайлоо комиссияларынын иштерине жумшаларын, айласын таба албаган өкмөт учурда мугалимдердин, дарыгерлердин айлыктарын четтен келген гранттар менен жаап жатышканын талдоого алган.

“Жаңы ордо”

Гезит “Феликс Кулов орустарга неге ыктайт?" деп суроо коюп, жооп издейт. “Орусча ой жүгүртүп иш кылган Шаршенбайдын уулу Феликсти Орусиянын башчысы Дмитрий Медведев кабыл алып, кыйлага чейин маектешти. Андан кийин Грызловдун кабылдоосунда болду. Шайлоо өнөктүгү жакындап калганда болгон “ысык мамиле” эмнени каңкуулаганын баамдоо кыйын эмес. Көп жылдан бери Кыргызстанды Орусиянын курамына киргизүүнү какшап келаткан Феликс менен алардын кездешүүсүнүн артында көп сыр жатат” деп жазат.

"Өкмөт бийлигинен, анын акырынан жем жеген саясый партияларга оппозициялык маанайдагы күчтөрдөн кабатталган “Сүйрүприздер” даярдалгандыгы тар чөйрөдө кеп болууда. Мындай “күрөшү” аттандаштарын жалпайта чабууга ойдогудай шарт түзөрүнө ишенич бар. Кандай таасирдүү ыкма экенине убагында күбө болорбуз" деп маалымдашат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG