Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

“Бүтмөйүнчө бийлик, мансап жаңжалы...”


Гезиттер эмне дейт?

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Кыргызстан менен Американын аралыгы дагы жакындады” деген аталыш менен ачып, президент Роза Отунбаеванын иш сапары өтө жемиштүү болгонун, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун, АКШнын президенти Барак Обама жана башка дүйнөлүк таасирдүү лидерлер кыргыз элинин кайра түзүүлөргө умтулган эркине жана жаңы бийликтин саясатына жогору баасын бергенин, Президент Отунбаева 60тан ашык жолгушууларды өткөргөнүн белгиледи.

Гезит ошону менен бирге Кыргызстандын делегациясы АКШга жасаган иш сапарында 250 миң долларды үнөмдөгөнүн, анткени курамы 15 адамдан турган өкмөттүк делегация Роза Отунбаеванын сунушу боюнча атайын учак эмес, кадимки эле катардагы каттамдык учак менен учуп барып келгенин белгиледи.

Кадамжайлык айыл кеңешинин төрагасы Мирзалим Асранкуловдун макаласы “Партияларга эл шайлоолордо гана керек” деп аталып: “Кайрадан шайлоо башталды. Таң калыштуусу баары эле эл үчүн күйөм, өлөм дейт. Келечек деп, биз деп канча жаштардын каны төгүлдү? Арасында бир да партиянын жетекчилери жок. Себеби партиялык боссторго жыргал жашоо керек, өлгөндөр өлө берсин” деп каңырыгы түтөгөн.


Ал эми бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезити:

“Алтын таажы... кимдер гана самабайт,
Ак калпакты кийсең неге жарабайт?
Караңгылык асыл башты жутарда,
Калпагыңа, таажыңа да карабайт!”

деген төбөсү бийик төрт сап ыр менен жаңы санын ачты. Ыр Чыгыштын атактуу акындарынын бири – Бедилге таандык.

Атактуулардын дагы бири болгон Алишер Навоинин ыр шиңгилин да окуй кетели.

“Жашоо үчүн ханга кызмат кылдыкпы,
Сокур болуп, дүлөй болуп тындыкпы?
Бирок ошол тагдыр кандай кылмыштуу,
Тилиң туруп айталбасаң чындыкты!

Бүтмөйүнчө өзүмчүлдүк кандагы,
Бүтмөйүнчө бийлик, мансап жаңжалы.
Бүтмөйүнчө кара күчтөр шарданы,
Бүтпөйт элдин кайгы-муңу, арманы”
дейт.

Чыгыш жылдыздарынын мына ушундай керемет ыр саптарын окугуңуз келсе “Көк асаба” гезитине жарыяланган белгилүү акын Кыялбек Урмамбетовдун котромолору менен таанышсаңыз болот.

Аталган басылма булардан тышкары кыргыз оюуларын чечмелеген Канат Жапаров тууралуу баяндап, “Кол өнөрчүлөрдү мамлекет качан колдоого алат?” деген көйгөй маселени көпчүлүктүн талкуусуна алып чыккан. Сүрөтчү, тайганчы жана мергенчилер кеңешинин төрагасы Майрамкул Асаналиев менен мергенчиликтин сырлары тууралуу аңгемелешкен. Анда ушул жылдын октябрь айында биринчи жолу өтө турган мергенчилердин фестивалы жөнүндө да кеп козголгон.

“Тил майрамы деп жердин баарын майрамга айландырып, майрам менен тил өнүкпөй турганын билбедик. “Кыргызстан” деген ырасмий атыбызды “жамандын коногу бийлейттердин гезиттери эбактан бери эле “Киргизстан”, “Киргизия” деп жазып келишет. Биз бир бечара экенбиз, каш кайтарып койгонго жарабадык” деп жаны кашайган журналист Баратбай Аракеев шайлоого арналган макаласын окурмандарга бүгүн жарыкка чыккан “Форум” гезити аркылуу сунуш кылды.

Аракеев андан ары Феликс Куловдун атасы Шаршенбай Куловду жакшы билгенин эстеп, аны менен эки-үч курдай сүйлөшүп да калганын, генералдын атасы кыргыз тилин, салтын, маданиятын дурус билген адам болгонун, бирок аттиң ушундай жакшы адам болуп туруп, карачечекей уулу Феликс Куловго элининин тилинен эки ооз сөз үйрөтө албай кеткенин кейиш менен кеп кылат.

“Форум” гезити андан ары “Жүзүңдү ач, “Ата Журт!” деген макала жарыялады. Макалада ушул партиядан депутат болгусу келгендердин арасында кылмыш дүйнөсү менен алакасы бар адамдар жүрөт деген кептер барын, анын бир мисалы катары Ф. Исмаилов деген адам маркум Санжарбек Кадыралиевдин өлүмүнө тиешелүү деп шектелип, күч органдары тарабынан издөөгө алынганын, бирок анын “колдоочусу” агездеги министр Камчыбек Ташиев тиги менен шилекей алышкан достордон болорун көрсөтүп, Башпрокуратура менен Ички иштер министрлигине кулак кагыш кылган.

Макаланын “Жайсаңбаевдин жандоочусу” деген бөлүмүндө Марат Султанов, анын канча акчаны сол чөнтөккө сологону тууралуу учкай сөз болсо, “Роман Шинби же жинби?” аттуу бөлүмдө анын казиносуна байланышкан кылмыш иштери эскерилет. Аягында “Ата Журт” партиясынын эң чоң таянычы – кримавторитеттер деген кеп бар” деген жыйынтык менен бүтөт.

Гезит андан ары үгүт иштерине байланыштуу “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен мектешип, “Замандаш” партиясы тууралуу макала басты.

Академик Жамин Акималиевдин аңгемеси “Демократиянын өзү тозок нерсе” деп аталат. Айылчарба тармагынын абалын баяндаган академик, азыркы кырдаалга токтолуп, өлкөнүн парламенттик башкарууга өтүшүнөн коркпош керектигин, шайлоонун таза өтүшүнө кепилдик бере албастыгын, бирок эл бул ирет таза добуш берерин, мурдагыдай жаңылбастыгын белгилейт. "Жакында бир партия өкүлдөрү, атын айтпай эле коеюн: “бизди шайласаңар 7 пайыздуу үстөк менен кредит беребиз дейт. Буга кичинекей эле балдар ишенбесе, эч ким ишенбейт. Бул – алдоо. Минтип убада берип жаткан партиялар элди келесоо деп ойлойт экен. Кээ бирөөлөр электр энергиясын өздүк баасы менен элге беребиз дешет, минтип калп айтып, кайра элдин кыжырына тийип жатат”, - деп айтты.
XS
SM
MD
LG