Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Маңкурттардын “мародерлугу”


Гезиттер эмне дейт?

“Лозунг” гезити жаңы санын айтылуу журналист Алым Токтомушевдин өткөн сандагы “Кутум” аттуу макаласынын корутунду бөлүгү менен ачты. Улут уңгусу тууралуу жаны ачып сөз кылган автор, А. Князев, Д. Маслова, Б. Маликова өңдүү “химерлешкен” жазгычтардын жандимилигинин “бетпардасын” сыйырган.

Кечээки Ош окуясынан кийин кыргыз элин “фашизм” менен айыптай башташканын, биздин “Вечерний Бишкек” гезити аркылуу биздин кызыбыз Бермет Маликова жогоркудай ич күптүсүн сыртка чыгарганына жаны кашайган автор: “Мындай дөөдүр логиканы ит менен издеп табуу мүмкүн эмес, 1-ден кыргыз эли өзбектерге каршы атайын казат ачып, миллиондогон калкты кырып-жоюп жиберген жок. Аны биздеги өзбек улутунун өкүлдөрү өздөрү, андагы өзбек мамлекетинин башчысы өзү моюнга алууда. Демек өз элине кайдыгер эместерди Князевдин карандай жүзүкаралык менен каралоосуна, Маликова өңдүүлөрдүн маңкурттук “мародерлугуна” жол бербөө керек” деп жазды.

Ушул эле “Лозунг” гезити андан аркы алакандай кабарларында “Текебаевди орус чоңдору кабыл албай койду, кара теке сүздү дегендер терең жаңылышат. Анткен менен аны Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алды” деп;

“Бекназаров канын алмаштырганы Алматыга кеттиби? Ушундай ушак тарады. Азыркы генпрокурор Кубатбек Байболовго акаарат айта коем деп, ушундай балээге кабылды дешет. Анткени башпрокурор ага кийинки кылгандарыңан кичине эле чукуп койсок, бүт республиканы сасытып жиберет маанисинде зекиген имиш” деп;

“Качкын президенттин кандуу кылычы Мурат Суталинов Түркияда туруп алып “Альфанын” балдарына акчалай да, сөз менен да алкыш жаадырып жатат дешет. Анткени “Альфанын” жоокерлери аны сатпаптыр. Суталиновду издеп таппай жүргөн Бекнзаровго кулак кагыш, ал Айга учуп кетпей эле Анталиянын курортторунда эс алып жатыптыр” деп;

“Бакиев бийликке келелекте “кыргыздардын энесин урудум, мен деген казак жаранымын” деп жүргөн Данияр Үсөнов аялын депутат кыламын деп “Ата Журт” партиясын колдоп атыптыр. Алматыдагы “Ак барс” бай базарынын басымдуу үлүшү “дардаңкүү” Даниярга таандык экен. Аны дагы кеңейтип, “Дордойдун” ырыскысын жулуп берем деп, казак баурдастарына убада бериптир. Жакында президент Назарбаев “Ата Журттун” лидери Ахматбек Келдибековго “ак бата” берет деген кеп бар” деп маалымат таратты.

Гезитке маек курган экономика доктору Айылчы Сарыбаев 7-апрелден кийинки жана түштүктөгү окуялардын чыгышынын бирден бир себеби бийлик башында коррупционерлердин отурганынан улам болгонун эске салып: “Бюджет тартыштыгы болбош керек эле. Бирок 7-апрелден кийин коррупция 3-4 эсеге жогорулап кетти. Казнага түшчү акчалар кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүн кампайтып атат” деп айтты.

“Дело №…” гезити “Бакиевге каршы оппозиция болгон адамдын күтпөгөн ачылышы” деген рубрика алдында Мамлекеттиик финансы полициясынын төрагалык милдетин аткаруучу Эркин Бөлөкбаев менен бааралашуусун басты.

Бакиевди бийликке кандай жол менен келгенин кенен кепке алган Бөлөкбаев өлкөнүн финансы полициясы эки гана кишиге – Марат Бакиев менен Максим Бакивге иштеп келгенин, жадагалса ага Жаныш Бакиев да таасир эте албаганын, ошентип финполиция эки бир туугандын акча салчу баштыгына, полиция төрагасы Мийбиллаев болсо акча жыйнагычка айланганын айткан.

-Өткөн өттү, болору болду. Эми сиз ошол 7-апрелден кийин бир нерсе жасай алдыңызбы?

- Азык-түлүк, алкоголь, тоо-кен өнөр жай, энергетика, бажы тармактары баягы эле бойдон кала берүүдө. Ал жерлер мурдагы эле “схема” менен иштеп жатат. Экономика менен байланышы бар мамлекеттик кызматтарда баягы эле технократтар же кыргызча айтканда “техносабакчылар” эмес, “технокаракчылар” отурат. Бул тармактарды азырынча эч ким тартипке сала элек.

-Тартипке салса болобу?

-Болот. Болгондо да өтө ылдам салуу керек. Ал үчүн жетекчиликтин эрки керек. Бул күн эми жакындап калды. Менин оюмча 7-апрелдеги окуя өзүнүн логикалык жыйынтыгына - парламенттик шайлоого келатат. Непадам, шайлоо "бакиевщинанын" жеңиши менен аяктаса анда казына каракчылыгы менен коррупциядан түбөлүк кутулбайбыз. Кудай биздин элге тандап алуунун акыркы мүмкүнчүлүгүн берип жатат. Баары өзүбүзгө гана байланыштуу,-деп жооп берди.

Жумалык ошону менен бирге эле бир катар саясый партиялардын үгүт материалдарын тартуулады.

"Орусиянын курал-жарагы. Эмне үчүн?" деген макалада Кыргызстандын аймагына дагы бир орус базасы жайгшаканы калганын, анын акысы үчүн Бишкек Орусиядан курал-жарак сурап жатканын кеп кылган. Гезит кабарчысы Кыргызстандын Куралдуу Күч министринин кеңешчиси Мурат Бейшеновго суроо салган.

- Эмне себептен америкалыктар бир эле “Манас” авиабазасы үчүн жылына 60 млн. доллар төлөйт да, Россия 4 аскер базасы үчүн жылына 4,5 млн. гана доллар төлөйт?

Полковник Бейшенов буга:

- Ошон үчүн Россиянын бизге төлөй турган акысын көбөйтүү үчүн азыркы учурда аскер жетекчилиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок орус базалары менен америкалык базаны салыштырууга болбойт,-деп жооп берди. Орусиядан ала турган курал-жарактардын түрүнө токтолду.

Гезит булардан тышкары “Темир жолдогу өзүмбилемдик – КМШ өлкөлөрүнүн баарынын өксүгү” деген чакан маекке окурман назарын бурду. Анда кыргыз жүргүнчүлөрүнүн казак чек арачыларынан көргөн зордук-зомбулугун, тарткан азап-тозогун, аны болтурбай коюунун жолдорун козгогон.

“Ажал айдаган “мерседес” деген макалада мас шоопур эки адамды сүзүп өлтүрүп, үч адамды түбөлүк майып кылгандыгы жөнүндө баяндалат.
XS
SM
MD
LG