Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Эми кандай болот?


Бүгүн "Айат", "Аалам", “Пресс. Kg” гезиттери жарык көрүп, шайлоодон кийинки кырдаалга баа беришти.

Шайлоодон кийинки макалалары менен жаңы чыккан “Айат” гезити бөлүштү.

Президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев: Беш партия биригип, Кыргызстан үчүн, эл үчүн пайдалуу иш кылалы деп, ал эми “Ата Журт” партиясы Кыргызстандан кечирим сурап, “биз жаңылдык-жаздык, кызуулукка берилип, акылыбыздан адашып, Бакиевди алып келебиз дедик. Алып келбейбиз, алып келсек Кыргызстанга кайрадан чакчелекей түшөт” деп айтуулары керек. Ал эми Адахан Мадумаров болсо жаш балага окшоп “партиябыздын мүчөлөрүнө менин тилим өтпөй баратат” дейт. Эгер коомчулук чакчелекей түшсө ал керт башы менен жооп берет,-деп;

“Акжолтой” акционердик коомунун мүчөсү Дүйшөн Маматов: Учурда мен үчүн эле эмес, жалпы кыргыз эли үчүн коркунучтуу коом түзүлүп, эки адамдын башы бириксе эле “эми кандай болот?” деген чочулоо пайда болду,-деп;

Жазуучу Казат Акматов:
Баш мыйзамды аткара турган партиялар артта калып, жаңы Конституцияга каршы болгон партияларды эл колдоду. Эл бу жолу да өзүнө өзү каршылык кылды. Эми Конституцияны кайра кулатышы мүмкүн. Анда кайрадан баягы ит жашообузга келебиз. Эгер озуп чыккан партиялар даанышмандык, акылмандык кылып, элдин, жердин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегиси келбей, дагы тескери кетсе, анда бизде сөзсүз кайрадан кыргын болот. Эл бир жаңылды, эки жаңылды, ушул шайлоодо да жаңылды,-деп;

Укукчу Азиза Абдрасулова: “Ата Журттун” материалдарынын өрттөлүшү, тагыраак айтсак, ошону уюштурган провокаторлор бул партияга дагы кошумча 10-15 миң добушту алып беришти. Анткени аталган партиянын штабындагы документтер өрттөлгөнүн көргөндөн кийин түштүктүн Чүй аймагында иштеген улан-кыздары “Ата Журтка” ооп кетти. Эми бизде Украинанын тарыхы кайталанышы толук мүмкүн,-деп;

Экономика доктору Айылчы Сарыбаев: Элден көптү күткөнбүз. Тилекке каршы деңгээли өтө начар экен. Ошондуктан калктын көп бөлүгү өз келечегине керектүү жолду тандап алганга жараган жок. “Ата Мекен”, КСДП, “Ак шумкар” партияларынын саясый эрки, алдын ала көрө билген көсөмдүгүнүн жоктугу, туруксуздугу, кызганычтуулугу, ырксыздыгы, ынтымаксыздыгы Бакиев убагындагы алдым-жуттумдардын, чоң уурулардын кайрадан келишине шарт түзүп берди. Бул парламент дал ушул жаңы мыйзамдын аркасы менен бийликке келди. Эгер конституциялык түзүлүштү кулата турган болсо анда өзү да кошо жоголот,-деп жооп берди.

Бүгүн жарык көргөн “Учур” гезити аркылуу саясат таануучу Марат Казакпаев: Шайлоонун жыйынтыгы Кыргызстан үчүн жаман эле болду. Анткени бүт эле коррупцияга малынгандар кайрадан келишти,-деп;

Саясат таануучу Карыпбек Байбосунов: Эгер Ташиев “Бакиевди алып келебиз” дегенди айтпаганда “Ата Журттун” көрсөткүчү мындан да көп болмок. Бул партиянын жеңиши - бийликте турган 3 партиянын эл ишениминен кетип калгандыгынын натыйжасы болду. Бирок Бакиевди алып келе алышпайт, апкелем деген күндө да ал келбейт. Бул деген жомок. Демек Бакиев менен иштешкендердин көз караштары да кырдаалга жараша өзгөрөт деп ойлойм. Өздөрү парламенттик шайлоо менен депутаттыкка келип алып “парламенттик башкарууга каршыбыз” дечү болсо өздөрүнө өздөрү балта чабат,- деп жооп берди.

“Аалам” гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Алдыда парламенттик кризис” аттуу макаласын сунуш кылды. Автор макаласында коалиция түзүү маселесин, кимдер кимдер менен биригерин талдоого алган. Утурумдук саясый кызыкчылыктарды көздөп түзүлгөн коалиция болсо алыс узабай тургандыгын, тез эле ичтен ирип, ыдырап кетерин, коалициялардын туруксуздугу парламенттик кризиске алып келерин белгилеп: “ жакын арада парламенттик системанын орношу күмөн, алдыда айыгышкан саясый күрөш турат” деген жыйынтыкка келди.

“Аалам” бул санына Өмүрбек Бабановдун маегин басты. “Республика” партиясынын лидери кабарчынын суроосуна: Биз кайсыл бир партиянын реванш алуусуна жол бербейбиз. Бакиев деген биздин тарыхтын эчак жабылган барагы. Биз ошондой эле өлкөнү түндүк-түштүк кылып бөлүп-жаргандарга да жол бербейбиз. Ошону менен бирге эле Конституцияны өзгөртөлү деген ой жок. Азыр алдыбызда эң көйгөйлүү маселе - өлкөнүн түштүгү кышка даяр эмес. Лидерлер саясатты кое туруп, ушул маселенин айланасында ынтымакка келүүгө тийиш,- деп жооп берди.

“Пресс. Kg” жумалыгынын башмакаласы “Утканы - парламентте, утулганы - митингде” деп аталды.

“Кечээ эле УТРКдагы телетаймашта: “Уткан партия уттук деп кутурбай, утулган партия калып калдык деп пикет, митингдерди уюштурбай, алдыга озуп чыккандардын колун кысып, куттуктап, ынтымакка келели” деп сүйлөгөн Адахан Мадумаровдун сөзү кимге болсун жаккан. Көрсө бул сөз упай топтоо үчүн гана айтылган экен” деп жазылган макалада саясый партиялар шайлоодо кимиси кимдерге таянып иштегенин баяндаган.

Ушул эле басылма “Трибуна” деген гезиттин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков камакка алынганын, убагында Бакиевдин режимине катуу сын айтып келген Бөдөш Мамыровага бүгүн мандат эмес, адилдеттүүлүк кымбат экендигин жазды.

Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев шайлоо кодексин алмаштыруу керектигин, партиялар жолугушуу учурунда элге өз программаларын тааныштыруунун ордуна, шоу концерттерге басым жасаганын, баягыдай эле байкуштардын байларды шайлаган шайлоосу болгонун айтса, укукчу Качкын Булатов, негизинен шайлоо таза, тынч өткөнүн, бирок парламентке кайра эле өлкөнү буга дейре талап-жеп, элин сызга отургузгандар келгенин, андыктан бул парламент көп отурса бир жыл гана отурарын божомол кылды.

Генерал-майор Ашырбек Бакаев гезит кабарчысынын суроолоруна берген жообунда: Кытайдын акылманы Конфуций “Кара мышыкпы, ала мышыкпы, чычкан алса болду” деп айткан. Анын сыңары ошол эле “Ата Мекен”, КСДП болобу, же буларга карама-каршы болгон “Ата Журт”, “Ар-намыс”, “Республика” болобу, баарынын “бийликке жетсем” деген мүдөөсү аткарылды. Эми алар көксөгөн мансабына мас болбой, калктын камын, мамлекеттин тагдырын ойлоп, туура, адилет башкарууну түзүүлөрү керек. Эгер эл ишенимин, үмүт-тилегин тебелесе, анда алар калктын каарына да, каргышына да калары чын,-деп айтты.
XS
SM
MD
LG