Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Билими бар биригет, ырысы жок ыдырайт


Бүгүн жарык көргөн гезиттер негизинен шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу сөз кылышты.

“Форум” гезити журналист Баратбай Аракеевдин шайлоо тууралуу “Таза өтпөй тамыраң калсын!” деген макаласы менен жаңы санын ачты.

Журналисттер Эртабылды Аттокуров менен Алмаз Темирбек уулунун макалалары да ушул эле шайлоонун шайтандуу жолдорун, парламентте эки жээк түзүлгөн менен коалициялык өкмөт түзүбөй атканын, кокус бакиевчил партиялар реванш алып, революциячыл партиялар кайрадан оппозицияга өтсө, саясый күрөш күчөп, өлкөдөгү кырдаал курч бойдон кала берерин эскертишкен.

“Форум”
гезити ошондой эле “Партиялар ортосунда коалиция кандай түзүлүшү мүмкүн?” деген суроо менен кайрылды эле, буга Аликбек Жекшенкулов: - Ар кандай болушу мүмкүн. 1-вариант - “Ар-намыс”, “Республика” жана КСДП биригет. 2-вариант – “Ар-намыс”, “Ата Журт”, “Республика”, КСДП, ал эми 3-вариант – 5 партия тең коалиция болуп түзүлүшү мүмкүн. Кыргыз элинин тынчтыгын, келечегин ойлосо бул партиялар бөлүнүп-жарылбай, бир чечиимге келет деп ойлойм десе;

Артур Медетбеков: - Бул абдан татаал маселе. Себеби – 5 партия бири-бирине атаандаш. Ар биринин жеке амбициялары күч. Бирөөсү өкмөт башчысы болгусу келсе, экинчиси спикер болгусу келет. Ошондуктан партиялар коалиция түзүп, жалпы чечимге келүүсү күмөн,-деп;

Саясат таануучу Кубан Абдымен:
- 1-кадам президент Роза Отунбаева жактан болуш керек. Ал киши реалдуу иш жүргүзө алган партияга тапшырма бериши ыктымал, мындай партиялар “Ата Мекен” жана КСДП партиясы болушу мүмкүн. Коалиция түзүүдө КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” биригиши мүмкүн,-деп;

Саясат талдоочу Табылды Акеров: - Чечүүчү ролдо “Республика” турат. Бул партия кайсы партияга кошулса тараза ташы ошол жакка оойт. Эгер “Республика”, “Ар-намыс” менен “Ата Журтка” кошулса таасири анча болбойт. Анткени булар парламентке барган соң президенттик башкарууга алып келебиз деп жатпайбы. Ошондуктан кыргыздын шартына эң туура келген вариант “Республиканын” “Ата Мекен” менен КСДПга кошулушу болуп турат. Ошондо премьер-министр Бабанов, спикер Текебаев, фракция жетекчиси Атамбаев болуп калат,-деп;

Укукчу Азиза Абдрасулова: - Талашка чекит кое турган партия “Республика” болуп турат. 1-тарап - Россиячыл “Ар-намыс” жана “Ата Журт”, 2-тарап – демократиялык “Ата Мекен” менен КСДП партиясы,-деп;

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев: - Россияны бетине кармап, кадырын көтөрүү үчүн “Ар-намыс”, “Ата Журт”, “Республика” партиялары Россияга чейин барып, КСДП менен Ата Мекен” өзүнчө болуп калды. Эми кыргыздын канына сиңген түндүк-түштүк болуп бөлүнүп кетиши мүмкүн. Же КСДП, “Ар-намыс”, “Республика” биригет деп ойлойм. Кандай болгон күндө да баары бир кыргыз элинин тагдыры үчүн баш кошушу керек,-деп жооп берди.

Ал эми “түзүлгөн коалициянын келечеги кандай болот?” деген суроого саясый серепчилер, эгер түзүлгөн коалиция 6 айга чейин жакшы иштей албаса ыдырайт, жок андай болбойт, келечеги бышык болот, саясат деген кубулуп турма деп, айрымдары ар кандай болушу мүмкүн, Акаев, Бакиев доорунда иштегендер бар, алар бийликке келишет же талаада калышат деген жоопторду айтышты.

Ушул эле “Форум” гезитинин бүгүнкү санына “Мекен шейиттери”, “7-апрель кыймылы”, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмдарынын айрым мүчөлөрүнүн митингде сүйлөгөн сөздөрү сүрөттөрү менен басылды.

“Жаңы өкмөт кантип түзүлөт?” Мына ушундай суроого жооп издеген “Кыргыз туусу” гезити Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренеси боюнча түшүндүрмөлөрдү жана чечмелөөлөрдү окурмандарга сунуш кылды.

Анда өкмөттү түзүүнүн тартиби, мөөнөттөрү жана жол-жоболору, президент үчүн бериле турган мөөнөттөр, президенттин өкмөттү түзүүнү сунуш кыла турган фракцияларды тандоо критерийлери жана коалициянын тарашынын кесепеттери жөнүндө кеп болот.

“Жаңы праламент жыргатабы же кыйратабы?” “Кыргыз туусу” гезити мына ушундай суроо менен коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков жана саясат илиминин доктору Жолборс Жоробековго кайрылды.

Суроолорго жооп берип жатып, экөө тең бул шайлоодо баягы эле капчыктуулар парламентке келгенин, бирок капчыгы калың болгон менен калк алдында кадыры жука экенин баса белгилешти.

Ишенбай Абдуразаков:
- Анархия, кылмыш дүйнөсүнүн таасири күчөп баратат. Мамлекет да күч-кубатынан тайып калыптыр. Кээ бир өлкөлөр ачык эле биздин шайлоого киришип кетишти. Биздин саясый элитага, эң оболу лидерлер бирөөнүн жетегинде калбай, этегине жармашпай, элди намыска үйрөтө турган мезгил келди. Биз спонсорлордун эмес, намыстын кулу болушубуз керек,- десе;

Жолборс Жоробеков:
- КМШ чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн дээрлик баары авторитаризмге жакын мамлекеттерди куруп жатышат. Адамзат азырынча парламенттик башкаруудан жакшыраак башкаруу системасын таба элек,-деп айтты.

- Эми Кыргызстандын тагдыры кандай болот?

Бул суроого Ишенбай Абдуразаков
:- Убакыт келди. Булар чын эле мамлекет үчүн кызмат кылабыз деген адамдар болсо, анда талашып-тартышпай, компромисске келиши керек. Антпесе эле чатак чыгат. Менин жеке пикиримде булар бир жылча бийлик талашпай эле парламенттин ичинде иштеп, болгон күчүн түйүндүү маселелерди чечүүгө жумшаса болот эле,- десе;

Жолборс Жоробеков:
- Ооба, тирешүүдөн эч нерче чыкпайт. Эч ким утпайт. Оппозицияда кала турган партияга деле Башмыйзамда чоң укуктар берилген. Алар негизги парламенттик комитеттерди, кээ бир министрликтерди жетектеп, эсеп палатасын, сот менен прокуратура органдарын көзөмөлдөй алышат,- деп айтты.

Урматтуу окурмандар! Эсиңиздерде болсол керек. Үстүбүздөгү жылдын 23-февралында Иран Ислам Республикасынын атайын кызматтары Бириккен Араб Эмираттарынан Бишкекке келе жаткан авиакаттамды Ирандын аба мейкиндигинен токтотуп, истребителдердин коштоосу менен өз аймагына конууга аргасыз кылган. Конгондон кийин самолеттун ичинен сунниттик “Жундалла” же “Алланын жоокерлери” аталган террорчу топтун лидери Абдумалик Ригини жана анын бир шериги кармалган...

Мына ушул окуяны иликтөөгө алган журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласы “Виза, автомашинага дипломатиялык номур алуу керекпи? Проблема жок. Кимге, кантип кайрылууну гана билсеңиз болду?” деген аталыш менен макаласы тартууланды.

Гезит булардан тышкары шайлоо тууралуу маалыматтарга, ырасмий кабарларга да орун берген.
XS
SM
MD
LG