Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

“Уят” деген – Улуу Журт...


Бүгүн жарык көргөн гезиттер шайлоодон кийинки өлкөдөгү кырдаал, "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевге байланышкан окуялар тууралуу кеп козгоду.

“Эки-экиден, топ-топ болуп, уруу-урууга, жер-жерге, акыры келип Түндүк-Түштүккө бөлүнүп алып тытышып атабыз. Ушунун баары биздин намысыбыздын жоктугу. Өлкөбүздү шарлатандар менен шамандар же капыстан пайда болгон көзү ачыктар оңдоп берсе, эбак эле өнүккөн мамлекеттердин катарында турбайт белек? Максаттуу эл деген илим-билимге, жаңы технологияга умтулуп жатса биз мектепти таштап жалаң мечиттерди курганга өттүк. Азыркы бийлик деле төтө жолго түшүүнүн ордуна, мурункулардын ой-чуңкурлуу жолу менен элди айдап кетип бараткан сыяктуу”, - деп жаны кашайып жазды журналист Баратбай Аракеев жаңы жарык көргөн “Форум” гезитине.

Буга улай эле Алмазбек Темирбек уулу макаласында энелерибизден аруулук, уят, абийир, ыйбаа качканын, жигиттерибизден намыс кеткенин кеп кылып: “Адахан Мадумаров менен Марат Кайыповдор “керек болсо бийликти алмаштырабыз” деген чакырыктарды таштап, өлкөнүн ар тарабынан элди көтөрүп жатышат. Мунун баарын Адахан элдин бейпилдигин, мамлекеттин коопсуздугун ойлогондон эмес, жеке мүдөөсү үчүн, депутаттык олтургуч көзүнөн учуп жаткандан улам уюштуруп жатат”, - деп белгиледи.

Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Качкындын Мекени болбойт” деп аталып, экс-президент К. Бакиев тууралуу баяндады.

“Мандат үчүн өлбөгүлө, мансап үчүн бөлбөгүлө!” деген макалада да шайлоодон кийинки бүтпөй келаткан ызы-чуу талдоого алынып, генерал И. Исаковдун 80ден ашкан апасы ачкачылыкта олтурганда да Адахан ачык сөзүн айта албаганын, Манастын Кароол Чокусун байлык издеп грузиндерге каздыртканын, Каркыра жайлоосун казактарга жаздыртканын дагы бир ирет элдин эсине салды.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков маек куруп: “Шайлоонунун ырасмий жыйынтыгы чыгалек жатса, опузага салып, коркутуу жолу менен “бийликти алмаштырабыз” деген болбогон сөздөрдү токтотуу керек. Саясатчылар буга чейин элге тынчтык керек, эл митинг, пикеттерден тажады деген сөздөрдү айтып келишип, эми өздөрүнүн кызыкчылыгын элдин тынчтыгынан жогору коюп, митингдерге чакырганы туура эмес деп эсептейм” деди.

“Форум”
гезити ошондой эле К. Ташиевге байланышкан окуялар туурасында да маалымат берди.

“Кыргыз туусу”
гезитинин кабарчысы Нарынкүл Назаралиева “Коогалаң өттү, үйү жоктор кантти?” деген макааланын соңку бөлүгүн өлкөбүздүн түштүк аймагындагы үй-жайсыз калгандар үчүн курулуп, пайдаланууга берилип жаткан курулуштун азыркы абалын чагылдырууга арнаган.

Гезиттин “Кеңеш ордосундагы” окумуштуулар Кусеин Исаев, Абдыкерим Муратов жана Тамара Жумабекова, Кыргызстан мусулмандарынын орунбасар муфтийи Мамбетасан Ибраев катышкан талкуу өлкөдөгү аялдардын турмушун талдоого алган. Талкууда аял сыйлабагандар аларды ыплас саясатка аралаштырганын, кыргыздарда 200 грамм аракка алданган ОБОН деген аты бар бет тытма аялдар тобу пайда болгонун, ошону менен бирге эле базарда олтургандардын 98 пайызын жалаң аялдар түзөрүн, пайгамбарыбыз “бейиш энелердин таманынын алдында” десе, акыр-заман аялдардын эркектешип, эркектердин аялдашып кетүүсүнө жол ачканын кеп кылды.

“Манас Ордо” – элибиздин касиеттүү кут ордосу” деген ат менен Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин башкы деректири Ормош Чоюнбаевдин маеги жарык көрдү. Анда маданий комплекстин жаралыш тарыхы, жүргүзүп келаткан иштери жөнүндө кеп козголот. Манас үчүн келип-кетип аткан зыяратчылардын саны 5-6 жыл мурда 25-30 миң киши болсо, акыркы жылдары саны жүз миңден ашканына токтолуу менен айкөл Манаска байланыштуу касиеттерди мисалга тарткан.

Ормош мырза качкын президенттердин тагынан тайып кетүү тагдырыларын алардын Манастын ыйык дөөлөттөрүнө шек келтиргендигинен, көкжалдын арбагына көркесир мамиле жасагандыгынан көрөт. Маселен К. Бакиев Таласка эл менен жолугушууга келгенде Манастын күмбөсүнө зыярат кылып коюу керектигин ойлобогонун, мансапка мас болгон ажо Манастын Ак өргөсүндө ичкилик ичүүнү уюштурганын, мындайга Акаев да жол бергенин, акыры экөөнү тең Манастын кусуру урганын айтып берген.

Ормош Чоюнбаев ошондой эле Кароол Чокуну казуу иштери агездеги Мамлекттик катчы Адахан Мадумаровдун жеке көзөмөлү менен жүргүзүлгөнүн, ошол чокуну казуу учурунда ага жетекчилик кылган грузин академигинин буту тулуптай шишип кетип баспай калып, доктурдан доктурга салып, аягында турмак тургай олтуралбай калганда самолетко салып кеткенин, Манаска акаарат келтиргендер акыры оңбой калары турган иш экендигин дагы бир ирет эскертип өткөн.

“Алиби” гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Бука болсун, теке болсун, балдарыма сүт болсо болгону” деген аталыштагы макаласын тартуулады. Макалада парламентке өттү деп эсептелген беш партия башын кошуп коалиция түзүүсү күмөн болуп калганын, бирок парламенттик демократиянын негизи аркылуу өкмөт түзүүгө жарактуу коалиция пайда болушун жокко чыгарууга болбостугун, эл арасында да, саясый серепчилердин пикиринде да КСДП, “Ата Мекен” жана “Республика” партиялары биригет деген ойлор басымдуу орунга чыкканын айткан.

Гезит муну менен бирге эле генерал Феликс Куловдун: “Алар бир партиянын бийликке келиши үчүн эмес, чындыктын орношу үчүн курман болушкан” деген ааталыштагы интервьюсун басты.

Кабарчы: -Азыркы кризистен чыгуу үчүн кандай кадамдарга баруу керек?-деген суроого

Ф. Кулов: - Бул үчүн эки жол бар. Башмыйзам боюнча коалициялык өкмөт түзүшүбүз керек. Эгер түзө албасак кайра шайлоого барышыбыз керек. Башка жол жок. Эгер шайлоо жараксыз болуп калса, анда бул жерде бирөө жоопкерчиликти моюнга алууга тийиш. Ал эми коалиция түзүүдө бардык лидерлер амбицияны жыйыштырып, арасынан татыктуу адамдарды сунушташы зарыл. Эгер партиялык тизмеден татыктуу талапкер табылбаса сырттан да чакыруу зарыл, - деп жооп берди.

“Ар-Намыс” партиясынын жолбашчысы анадан ары Россиянын орду, АКШнынын аскер базасы тууралуу түшүндүрмө берип, Боршайком мыйзамга ылайык жыйынтык чыгарса ага баш ийерин, Текебаевга карата жасалган кара пиар, видеодиск жана Кадыржан Батыров менен телефондогу сүйлөшүүлөрүнүн баары жасалма каралоо экендигин да белгилеп өттү.
XS
SM
MD
LG