Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:59

“Ата Мекен” партиясынын куучирендигин “Алиби” гезити, милийсалардын “агы менен көгүн” “Форум” гезити, “7” деген сандын ыйыктыгы тууралуу “Кыргыз туусу” гезити жазып чыкты.

Куру атагына чиренип, иштеп берейин деп боору ооруп келгендерди боорго тээп: “Биз деген таза шайлоого жол ачтык, эл кимди шайлаарды жакшы билет, баары бир жеңиш биз тарапта болот” деп келелек жатып кесир сүйлөп, аз-аз жерден аңга түшүп кала жаздаган “Ата Мекен” партиясынын куучирендигин “Алиби” гезитинин бүгүнкү санында журналист Машакбай Рахманкулов талдоого алды.

Ошол эле убакта аталган басылма “Ата Мекен” партиясынын депутаттары үй жана кызматтык машиналардан баш тартышты” деп;

“Өткөн жумада “Ар-намыс” партиясынын лидеринин жигиттери менен Турсунбай Бакир уулунун жигиттери Куловдун кеңсесинде мушташып, аягы кызыл-жаян канга айланыптыр” деп;

“Ар жак, бер жакка кайкыган “Республика” партиясы КСДПга баш байлаганын билдиргенден эки күн өтпөй теңирден тескери кетип, кеңейтилген коалиция түзүү сунушу менен чыкты, демек “шоумен” Бабанов эркектик сөзүнө туралбай, элге 7 пайыздан кредит, өз наркында энергия, 2,5 эсе арзан газ берем деген убадасынан кача баштаган сыяктанат” деп кабар таратты.

“Алибинин”
бул санына саясый серепчи Орозбек Молдалиев маек куруп “Люстрацияны кабыл албаганы алсыздык эмес - айкөлдүк” деп айтса, Коомдук телеканалдын башкы деректири Кубат Оторбаев маегинде “Мурдагы УТРКда 1-кезекте журналисттик бейтараптуулук орноду деп айталам” деп айтты.

“Кыргыз руху”
гезити парламентке келген партияларга 12 суроо ыргытты. Алардын арасында:

-Чындап эле Акаев жана акаевчилердей, Бакиев жана бакиевчилердей болуп өз элиңерге, өз жериңерге бата албай качып кетпейсиңерби?

-Чындап эле айткан сөзүңөргө, берген убадаларыңарга бекем тураласыңарбы?

-Чындап эле депутаттыкка өзүңөрдүн байлыгыңарды, бизнесиңерди сакташ үчүн эмес, өркүндөтүш үчүн эмес, элге кызмат кылыш үчүн келдиңерби?-
деген суроолор бар.

Аталган гезит телекөрүүчүлөрдүн "ЭлТР", “НБТ” жана “Эхо Манаса” телеканалдарындагы абийирсиз, калктын каада-салтына сыйбаган, нарк-насилине караманча каршы келген, уятсыз, акыл-эстин чегинен чыккан СМС жазууларын жөнгө салуу боюнча кайрылуу катын басты.

“Форум” гезити “Эркин Тоо” гезитинин башкы редактору Абдувахаб Мониевдин “Бизде сөз эркиндиги бар, бирок сөз маданияты жок” деп аталган маегин сунуш кылды.

Ушул эле басылма журналист Баратбай Аракеевдин милиция тууралуу макаласына окурмандардын көңүлүн бурду. Автор анысында Карамолдо, Саякбай, Муса, Атайларды мындай кой, Айтматов менен Аалыдан бир сап окубаган, билбеген, билейин да дебеген, маданият жаатынан бир билсе сырактап ырдап жүргөн “жылымтыгы” жок жылдыздарды гана билген милийсалар көп экендигин, анткен менен арасында мыктылары да арбындыгын, эгер милийсалар болбогондо бирибиздин этибизди бирибиз туздабай жеп, бандиттердин жеми болмогубузду, ошондуктан алар көтөргөн жүктү коомдо эч ким көтөрө албастыгын, демек милийсаны бийликтин эмес, мыйзамдын куралы кылганга мезгил жеткенин жазды.

“Кыргыз туусу” гезити президент Роза Отунбаеванын журналисттерди “Маалымат жана басма сөз күнү” менен куттуктоосун, өткөндөгү маданият майрамындагы салтанаттан даярдалган макаланы, расмий материалдарды, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик деректирликтин аппарат башчысы Турат Исмаиловдун “Ош узунунан эмес, туурасынан өсүшү керек” деген маегин, Тоголок Молдонун 150 жылдык мааракеси акындын туулган жери Ак-Талаанын борборунда өткөндүгү тууралуу баянды, Аалы Токомбаев жөнүндө эскерүүнү, жазуучу Аман Көчөрбай уулунун “Касиети сырдуу “7” ыйык саны тууралуу баян” аттуу иликтөөсүн, “Кыргыз туусу” гезитинин көзү өтүп кеткен ардагерлери Бейшебек Молдоисаев менен Шекербек Сартовдун эмгеги боюнча эскерүүлөрүн окурмандарга тартуулады.

“Жаңы агым” гезити: “Апрель окуясынан кийин банктардын биринен экс-президент К. Бакиевдин жакындарына таандык 20 млн. доллар табылган. Арадан аз өтпөй анын 2 миллиону кемип, дайыны билинбей калган. Жеке булактардан алынган маалымат боюнча бул маселеге вице-премьер Азимбек Бекназаровдун карачечекей уулу Руслан Бекназаровдун тике катыштыгы бар экен. Атүгүл 2 млн. долларды кантип кытып бараткандыгын тастыктаган тасма күч органдарынын колуна түштү” дешет” деп;

“Ош обладминстрациясынын маалымдашынча быйыл облус аймагынан 56 миң 173 адам чет өлкөгө чыгып кеткен, булардын 44 миңге жакыны Россияга, 11 миңге жакыны Казакстанга, бир жарым миңге жакыны башка өлкөлөргө кеткен” деп;

“Эки айдан кийин кызматына кайтып келген Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов шаарды калыбына келтирүү туура эмес жүрүп жатканын белгилеп: “Чагымчылдардан тазаладык деп мактанып жатышат. Балээни да тазалаган жок. Учурда кварталдарда өзүнчө анклав болуп турган өзбек аймактары бар. Аларга атайын кызмат, милийса да кире албайт. Элде болсо 2 миңден ашуун автомат жыйналбай турат. Ошон үчүн кыргыз-өзбекти аралаштырып отурукташтырышыбыз керек”,-деп айтты” деген маалымат таратты.

Басма сөз каражаттарынын катарын бүгүн “Саясат” деп аталган жаңы гезит толуктады. Башкы редактору буга чейин “Азаттык” радиосунда кабарчы, кийин КТРда иштеп кеткен журналист Бакыт Аманбаев. Нускасы азырынча бир жарым миң даана.

Ошентип “Саясат” гезити “Бабановду 5 партиядан турган кеңири коалиция түзүүгө эки тарап: Орусия бийлиги жана өз партиясынын ичиндеги бакиевчил көпчүлүк аргасыз кылып жатат” деп;

“"Бүгүн Кыргызстандын" тышкы карызы 2 млрд. 700 млн. доллардан ашты. Бул санды 5 млн. калктын жан башына бөлгөндө карысынан бешиктеги баласына дейре 540 доллардан карыз туура келет” деп;

“Замандаш” партиясынын лидери Муктар Өмүракунов: “Болуп өткөн шайлоо эч бир элди кубанта алган жок. Жада калса сыртта жүргөн мигранттарыбыз нааразы болуп: “Бизге эми баары бир, ким президент, ким депутат болот. Бизге Кыргызстандын туруктуулугу гана керек” деп айтты” деп кабарлады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG