Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

“Сымыран сыйлык...”


“Алым Токтомушев менен Баратбай Аракеевдин эмгектери бул жолу да бааланбады...” деп жазды бүгүн жарык көргөн "Форум" гезити.

“Сыйлык алгандардын арасында эл эмес, журналисттер жакшы тааныбаган журналист имиштердин кошулуп калганы таң калычтуу. Эң өкүнүчтүүсү Кыргызстандын маалыматына жана басма сөзүнө төө көтөргүс эмгек кылып, 20 жылдан бери жыргатпаган эски бийликтин былыктарын чукуп, өлкөдөгү ар кандай кырдаалга таамай, курч макалаларды жазып келаткан таланттуу журналисттер Алым Токтомушев менен Баратбай Аракеевдин эмгектери бул жолу да бааланган жок. Булардын катарына журналист Эртабылды Аттокуровду да кошсо болот. Эмгектерин эл да, элден мурда оппозицияда эчен жылдан бери чогуу жүргөн Роза Отунбаева, Эмил Каптагаев жана мамлекеттик сыйлыктарды бөлүштүрүү бөлүмүнүн башында турган Бүбүкан Досалиевалар эң сонун билишет. Эң кызыгы буга чейин дал ушул бийликти “татыктуу” шыбап келген эмгектери үчүнбү, Догдурбек Юсупов менен Салима Шарипова сыйлыкка ээ болду” деп жаны кашайып жазып чыкты бүгүн жарык көргөн “Форум” гезити.

Гезит буга улай эле журналист Баратбай Аракеевдин “Биз деле кишибиз...” деген макаласын сунуштады. Автор анда да азыркы бийликтин журналисттерге сыйлык берүү ишиндеги “ала-кулага” бөлгөн алешем жактарын сынга алган.

Дагы бир чакан кабарда: “Журналист Павлюктун Бакиевдин баскынчылык саясатына каршы жалтанбай күрөшүп, “Ата Мекен” деген гезитти түптөгөнү, аягында бийликтин курмандыгы болгондугу чын. Бирок бүгүн Павлюк, эртең Саипов атындагы сыйлыктарды уюштуруп отуруп сыйлыктын сыймыгын кетирип албайбызбы? Баса, улуу талант Сүймөнкул Чокморовго эстелик тургузганга ондогон жылдардан бери акча табылбай, алиге айкели тургузулбай келаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Сыягы чыныгы атуулдарды баалоонун да барк-баасы арзандап бараткансыйт” деп коомчулукка жана бир ирээт коңгуроо какты.

Саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун маеги “Улутубуздун кызыкчылыгын эске алып, саясат жүргүзүшүбүз абзел” деген ат менен жарык көрүп, ал өткөн шайлоонун күңгөй-тескейин талдоого алган.

- Сиз түзгөн Улуттук конгресс бийликке оппозиция болобу?-деген суроого:

- Түзүлө турган коалицияга жараша болот,-деп,

- Коомчулукта эмитеден эле “бул парламент көпкө жашабайт, бат эле тарап кетет” деген пикирлер бар. Ушундай болушу мүмкүнбү?,-деген суроого:

- Албетте, толук мүмкүн,-деп,

- Бийлик сизди кызматташууга чакырса барасызбы?-деген суроого:

- Бул маселени ойлоно элекмин,-
деп жооп берген.

“Оштогу жер басып алуунун артында М. Мырзакматов турабы?” Ордолуу Ош шаарында жер басып алуу окуясы күч органдарынын токтотуусуна карабастан жерге ээ болгусу келгендердин каршылыгына дуушар болуп жатканын маалымдаган “Форум” гезити бул макаласында: Айрым такталбаган маалыматтарга таяна турган болсок, жер басып алуунун артында Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов турган имиш. Бирок кандай болгон күндө да, баш-аягын жыйнай албай жаткан өлкөбүзгө мындай иш-аракеттин кереги жок эле” деп жазды.

“36 жылдан кийин...” деген рубрика алдында жарыяланган баян “Алыкул Осмоновдун “Көл толкуну” кайрадан жарык көрдү” деп аталат. Улуу акындын ыр жыйнагына КСДП партиясынан депутаттыкка аттанган Бактыбек Чалжанов демөөрчүлүк кылган. Китептин бет ачары 3-ноябрь күнү Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөнү тууралуу кеп болот.

“Алиби”
гезити “президент Роза Отунбаева “Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздоо үчүн АКШнын коргоо министрлигинин “Мина Корп” ишканасы менен кайрадан келишим түзгөнүн сынга алды” деп;

“Ошто кайрадан башаламандык уюштуруу аракеттери болууда” деп;

“Төө буурчактын чыгымы акталбаганына нааразы болгон таластык дыйкандар Тараз-Талас жана Талас-Суусамыр жолдорун бууду” деп кабар таратты.

“Сексен, токсон пайыз максатыбызга жеттик” деген ат менен вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун маеги жарык көрдү.

Бекназаров анысында өткөн бийликтеги 40 тан ашуун аткаминерлерге экономикалык кылмыш жасаган деп күнөө коюлуп, иши сотко өткөнүн, бирок алардын көбү качып жүргөнүн айтып, ал эми адам курмандыгына алып келген Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Данияр Үсөнов, Мурат Суталинов өңдүүлөрдүн соту 12-ноябрь күнү Кожомкул атындагы спорт ордосунда болорун кошумчалаган.

- Ширшов, Балкыбеков, Рахмонов дегендер Бишкекте эле жүргөнүн айтып атышпайбы?-деген суроого Бекназаров:

- Ооба, ошондой сөздөр тарады. Ушак болушу мүмкүн. Биз азыр ушак менен жашап калбадыкпы. Мени деле өтө чоң суммадагы акчалар менен чет өлкөгө качырып жиберишпедиби. Бирок тигилер чек арада тургандарга кичине акча ыргытып коюп, келип-кетип аткандарын жокко чыгара албайм,-деп жооп берди.

- Акча үчүн биздин өлкөдө баарын жасаса боло береби? Камалгандардын көбү кайрадан акча менен үй түрмөсүнө чыгарылып жатат деп элдин өзү айтып атпайбы?-деген суроого Бекназаров:

- Аларды Бекназаров чыгарбайт, тергөөчүнүн сунушу менен сот чыгарат,-деп айтты.

“Алиби”
гезити бул санына өлкөнүн Башкы прокурору Кубатбек Байболовдун “Жаңы парламент курамында кылмыш иши козголгондор да бар” деген ат менен маегин басты.

- Парламент курамында кылмыш иши козголгон Түлеев, Сулайманов сыяктуу адамдар жүрүшөт. Буларга мыйзам эмне дейт?-деген кабарчынын суроосуна: Баш прокурор:

- Жаңы Конституцияга ылайык парламенттин макулдугу менен гана жоопко тартылышы мүмкүн. Адатта парламент эч убакта өз депутаттарын кылмыш жообуна тартууга макулдук бербейт,-
деп айтканын жана дагы ушул өңдүү суроолорго берген жоопторун “Азаттык” радиосунан көчүрүп тартуулады.

Саясый серепчи Орозбек Молдалиевдин маеги “Акчаны Батыштан алып, Россия менен жашайбыз деген – иллюзия” деп аталды. Орозбек мырза өз сөзүндө: “Президенттик башкаруунун добулбасын ургандарга түшүнбөйм. Эмне алар бизде дайым эле кан төгүлүп турушун каалайбы? Суроо берет элем, бийлик алмашкан сайын кырыла бергендей кыргыздар ошончо эле көпбүзбү?” деп....

Кээ бир лидерлердин сүйлөгөн сөзүн көрүп таң каласың, кантип партия жетектеп жүрүшөт? Россия болбосо биздин оокатыбыз өтпөй калат деген сөздөрдү уялбай эле айтышууда. Акыл жүгүрткөн адамга Россия өзү бутуна туралбай атканы айдан ачык эле көрүнүп турат го. Ишенбесеңер, Батыш мамлекеттери менен Россиянын экономикалык өсүшүн карап көргүлө? Орустар бүгүн технологиялык жактан артта калган” деди серепчи.
XS
SM
MD
LG