Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Көөнө улуттун көкөй кестиси...


“... коңшу казак туугандар элдик өнөрпоздоруна арнап 9 музей жасап, мобул эле коңшулаш Узун Агач деген жеринде акын Жамбылдын үй музейи 9 гектар жерди ээлеп, чалкып жатат...”

“Кыргыз руху” гезити: “2007-жылдагы парламенттик шайлоо “Бүтүн Кыргызстанды” жазалады”, “Биринчи сессия кыргыз тилинде болду”, “Кыргыздын көкжал баатыры, айкашка азаматы Курсан Асанов”, “Күнүлөштү түртүп чыгаруунун чемпиону” деген кабарларды сунуштады.

Азизбек Келдибековдун шакабасы “Папкестан пародиялары” деген ат менен тартууланды.

Ардагер подполковник Иса Мырзаказы уулунун президент Роза Отунбаевага жана парламентке келген партия жетекчилерине ачык катын, Евро Азия платформасынын теңтөрагасы Харун Токак мырзанын “Биздин Күнүбүз Таластан башталган” деген маегин, Кыргыз эл баатыры Күлүйпа Кондучалованын “Абдылас Малдыбаевдин аты театрга бекер берилген эмес” деген аңгемесин да ушул гезиттен окуп алса болот.

“Жаңы агым” гезитине белгилүү музыка изилдөөчү Балбай Алагушев “Кара Молдону унуткан Кудайды унуткандык” деп айтты. Балбай аксакал маегинде комузчулардын алпы болгон Кара Молдонун 33 күүсүн нотага түшүрүп, магнитофонго жазып алганына, ырас анын ысмы эл аспаптар оркестрине коюлганы менен 90 жылдыгын, 125 жылдыгын эстеп койгон жан болбогонуна, аны айтчу жерлерге айтып, жазчу жерлерге жазып да майнап чыгаралбаганына жаны кашайган. Бир эле Кара Молдо эмес, Сагынбай, Саякбай, Ниязалы, Эркесары баш болгон толгон токой таланттар бааланбай кала берип келатканына жаны ачыган. Ошол эле коңшу казак туугандар элдик өнөрпоздоруна арнап 9 музей жасаганын, бир эле Жамбыл акындын Узун Агачтагы үй музейи 9 гектар жерди ээлеп жатканын мисалга тарткан. “А биздечи? Бизде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын музей кылчу же көркөм мурастардын жайы кылчу бөлмөлөрү “Пекин” деген ресторан болуп турат” деп сыздап кеп кылган айтылуу музыка изилдөөчү.

Балбай Алагушев андан ары кыргыздын нарк-насилин тааныбаган, билбеген Тургунбай Садыков Майрам Акаеванын так өзү кылып, жумуртка баскан эстеликти Борбордук аянтка орнотуп койгонун кошумчалаган.

“Кыргыз туусу” гезити өз кабарчы Жыпар Акунованын “Жер басып алуу курчуган муктаждыктан келип чыкты” деген макаласын сунуш кылды. Макала бүгүн Ош шаарында эле 250 миңге жакын адам үй-жайга муктаждыгын, үйдүн кезегин 20-30 жылдан бери күтүп келаткандар бар экенин эске салган. Журналист: “Эгер бул маселени бүгүн чечпесек, мындай чыңалуу сөзсүз жарылууга алып келет. Жерди шаардыктар басып алып жаткан жери жок, булардын 80 пайызы өздөрү шаарда жашап, каттоосу райондо турган жарандар. Өзбектердин жерин кыргыздар басып алды деген ушак, себеби дал ошол Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагында бардык улут өкүлдөрүнүн үлүш жерлери бар. Муну дагы саясатташтырып, улут аралык ынтымакка доо кетирбегендей туура чагылдырыш керек” деп журналисттерге кайрылган Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун сөзүн шилтеме кылган.

“Форум” гезити: “Камчыбек мырза ар дайым өз оюн ачык айтып келген. Андан да айтканынан кайра тартпаган көк беттиги бар. Тээ, Курманбек Бакиев Конституцияны “аскиялап” жибергенде жалгыз Ташиев каршылыгын билдирип, Гимн ырдалып атканына карабастан “позор” деп кыйкырып турган. Тагдырдын тамашасын карагыла, туура бир жыл мурда Данияр Үсөнов Камчыбекти министрлик кызматтан айдап жиберсе, эми Үсөновдун аялы тамагына тыгылган кылкан болуп турат” деп;

“Камчыбек Ташиевдин парламент жыйынына келбей жаткандыгын партиялаш депутаты Нариман Түлеев “шайлоо бүткөндөн кийин аял кишиге мындай мамиле кылган жарабас” деп “24 kg” агенттигине билдириптир” деп;

“Такталбаган маалыматтарга караганда, Марат Султанов Ташиев менен Келдибековду кетирип, өзү фракция жетекчилигин колуна алганга аракет жасап жаткан имиш” деп кабар таратты.

Гезиттин бул санынан профессор Тилектеш Ишемкуловдун Жоомарт Бөкөнбаев, Алым Токтомушев, Баратбай Аракеев, Үсөн Касыбеков жана башкалар тууралуу айткандарын, экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиевдин маегин, Жаркынай Кадыркулованын Сүймөнкул Чокморов тууралуу баянын, Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин башкы деректири Ормош Чоюнбаевдин “Жетекчи катары талапты катуу койгон адаммын...” деген интервьюсун, “Манас Ордо” коомдук бирикмесинин президенти Анарбек Усупбаевдин “Манас” эпосу жөнүндөгү орус тилиндеги макаласын окусаңыздар болот.

“Алиби”
гезитине вице-премьер министр Азимбек Бекназаровдун “Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калууда Мырзакматовдун салымы чоң” деген аталыш менен маек курду.

- Чындыгында эле Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калууда Мырзакматовдун салымы чоң. Бакиевдер Ошко барып отуруп алабыз дегенде күч органдары эмес, дал ушул Урстам Маманов, Асылбек Жээнбеков, Мелисбек Мырзакматовдун жигиттери кууп чыккан. Эгер Мырзакматовдор мурдагыдай Бакиевдерди колдоп туруп алганда эмне болорун бир Кудай билет эле. Мырзакматов биздин сөзгө көндү. Убактылуу өкмөттү колдоду. Июндагы окуяда да миңдеген студент кыздарды зордуктатпай, өрттөтпөй, тикесинен тик туруп, сактап калган ушулар болгон. Биз анын кылган эмгектерин унутпашыбыз керек,-деп айтты.

Аталган гезиттин бул санына кезинде Акаев менен Бакиев бийлигине карата ачуу сын айтып келген “Лица” гезитинин башкы редактору, азыр АКШда жашап жаткан Бермет Букашева айымдын интервьюсу жарыяланды. Ал өткөн окуяларды талдоого алуу менен кыргыздардын жан дүйнөсүндө орустар менен америкалыктарды мындай кой, жакын деген өзбек менен казактар аңдап түшүнө албай турган жамандык менен жакшылыктын салгылашы болгондугуна, дүйнөдө бардык эле революцияларды ар дайым азчылык жасап келгенине, албетте окуялар бейкүнөө жарандардын каны төгүлүү жана курмандыктар менен коштолгонуна карабай, кандай гана орой угулса да Кыргызстанды эчким эмес, Кудай гана сактап калганына басым жасаган.

Отставкадагы полковник Рашид Сулаймановдун маегинин корутунду бөлүгү “Өздөн чыккан жат жаман” деп аталат. Рашид аксакал 90-жылдардагы Ош окуясы менен кечээги кандуу калабаны таразага тартып, ойлонто турган ойлорун ортого салган.
XS
SM
MD
LG