Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

“Ант” бүттү... Айт да бүтөт...


К. Бакиев Кыргызстандан качаар алдында кайсы бир жаш ырчы кызга Бишкектен үй белек кылып, кийин бул үй талашка түшкөнүн "Форум" гезити жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити Кыргызстандын мусулмандарын жана бардык кыргызстандыктарды Ыйык Курман айт майрамы менен куттуктаган президент Роза Отунбаеванын сөзү менен жаңы санын ачты. Президент элибизге ден соолук, узун өмүр, бактылуу турмуш, жерибизге тынчтык менен достук салтанат курушун каалады.

Биз дагы ушул каалоого кошулуу менен Кыргызстандыктарды “Азаттык” радиосунун бүткүл жамаатынын атынан “Айтыңыздар маарек болсун!” демекчибиз.

“Алиби” гезити журналист Машакбай Рахманкуловдун “Ата Мекен”: жеңүү жана жаңилүү арифметикасы” деген баш макаласы менен бүгүнкү санын ачып, саясый партиялардын саясаттагы салмагын, эл алдындагы эмгегин таразага тартып, “Ата Мекен” партиясынын Акаев доорунан берки жасаган иштерин, туруктуулугун, адилеттүүлүктөн тайбай келаткандыгына белгиледи.

Басылма андан аркы алакандай кабарларында: “Жылдыз Жолдошева менен Динара Исаеванын депутат болуусуна “Ата-Журт” партиясынын ичинен каршы болгондор чыга келди. Ал эми Динара Исаева болсо: “кетсе кетейин, бирок шайлоодо үгүт иштери үчүн берген 1 млн. 300 миң доллар акчамды кайтарып бергиле?” деген талапты коюптур” деп;

“Феликс Куловдун Украинага кеткенин айрымдар Киевден ары ал акырын Минскиге барып, экс-тандемдеши Бакиевге жолугуп келет. Анткени “бакиевчил” партия менен “куловчул” партия никелерин кыйышпады беле?” деп кабар таратты.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков “Чиновниктин чиновникчил кыянаттыгы” деген макаласында өлкөнүн экономикалык абалына байкоо салуу менен негизинен “Жер үй” алтын кенинин айланасындагы маселелерге токтолгон.

“Форум”
гезити “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Нурлан Сулайманов менен Нариман Түлеевге коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери алардын кол тийбестигинен улам ордунан жылбай турат. Ордунан жылыш үчүн экөөнө парламент уруксат бериш керек, бирок парламент оңой менен макулдук бербейт, ошондуктан мындай депутаттардын “кол тийбестигин” алуу аракети мыйзам чегинде көрүлөт” деген сөз өлкөнүн Башкы прокурору Кубатбек Байболовдун оозунан чыкты” деп;

“Белоруссияда баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиев Кыргызстандан качып чыгар алдында ырчылык менен да алектенип жүргөн бир жаш актриса кызга Ахунбаев менен Чапаев көчөсүнүн кесилишине жакын жерде курулган 9 кабат үйдөн 3 бөлмөлүү квартира белек кылган экен. 7-апрелден кийин курулуш компаниясынын жетекчилери келип, жаш актрисаны: “үйдөн чык же 100 миң доллар төлөйсүң” деп кысымга алыптыр. Анан эле Нариман Түлеев пайда болуп, 100 миң долларды санап берип, бас-бас кылган имиш... Бизге жеткен ушактарга караганда “үй чыры” Бакиевге чейин жетип, анан ал Нариманга “бул ишти бүтүр” деп телефон чалган дешет” деп жазып чыкты.

Ушул эле “Форумдун” бүгүнкү санынан Эртабылды Аттокуровдун “Чындыкты турмуш тастыктайт...”, “Парламент тирешүүнүн очогуна айланбайбы?” деген аталыштагы макалалары тартууланды. Автор анысында ар түркүн партиянын тонун жамынып депутат болгондордун эл арасындагы ыйкы-тыйкыларын сөзгө алган. Парламент акыл калчап, бири-бирине кечиримдүүлүк, сабырдуулук менен мамиле кылганга өтүүсү керектигин, антпесе Кыргызстандын абалы дагы кыйын жолдо каларын эскерткен.

“Кыргыз туусу”
гезити “Биринчи жолу Кыргызстанда өтүүдө” деген ат менен Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев менен маектешкен. Министр мырза Бишкекте кечээ башталган “Дүйнөлүк ишкерлердин жумалыгы” 21-ноябрга чейин созуларын, максаты – кийин келе турган ишкерлердин жаңы муунун ойготуу, аларды билим алууга, илим менен технологиялык жетишкендиктердин соңку жаңылыктары менен таанышууга, ал багытта алака, байланыш түзүүгө жардам берүү экендигин түшүндүргөн.

Бейшеналы Жамгырчиевдин сандан санга жарыяланып келаткан макаласы “Оң”, “сол” деп элди бөлбөгүн, Манасты кайра көмбөгүн!” деп аталат.

“Кечөөкү эле казактар” жакынкы 10 жыл ичинде дүйнөнүн өнүккөн 50 өлкөсүнүн катарынан орун алууга бүткүл аракетин жумшап, бирдиктүү Казакстан эли катары өнүгүүгө багыт алып жатса, кечөөкү эле өзбектер дүйнөлүк финансы лөктөрүнө эч кандай карызыбыз жок деп, рынок шартында трактор, автомашина, ал тургай самолет чыгарган деңгээлге жетип, өзбек деген улуттук биримдиктеги 25 миллиондон ашуун эл менен таанылып турса, 6 миң жылдык тарыхы бар байыркы кыргыз эли ал күнчө уруулуктан арыла элек” деп айткан коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун сөзүн шилтеме кылган.

Жамгырчиев мырза ошону менен бирге уруу-уруусун таануу менен улутка биригүү идеясын көтөрүп чыгышкан тарыхчылар Кадыр Кошалиев, Анарбек Усупбаев жана Дастан Сарыгулов өңдүү атуулдардын ойлоруна каршы каяшасын билдирген.

Таш-Көмүр шаар башчысынын милдетин аткарып келаткан Мамидали Кулдушевдин макаласы канткенде Таш-Көмүр шаарынын ал-абалын жакшыртуу маселелерине арналган. Шаардын азыркысы менен эртеңкиси жөнүндө айтып берген.

Белгилүү жазуучу, акын Меңди Мамазаированын заман түрүн чагылдырган публицистикалык ыры - “Кыргыз руху алоолоп миң тирилди” деген ат менен жарыяланды.

Жаш окумуштуу, юрист Талант Конокбаевдин эл акыны Эрнис Турсуновдун 75 жылдыгына арнаган макаласы “Акындык өнөр - ыйык” деп аталат. Автор айтылуу акындын чыгармачылыгын сүйүп талдоого алуу менен айрым куплеттерин мисалга тартат:

Маселен:

“Оттой ырлар - өткүр болот кылычтан,
Оор жумуш - таш көтөргөн жумуштан.
Баатыр акын таамай айтып чындыкты,
Башы алынган Батыштан да, Чыгыштан” деген саптарын же:

Ал жашады доомат кылып жазганын,
Доомат кылып жерде тирүү басканын.
Алтын орден такккан менен төшүнө,
Жазалбады калктын улуу дастанын.

Алтын калем алган менен колуна,
Алты роман калтырбады дооруна.
Ал жашады милдет кылып “эмгегин”,
Атак, сыйлык, акча ташып бооруна” деген саптарын дагы бир жолу жазуучу замандаштарынын эсине салат. Талант Конокбаев акын Эрнис Турсуновдун жаңы китеби жарык көрөрү менен таланып кетип, таңсык чыгармага айланарын баса белгилейт.

Журналист Бермет Маткеримова жазуучу Токтош Абдиеванын “Фронттон келген каттар” атуу китебине жылуу пикирин билдирип, каттардын бирин гезит окурмандарына сунуш кылган.

Сүймөнкул Чокморов, Шаршен Термечиков, жакында эле көзү өткөн Жалил Садыков тууралуу эскерүүлөр да “Кыргыз туусунун” ушул санында.
XS
SM
MD
LG