Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Спикер ким болот? Жер шарынын эң эле жылуу деген аймагы саналган Борбор Азияны өтө эле узакка созулган, катаал кыш басабы?

“Дело №...” жумалыгы “Ким спикер болот?” деген суроого жооп издеп, саясый серепчи Марат Казакбаевдин “АКИpress” маалымат агенттигинде айткандарына окурман көңүлүн бурду.

Казакбаевдин айтымында, “Ата Мекен” партиясы Өмүрбек Текебаевди төрага кылуу менен парламенттеги саясый блоктун баарын өз колуна алгысы келүүдө. “Ата Мекендин” оюнча КСДП менен “Республика” өкмөттү түзүү жана экономикалык блок менен алпурушууга тийиш.

Марат Казакбаевдин болжолунда Алмазбек Атамбаев Текебаевдин спикер болушун каалабайт. Себеп дегенде, Текебаев оңой менен компромисске келе бербей турган адам, ал келсе кайра эле чыр-чатак, талаш-тартыш күчөшү ыктымал. Социал-демократтардын башчысынын ою боюнча спикерликке Ташболот Балтабаев кыйла ыңгайлуу.

Саясый серепчинин байкоосунда бүгүнкү кырдаалдагы эң эле жүйөлүү жол - “Республика”, “Ата Мекен”, КСДП партиялары бир коалицияга биригип, “Ар-намыс” менен “Ата Журттун” оппозицияга кетиши болуп саналат...

2011-жылы Бишкекте сибирь жарасы, чума, энцефалит деген опурталдуу инфекциялардын келип чыгышын изилдеп-иликтей турган биологиялык лаборатория курулулмакчы болуп жатат. Аны глобалдык шериктештиктин алкагындагы программага ылайык Канада өкмөтү курат. Курулуш үчүн Канада 60 млн. доллар сарптайт. Бул мекеме шаардын ортосу саналаган “Ботаникалык бак” деп аталган аймакка салынат.

Азырынча абасы кыйла таза делген Бишкектин экологиясы бул курулуштун пайда болушу менен кандай өзгөрүүлөргө учурашы мүмкүн? “Дело №...” гезити буга байланыштуу лабораторияны куруу долбоорунун жетекчиси, профессор Асанкадыр Жунушевдин суроолорго жообун басты. “Каршы” деп аталган рубрика алдында ой-пикирлер да сунушталды.

“Дело №....”
гезити Кыргыз президентинин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев менен баарлашты. Кеп Топчубек мырза козгоп келаткан Люстрация мыйзамынын тегерегинде жүрдү.

Топчубек мырза өзү сунуш кылып аткан мыйзам долбоорунда тазалана тургандардын катарын 3 топко бөлгөнүн, 1-топко – мамлекетке өтө коркунучтуу кылмыш кылган акаевчbлер менен бакиевчилер кирерин, булардын саны ашып эле кетсе 10дон 20 адамга чейин жетип, мамлекеттик ар кандай кызматтарга өмү бою жолотулбастыгын;

2-топко дал ошол 1-топко киргизилген адамдардын бийликте турушуна шарт түзгөндөр же бийлик түзүмүнүн ар кайсыл кызмат даражасында иштеген аткаминерлер киргизилип, 10 жылга дейре,

3-топко киргендер 5 жылга дейре мамлекетт кызматтарга жолотулбай тургандыгын белгилеген.

Мына ошол Люстрация мыйзамына кимдер кирерине мисал келтирген Топчубек Тургуналиев, маселен 2-топко Кулов жана Кулов өңдүү, ар качандан бир качан 1-топтогулардын төмөн кулап бараткан ташын төшү менен тосуп, өйдө тоголотуп келгендер, жүрбөй калган тегирменин тегеренип, суу куюп тургандар кирерин, азыр бул мыйзамдын түбүн бекемдеш үчүн 10 миң кол топтоп атканын, кол топтолуп бүтөрү менен, буюрса декбрда толук иштей турган парламенттин кароосуна коерун билдирди.

Топчубек мырзанын бул вариантынан башкача көз карашты тутунган депутат Өмүрбек Абдрахмановдун ою да ушул гезитке басылды.

Климатолог адистердин божомолунда босогодо турган кыш Борбор Азиянын тарыхында болуп көрбөгөндөй узак, суук жана калың кар менен коштолушу мүмкүн. Окумуштуулардын эсебинде аба ырайынын мындай ырайымсыздыгы Исландиядагы жанар тоонун атылып чыкканына жана орус токойлорунун өрттөнгөнүнө байланыштуу болот.

“СССР” деп аталган гезиттин 18-саны жарык көрдү.

Гезит көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Искак Раззаковдун Чолпон-Ата шаарындагы эстелигинин ачылышын баяндаган репортажга, фотобаяндарга орун берген. Раззаковдун жакындарынын жана аны жакшы билгендердин эскерүүлөрүн жарыялаган.

Гезит төрт бетин кыргыздын белгилүү куудулу Рахман Разыковдун 55 жашка толушуна, анын чыгармачылык ишмердигине арнаган. Куудул менен кеңири кеп курган.

Рахман Разыков ушу күнгө дейре кыргыздын толук метраждуу кинокомедиясы тартылбай келатканына, кыргыз сатирасы ушу тапта кыйла деңгээлге жетип калганына, маселен Алматы шаарында Абылай хандын байгеси үчүн ат салышкан 20 өлкөнүн ичинен кыргыздын өзү баштаган аттуу-баштуу куудулдарды 1-орунду жеңип келгенине токтолгон.

Куудул эл аралап көп жүрөрүн, маселен жакында Түштүк Сахалинге барганын, аерде 20 миңден ашуун кыргыз жашап, эмгектенерин, концерт коюп бүткөндөн кийин, артисттерди сыйлап коелу деп кыргыздар кафеге чакырышканын, чакырган жерин алар “түнкү клуб” деп атап коюшарын, кулбунун ээси да, эшик тоскону да, ичи да, тышы да кыргыз экенин, клубга бөтөн улуттарды киргизбесин, бирок киргенден кийин көңүлү кирдеп чыкканын, анткени ичинде кичүү менен улуусун көзгө илбей, ичкилик ичип, чегип отурган кыз-жигиттерди, сөгүнүп-сагынып, айтор маңкуртка айланып бараткан “мекендештерин” көрүп каңыргы түтөгөнүн баяндаган.

- Мен мобул жердештеримди көрүп коркуп атам,-десем:

- Рахман байке, биз эч нерсе кылалбайбыз. Айылдан келип, стройкага киришет, акчаны көбүрөк төлөйт экен. Мисалы, өмүрүндө көрбөгөн 1000 доллар айлык алары менен биздин кыргыздар ким болгонун, каяктан келгенин унутуп калышат,-дейт.

Куудул андан ары бир эле Түштүк Сахалинде жашап, иштеп жүргөн кыргыздардын өзүнүн кыргыз сойкулары, кыргыз рэкеттери, бүтүндөй кыргыз структуралары бар экенине, ал эми Москвада кыргыз ата-энелер бакпай таштап салган 160тан ашуун жетим наристе балдар үйүндө тарбия көрүп жатканын кейиш менен кеп кылган.

Рахман Разыков аңгемесинин бир жерин:

Сен Ош дебей, сен Чүй дебей, кел, бийликке бийлегин,
Акты ак деп, көктү көк деп, калыс боло билгиниң.
Балдарыңа, үй-бүлөңө, жердешиңе жан тартып,
Бир Мекенди, бир кыргызды эки бөлүп ийбегин,-
дегн ыр саптарын арнаган.
XS
SM
MD
LG