Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик бардыгы чыр-чатак менен аяктаган сот жүрүшүн баяндаган ар кандай мазмундагы макалаларды, ой-пикирлерди басты.

“Жаңы агым” гезити: “айыпталып аткан тарап эртерээк алчу жазасын алып, ак болсо акталып чыгышы зарыл. Тиешелүү органдар элдин чыдамы менен ойнобошу керек. Минте берип, бийлик бул өңдүү “концерти” менен дагы бир калабаны жасап коюшу мүмкүн” деп;

“Чыныбай Турсунбеков Алмаз Атамбаевдин штаттуу “кошелогуна” дайындалыптыр деген аңыз кеп бар” деп;

Белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев: “Жаңы бийлик деле Акаев менен Бакиевдин жолуна түшөрү байкалып калды” деп;

“Кыргызстанда коррупциянын кайнаган жери сот системасы. Эгемендиктин 19 жылында бийликтин бул бутагы өзүнүн принципсиздиги, миллиондорду жегендерди куткарып, тоок уурдагандар менен түрмөлөрдү толтуруп келгендиги менен көпчүлүктүн көңүлүнө көк таштай тийди. Ошондуктан тазалоону соттордон баштоо керек” деген кабарларын таратты.

“Жаңы агымдын” жаңы санына Алым Токтомушевдин “Төртүнчү бийликтин төркүнү башка...” деген, “Азаттыктын” деректири Венера Сагындык кызынын “Азыр кимиси оппозиция, кимиси бийлик өкүлү экенин ажыратуу кыйын” деген аталыштар менен маектери жарыкка чыкты.

Гезитте кыргыз окурмандары окуп кое турган дагы бир макала “Кечээки кедей Грузия бүгүн кантип байыды?” деп аталат. Кыскача мисал келтире кетели.

Учурда Грузияда орточо айлык акы – 250-300 доллар. Пара алган адам 6 жылдан 9 жылга чейин кесилет. Полицияга 19 жаштан 35 жашка чейинки жаштар гана кабыл алынат. 15 мүнөттө виза алып, 13 мүнөттө жеке ишкана ача аласыз.

Грузия мындан 5 жыл мурун дүйнөдөгү эң коррупциялашкан, криминалдык мамлекеттердин бири болгон. Өзүн “мыйзамдуу уурумун” дегендерди камоо тууралуу буйрук чыгары менен уурулардын 80 пайызы Россияга качып, жок болушкан. Президент Саакашвилинин темирдей бекем эркинен жаралган күчтүү тартибинен улам, түрмөдөгү “кримавторитеттердин” баары атылган соң тартип орноп, түрмө да кынына кирген.

Ошентип бизге оп-окшош Грузияны Кудай кантип колдоп, кантип өнүгүп-өсүп жаткандыгын билгиңиз келсе, бүгүнкү “Жаңы агым” гезитин барактаңыз.

“Саясат” гезитинин “Азаттык” радиосунан көчүрүп жарыялаган интервьюсунда орус журналисти Аркадий Дубнов кыргыз элитасынын көпчүлүгүнөн көңүлү аябай калганын, аларда Кыргызстандын келечеги үчүн жоопкерчилик деген нерсенин такыр эле жоктугун байкаганын, бирок өкмөт жаңы жылга дейре түзүлөт деген ойдо экенин айткан.

Аталган басылма андан ары келерки президенттик шайлоого Алмазбек Атамбаев, Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров өңдүү саясатчылар эмитен кам көрө башташканын да шардана кылды.

Гезит генерал Артур Медетбековдун “7-апрелде элге карай окту “Альфадан” башка топтор атышкан” деген ат менен маегин сунуштады. Кандуу окуянын чоо-жайына токтолгон генерал ошондогу ок атуу Күзөт кызматынын төрагасы Жаныш Бакиевдин түздөн түз буйругу менен болгонун, анын пикири боюнча окту Ак үйдөгү аскерлер чыгарышы да мүмкүндүгүн, кандай болгон күндө да дагы тереңдеп изилдей турган жагдайлар бар экенине, анткени аянтта Жаныш Бакиевдин граждандык тобу, Максим Бакиевдин да өзүнчө тобу эл менен аралашып жүргөндүгүнө көңүлдөрдү бурган.

“Алиби” гезити бүгүнкү санын айыпталып аткан 28 адамдын аты-жөнүн, алардын кайда, кандай кызматтарда иштегенин тастыктаган маалымат макаласы менен ачты.

Ушул эле сот жүрүшүнө өз пикирин гезит аркылуу академик Жамин Акималиев, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу, саясатчы Бегиш Ааматов, окумуштуу Советбек Байгазиев, куудул Келдибек Ниязов билдирген.

Эшимкановдун эмне кылып атканы, эрөөлдөшкөн эки нарындыкты элдештире коем деп башы жарылып Акматбек Келдибековдун ооруканада жатканы, “Бүгүнкү депутаттардын көпчүлүгү принциби жок маңкурттар, саясаттан акча өндүргөн чайкоочулар” деп айткан вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун маегин да ушул санда.

“Форум” гезити макалаларынын басымдуу бөлүгүн Бишкекте башталган сот жүрүшүнө багыштаган. Аталган басылмадан Оксана Малеванная тууралуу “Бошотпош керек, бошосо боорго тебет” деген, күнөөлөнүп жаткандар тууралуу “Элмурза Сатыбалдиев, Оксана Малеванная, Каныбек Жороев, Нурлан Турсункуловдор шыбырашып сүйлөшүп, ооздору кулакка жеткенче күлүп олтурушту. Ал эми темир тор ичиндеги Нурлан Темирбаев менен Бакыт Калыев чөнтөк телефон менен улам-улам сүйлөшүп атканы элдин кыжырын келтирди” деп жазды.

Сот ишин чагылдырган макалалар: “Рыспек Нагаев адвокаттардын “атаманыбы?”, “Кылмышкердин улуту болбойт”, “Кылмышкерлерге бийликтин соту эмес, элдин соту болсун!” деген аталыштар менен басылып чыкты.

Атактуу жазуучу Насирдин Байтемировдун жесиринин арыз-муңу да ушул санда. Акыбалы, жашоо-турмушу оор экенин баяндаган Мария жеңенин арманы: “Сөөгүм батирден чыгып, жерге кепини жок кетемби деп корком...” деген ат менен тартууланды.

“Кыргыз руху”
гезити 7-апрелде кайтыш болгондордун жакындарынын ой-пикирлерине орун берди.

“Мекен шейиттери” коомунун өкүлү Сымбат Алмазбекова: - Күнөөлүүлөрдүн баары жазаланышы керек. Биз соттун туура эмес чечим чыгарышына жол бербейбиз,-деп;

Эмилбек Ниязалиев: - Элдин кыжырын соттолуп жаткандардын тойго келгенсип, аскер формасын кийип, медалдарын тагынып олтургандары болду. Буларды өмүр бою түрмөгө кесиш керек. Эски бийликтин тушундагылардын алган жазасы азыркы түзүлө турган өкмөткө сабак болушу керек,-деп;

Шаар тургуну Гүлнур Аманкулова: - Мен азыркы бийликтегилерге эмнегедир нааразымын. Сот болот деп качантан бери айтылып келе жатат, анан эле адвокаттар биз иш менен тааныш эмеспиз деп чыгышты. Эгер бийликтегилер канкорлорду сот жообуна тартыштан коркуп аткан болсо, күнөөлүүлөрдү биз өзүбүз жазалайбыз. Оюнду баштабасын. Кыргыз эли эми мындан ары ойнобойбуз,-деп айтты.

“Кыргыз туусу”
гезити да сот жүрүшүнөн тартылган фотосүрөт менен жаңы санын окурмандарга сунуштады.

“Майнабы жок мекемелерден кутулуу керек” деген макала аты эле айтып тургандай бирин-бири кайталап, бирок эч нерсени чечпеген бийлик түзүмдөрү жөнүндө кеп козгогон.

Кыргызстандын тоо-кен өндүрүшчүлөрү менен геологдорунун көз карашын билдирген макала “Жерүй айтканын аткарган жок” деп аталат.

Мырзакат Тыналиевдин “Кайырмак гана түгүл, сөөлжанды” да беришти, а биз өз кардыбызды тойгузганды үйрөндүкпү?” деген суроонун жообун издеген. Журналист рынок экономикасына канча жылдан бери ылайыкташа албай, жаңы доорго аралашайын, иш жасайын деген карапайым калктын жолуна көчкү болуп, дыйкан, фермелердин, ишкерлердин канатын кыркып келаткан чиновниктердин алкымдарынын аңгектигин, кулкундарынын кудуктугун баяндайт. Ушундайлардын айынан Кыргызстан жарыбай, ордунан очорулуп туралбай, оңолсун, турсун деп жардамга берилген миллиарддаган чет өлкөлүк уюмдардын акчалары кумга сиңген суудай жок болуп жаткандыгын жазган.

Ошентип чет өлкө “балыкты кармап жегин” деп колубузга кайырмак берсе дагы, кармап жей албай, “кармап бер, анан жеймин” деп жерден туралбай келаткан өнөрүбүз ушул макалада ашкереленет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG