Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Бүгүн жарык көргөн “Дело № ...” гезити макалаларынын негизги бөлүгүн Бишкекте болуп жаткан сот жүрүшүнө арнады.

“Тургула, сот келатат...” Мына ушул аталыш менен 7-апрелдеги кандуу окуяга байланыштуу Бишкекте өтүп жаткан сот жүрүшүн баяндаган макала менен басылма жаңы санын ачты.

“Соттолуучулар” деген ат менен 28 адамдын аты-жөнү, мурдагы ээлеген кызмат даражасы менен тизмеси басылып чыкты. Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев башында турган тизме уланып отуруп, "Альфанын" кызматкери - үй түрмөсүндөгү Медет Исаков менен аяктаган...

Көп сандаган фотосүрөттөр жарык көргөн. Алардын арасында 7-апрелде “шыпшайдарлардын” колунан ажал тапкан Илья Шияндын кара жоолук салынган апасы менен эжеси, анын Алматыдан Бишкекке окууга келген баласы да бар.

Сот күндөлүгүн журналист Артем Петров тартуулаган.

Гезит кабарчылары качып кеткен президент К. Бакиевдин адвокаты Ирина Камарда менен маек курган.

Кабарчылардын: - Сот канчага созулушу мүмкүн деп ойлойсуз?- дегенине:

- Менин оюмча жарым жылга чейин. Анткени жабыр тарткандардын, күбөлөрдүн, эксперттердин баарын бирден сурап чыгуу керек,-деп:

- Сиздин адвокат болгонуңузду Курманбек Бакиев билеби?-дегенге:

- Чынын айтсам билбейт экем, эми мындан ары угат болуш керек,-деп;

- Күнөөлөнүп жаткан адам менен байланышпай туруп, аны коргоого боло береби?-дегенге:

- Жок, болбойт. Сотто коргоп аткан адамың менен сөзсүз байланышта болушуң керек. Ансыз мүмкүн эмес,-деп;

- Бакиев эми мындан ары сиз менен байланышка чыгат деп ойлойсузбу?- дегенине:

- Эмне үчүн чыкпасын? Ал эмдигиче сот болуп жатканынан кабар алды болуш керек деп ойлойм. Кокус ал мени Минскиге чакыртса, барып келүүгө даярмын,-деп жооп берди.

Дагы бир интервьюну кабарчы 384 жабырлануучунун адвокаты болгон Осунбек Жамансариевден алды. 7-апрелде анын 25 жаштагы жээни Мирлан Жамансариев окко учкан.

-Жалданма-көзгө атарлар жөнүндө көп сөз болгон эле. Азыр деги эле алардын бары-жогу тууралуу унчукпай калышты. Болгон эмес деп да айтып жатышат. Буга эмне дейсиз?

- Деги эле жалданма-снайперлер болгон эмес деп ойлойм. Эгер болгону чын болсо аларды жашырып коюу мүмкүн эмес эле. Анын үстүнө Бакиевдер мындай болуп кетет деп эч качан күткөн эмес. Демек жалданма-снайперлерди да жалдаган эмес. Жалданма-снайперлерге басым жасагандар, атайылап ишти башка өңүткө буруп кетүүнү көздөгөндөр. Жакында көрөбүз. Атылган ок аркылуу эле кимдер атканын аныктап койсо болот, ал кыйынчылыкка деле турбайт,- деди жабырлануучулардынн адвокаты Осунбек Жамансариев.

“Дело № ...” ошондой эле бүгүнкү санына Кыргызстан Москвадагы Бүткүл орусиялык көргөзмө борборунан арендага жер алганын, мындан ары ал жерде Кыргызстан чыгарган товарлар коюлуп, өзүнчө бир бизнес-борборго айланарын өлкө президенти Роза Отунбаева билдирди деп кабарлады.

Келе жаткан жылы КМШ өлкөлөрү өзүнүн 20 жылдыгын белгилемекчи. Мына ушул тойго карата Москванын борборунда көргөзмө уюштурулуп, КМШ өлкөлөрү ал жерден 50 жылга арендага орун алса болорун, аренда акысы болгону 1 рубль экендигин Путин өзү билдиргенин маалымдады.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары Ош шаарынын мэри өзбектердин үлүшүндөгү жерлерди жери жок кыргыздарга алып берип жатат деп жазып чыгышканын “24.kg” маалымат агенттиги аркылуу Мелисбек Мырзакматов өзү төгүнгө чыгарды” деп жазды “Дело №...”

- Бул деген ар дайым мени каралоого жасалып келаткан карөзгөй аракеттер. Анткен менен июнь окуясын кимдер жасаганын, анын артында кимдер турганын эл эң сонун билет,-деди ал.

- Бул эми кимге керек эле?-дегенге Мырзакматов:

- Саясый атаандаштарыма керектир. Балким, мени кызматтан алып салгысы келген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө керектир,- деп айтты.

Мелис Мырзакматов андан ары Оштогу басылып алынган жерлер жеке эле өзбектер эмес, кыргыздар менен түрктөргө да таандык экендигин, үй маселеси чындап эле өтө оордугун, албетте маселени жер басып алуу менен эле чече койгонго болбостугун, ошондуктан жаңы Жогорку Кеңеш ишке кирери менен 2025-жылга дейре Ош шаарын өнүктүрүү концепциясын колдоо демилгеси менен чыгарын, ал демилгеде шаардын чек арасын 14 миң гектарга кеңейтүү каралаганын, ошол чечилсе үй маселеси да жеңилдерин билдирген.

Гезиттеги окурман көңүлүн бура турган дагы бир макала: “Парламентке атургай кылмыш менен катышы бар адамдар келгенин президент Отунбаева да мойнуна алды” деп аталды.

Президент Роза Отунбаева прокурорлордун кесиптик күнүндө сөз сүйлөп:

- Жеке менчиктерин рейдердик жол менен басып алгандарга прокуратура органдарынын көз жумду мамиле жасап келатканын мага көп айтышат. Түштүктөгү массалык башаламандыкта тартылып алынган менчиктер өз ээлерине кайтарылып берилиши керек. Мен рейдерчиликке айрым прокурорлордун өздөрү катышып жаткандыгы жөнүндө уктум. Мындайларга токтоосуз катуу чара көрүү зарыл. Жаңыдан өйдө туруп келатабыз. Ушул жуманын аягына чейин буюрса өкмөт түзүлүп, иштей баштайт. Ошондо биз бизнесмен-прокурорлорго, рейдер-прокурорлорго, мыйзамдын тили менен эмес кылмыштын тили менен сүйлөп калган прокурорлорго бөгөт көюп, аларды катуу жазалайбыз,-деди.

Президент кылмыштуулук өскөнүн, алтургай кылмышкерлик деген дардаңдап ачыкка чыгып, саясатка аралашып, коом кандай жашаш керектигин үйрөткөнгө өткөнүн, орган кызматкерлери дал ушундайлар менен күрөшүп, ушундайларды жазага тартуу керектигине басым жасап: "айрымдар мандатка жашынгысы келүүдө. Биз мындай жол менен парламентке келгендигине карабастан мыйзамга чакырабыз.

Дагы бир нерсени айта кетейин. Мен кээ бирде прокурорлордун кабинеттерине барып: “Мен баланчадан келдим, мен түкүнчөдөн келдим, мен Отунбаевадан келдим” дегендер бар деп угуп атам. Бир дагы иштерде менин кызыкчылыгым жоктугун айтып коеюн. Кылмыштуу андай иштерге менин балдарым да, бир туугандарым да аралашкан эмес жана аралшпай тургандыгын, ошондуктан тигил же бул иш мамлекет башчысынын ишараты менен болуп жатыптыр дегендердин баары карандай калп экендигине ишендирип кетейин, кокус ушул өңдүү проблемалар кездешсе дароо мени кабардар кылышыңар керек",-деди президент Роза Отунбаева.
XS
SM
MD
LG